“Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев кыргыз элинен кечирим сурады” деп кабар тараткан ”Учур” гезити аркылуу кабарчынын суроолоруна жооп берген шаар башчысы Н. Түлеев, "Ала-Тоо" аянтындагы “нескарачылардын” эстелигине элдин нааразылыгы чыгары менен эле скульптор Тургунбай Садыков менен байланышканын, а киши “ушундай болуп калды, мен да билбей калыптырмын” деп жооп бергенин, анан айкелдерди дароо алдырып салганын, вице-мэрлер Филатов менен Иманалиевага сөгүш берилип, шаардык бюджеттен айкелдер үчүн жумшалган 520 миң сомду 3 айдын ичинде кайтарып берүү милдети жүктөлгөнүн, эми айкелдер элдин пикирин эске алуу менен таштан чегилип жасаларын айтып чыкты.
Жалпысынан "Ала-Тоо" аянтын кайра жасалгалоо үчүн 15 млн. сом жумшалганын “Азаттыктын” окурмандарына маалымдай кетели.
Ушул эле “Учур” гезити кыргыз тили каймана маанидеги сөздөргө өтө бай тил экендигин, айрым убакта “накта баатыр экен” деп оң мааниде айтылса, айрым убакта “накта экенсиң” деп шылдың мааниде да айтыларын, кээде ушул өңдүү сөздөр президент К. Бакиевдин беделин кетирип келаткандыгын белгилеп, аны жакындан бери “Бакиев накта президент” деп илинип калган сүрөт тактанын мисалында кеп кылган. Гезит андан ары “Ак жол” деген сөздү тескерисинен окуса “ложка” деп окулуп, даяр нерсени кашыктап жеген дегендей маани берсе, “накта” деген сөз “аткан” деген маанини берип, 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясына мурдагы президент А. Акаев менен агездеги өкмөт башчысы К. Бакиев дагы жооптуу экендиги айтылып, жазылып келгенин эске салып, “бул тагдырдын белгисиби?” деген суроону койгон.
“Дил мүрөк” деп аталган коомдун жетекчиси Өзбек ажы Чотоновдун “Аялга кол көтөрүү “нормальный” эле иш” деген аталыштагы интервьюсу, Самсаалы Четимбаевдин “Шор” деп аталган макаласы жарыяланды. Алдыдагы шайлоого баам салган Самсаалы мырза “Натыйжада эл экиге бөлүнүп калды. Эмитен эле региондордогу “атамбаевчилерге” кысым жасалууда, ага каршы спортчулар, ОБОНдор, дүжүрлөр даярдыктарды көрүшүүдө. Образдуу атйканда күн бүркөлчүдөй. Болбой эле саясый кырдаал чатак жолго тартып баратат” деп жазды.
“Ачык саясат” гезити талапкер Алмаз Атамбаевдин түштүктөгү үгүт иштери азырынча үзгүлтүккө учурай электигин, анын сүрөттөрүн дароо алып ыргыттырып, бут тосушканы менен эл жолугушууга мол жыйналып, алтургай ак калпак кийгизип, чапан жаап, азыртан эле ажо шайлап ийип атышканын, Ирандагы адам канын төккөн шайлоо чатагы Кыргызстанда да кайталанышы мүмкүн, бирок кан төгүлбөй эле койсун, адам өлүмү менен аяктаган шайлоонун шамалын келтирбей коюунун бир гана жолу бар, ал таза шайлоо деген ойго басым таштаган. Ошону менен бирге эле мурда күнү Жалал-Абад, кечээ күнү Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушкан Алмаз Атамбаев 23-июль күнү шайлоо бюллетендерин саноо үчүн 100 миң кишини алып чыгарын билдиргенин, Жогорку Кеңештин социал-демократтар партиясынан депутат Жусупжан Жээнбеков мандатынан баш тарткандыгы тууралуу маалымат таралганын, аны ал өзү таратканын, бирок кечээ түштөн кийин фракция жетекчиси Бакыт Бешимов менен жолуккандан кийин Жусупжан Жээнбеков кайра ордунда кала турган болгонун кабарлады. “Такталбаган маалыматтар боюнча Жусупжан мырзага бийлик тараптан аябай эле кысым болуп жатыптыр” деп жазды гезит. Булардан тышкары “Шерали хан жана Кокон хандыгы”, коомдук жана саясый ишмерлер Касым Исаев менен Мирослав Ниязовдун “Бийликтин бутагы эл эмес, Бакиев”, “Петровка чатагы же энелердин арманы...”, “Унутулган убада, алданган эл, коркунучтуу келечек же президентке ачык кат” аттуу макалалар жана маектешүүлөр менен да танышууга болот .
Гезитте “Чоң оюндун” акырында орустар америкалыктардан куулук кылды” деген ат менен баяндамачы Эртабылды Аттокуровдун макаласы, Алмаз Атамбаевдин Баткен дубаны боюнча шайлоо штабынын башчысы Ташболот Балтаебаевдин “Баткенде шайлоо комиссиялары мыйзамсыз жол менен түзүлгөнүн” билдирген маеги да бар.
“Кыргыз туусу” гезити “Жаманды – коногу, жардыны –бойдогу бийлейт болбойлу” деген чакан макалага орун берди. Макаланын автору И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин профессору Надырбек Жуманалиев. Автор кыргыздардын ашкере боорукер калк экендигин, эзелтен эле башка жактан куулуп, тентип келгендерди бооруна тартып, батырып келгенин, бирок мындай бооркердик көп учурда боорго тебүү менен аяктап, акыры өз башына муш болуп келатканына коомчулуктун көңүлүн бурат. ..16 жылдагы Улуу Үркүндө, өткөн кылымдын 90-жылдарындагы Ош коогалаңында, мурдагы жылдагы Чүйдүн Искрасында, ушул жылдын 26-апрелиндеги Петровка айлындагы окуялар “жаман үйдү коногу бийлейт” болуп, жергебиздеги башка улуттун өкүлдөрү чектен чыккан жоруктарын көрсөтүп келаткандыгын далилге тартат. Петрвока жаңжалынын чыгышына Өзбекстандан жер которуп келген күрттөр күнөөлүү болсо да, күч органдарынын айрым таза эмес өкүлдөрүнүн айынан бүгүн чыныгы күнөөкөрлөр эмес, бейкүнөө адамдар жазаланып, камалганын эске салган профессор “Эмне үчүн кыргыздар өз жеринде кор болушу мүмкүн?” деп суроо коюп, биринчиден, жергиликтүү бийликтин кайдыгерлиги, экинчиден элибиздин алиге чейин уруу-урууга бөлүнүп, ынтымагы жоктугу деген бүтүмгө келген.
“Көк асаба” гезити Бишкек шаарынын №64 үйүнүн жашоочуларынын президент К. Бакиевге кайрылуу катын жарыкка чыгарды. Кат жазган адамдар Токтогул атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы “Жаштар аллеясынын” тагдырына түйшөлүп, жакында 1000 чарчы метр аянтты ээлеген сейил бак майкандалып, 9 кабат үй салынары белгилүү болгонуна, ансыз да мындагы жаштар үчүн жасалган аллея бузулуп, ой-келди салынган көп кабаттуу тамдарга толо баштаганына, шаар бийлиги борбордо ачык эле жер болсо шашылыш сатып жиберип атканына нааразы болушкан. Гезит мындан тышкары мударис Кусейин Исаевдин “Ачкөз саясат жана аңгемелешүү мамилеси” аттуу макаласын, “Залкар Болот Бейшеналиев” аттуу баянды, “Ак жол” партиясынын мүчөсү, депутат Ибрагим Жунусовдун “Парламент тараса, партия менен болом” деген интервьюсун тартуу кылды.
Гезиттен ошону менен бирге эле Эмлис Жумабаев жана Кубан Чороев деген азаматтар интернет-дүкөн “ачып”, үч жылдан бери кыргыздын кол өнөрчүлүгүн чет өлкөлөргө таанытып, айрым буюмдарды экспорттоп турушарын баяндаган макаланы да окууга болот. Сандан-санга жарыяланып келаткан кара сөз чебери Ашым Жакыпбектин “Теңири Манасы” да ушул санда. “Жандын кубаты жана куунагы актыкта” деп аталган макалада “Актык” суусундугунун дарылык касиети тууралуу сөз жүрөт.