Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Түгөнө турган эл белең?..


Гезиттер негизинен АКШ авиабазасы, шайлоо, президентикке талапкерлер, чек ара маселелери жөнүндө жазып чыгышты.

“Агым” гезити ушу тапта Өзбекстандын маалымат каражаттары Кыргызстанды жамандаган материалдарды массалык түрдө баса баштаганын, мунусу тегин жерден эместигин белгилеп, Мурат Жураев менен аңгмелешкенде Жогорку Кеңештин депутаты, ушунун баары алдын ала ойлонуштурулуп жасалып аткан иш деп эсептээрин, талаш суу менен ГЭСтен чыгып атат деген менен Камбар-Ата жөн эле шылтоо экендигин, жагдай эми мындан ары да күчөөрүн, Талас облусунан да кичинекей Анжыян облусунда 2 млн. 400 миң калк жашаарын, ал эми жалпы Фергана өрөөнү боюнча 12 млн. калк барын, эл батпай баратканын, демек ойлоно турган жагдайлар көп экенин жар салды.

Мурат Жураев андан ары: “Кыргызстанда 5 млн. эл бар, анын 2 миллиону түштүктө деген менен, чынында мындай сандагы эл жок, кеминде эле 500 миңдейи сыртта жүрөт, калган 1,5 млн. калктын тең жарымы башка улуттагылар болсо, өлкөнүн түштүк аймагында азыр болгону 700 миңге жетпеген кыргыз калды, ошол эле убакта Ош менен Жалал-Абадда 800 миңге жакын өзбек жашайт” деп айтты.

Кабарчы: - Абалдан чыгуунун кандай жолу бар?

М. Жураев: - Абал оор. Азыр Кыргызстан сакталып калсын дегенге коңшу өлкөлөрдүн бири да кызыкпайт. Эгер чатак чыгып, Түштүк Өзбекстанга өтчү болсо, бул Казакстанга да жагат. Анткени Түндүк Кумтөрү, Көлү, Чүйү менен казактардын колунда калат. Ошол эле учурда Баткендин талаш аймактары биздики болот деп тажиктер унчукпайт. Биримдикке келип, экономиканы өнүктүрүп, башкалар менен тең ата сүйлөшмөйүн ыдык көрө беребиз.

Депутат мырзанын байкашынча Кыргызстандын келечеги үч багыттагы сценарий аркылуу кетиши мүмкүн. Биринчиси жана эң эле коркунучтуусу – мамлекет катары жок болуп кетиши мүмкүн. Экинчиси, эгер президент шайлоодон кийин реформа кылам десе күчтүү президент, күчтүү өкмөт, күчтүү парламент түзүп, коррупцияны чындап эле азайтып, орто класстагы катмарды түптөшү керек. Ал эми үчүнчү жолу – жүз жыл мурдагыдай Орусиянын бутуна жыгылып, конфедерация катары курамыңарга кирели, силер бизди коргоп бергиле деп кошулгандан башка арга жок...

“Эркин тоо” гезитинен акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Памир кайрыктары же Мурза акенин акыркы кыялы” аттуу лирикалык баянын, Чыңгыз Айтматовдун балалыгын эскерүүсүнүн уландысын, туризм боюнча тегерек үстөлдөгү талкууну, “Кыргыз радиосу” тууралуу УТРК баш деректиринин орунбасары Асел Мамбетованын маегин ж.б. окууга болот.

“Бакиевди шайласак, эл эркинен 10 жылга ажырайт”. Белгилүү саясатчы, ЖК депутаты Роза Отунбаева бүгүн жарык көргөн “Кыргыз руху” гезити аркылуу маегинде ушинтип айтты. “Шайлоодогу үгүт кампаниясын толугу менен мамлекет эсебинен жүргүзүп жатат” деп эсептеген Р. Отунбаева Бакиев Таласка эки саатка учуп барганда жергиликтүү аткаминерлер үч күн тынбай тамак-аш, этин даярдаганын, УКК менен ИИМ тизме тактап, Бакиевди жактырган элди терип тандап, чоочундардын колун кайрып, кечке милийсада кармап олтурганын кеп кылган.

Азыркы бийликке өзгөчө маңкурттук мүнөздүү көрүнүш деп баалаган Роза айым, Дооронбек Садырбаевдин жылдыгы май айына, Чыңгыз Айтматовдун жылдыгы июнь айына туш келгенин, куран окутканда экөөнө тең бийлик өкүлдөрүнүн бир да басып барып бата кылганга жарабаганын, Жалал-Абадда төрөлгөн Чыңгызга, Ала Тоодой бийик адамга орус драмтеатрынан башка эчтекени ыраа көрбөй жаткан бийликтин караңгылыгын, сабатсыздыгын, маданияты жоктугун айтып какшаган.

Ушул эле гезиттеги маегинде Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Динара Молдошева президенттик жарышта К. Бакиевдин талапкерлигин колдой тургандыгын билдирди.

“Кыргыз туусу” гезити профессор Үмүт Култаеванын “Жуңго сапары” аттуу жолбаянын, кытайдан алган таасирлерин жарыялоону уланткан. Акин ажы Токталиевдин “трай- балээ-изм!” аталган макаласы кыргыздардын уруу-урууга бөлүнүүчүлүгүн сынга алган. К. Карасаев атындагы БГУнун ректору А. Эргешовдун президенттин билим берүү концепциясын колдогон макаласынын аты “Билими күчтүү миңди жыгат...” деп аталат.

Гезит ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү билим министри куттуктаганын, “Шаттык” бий ансамбли менен Теңир Тоонун таланттуу балдары Түркияга барып өнөр тартуулап, жеңиштүү кайтканын кабарлайт. Мындан тышкары “Жаныбек казы”, “Калыгул казы” аттуу тарыхый макалалар, эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун Айтматовдун нускоолорунан жыйнаган “Насыяты”, жазуучу Казак Акматтын “Айтматовдун трагедиясы дүйнөлүк алкакта жатат же улуу жазуучуга реквием” деп аталган баяны жарыяланган.

“Ачык саясат” гезити 1- бетин “Руслан Шаботоев капкачан өлтүрүлгөн”, “Мага жулунган аялдарга Исаев 100 доллардан берип жалдаган экен” деген аталыштагы темалар менен ачты. “Мамлекет башчысынын короосуна ыргытылган таш” деп аталган макаласында журналист Эртабылды Аттокуров “К. Бакиев накта президент” деген сүрөттүү тактага жазылган сөздү талдоого алат.

Автор бийликтин патриясы болгон “Акжол” да тескери окуганда “Ложкага” айланганын, чын эле бул партиядагылар “жатып ичер” “Ложка” экенин тастыктаганын белгилейт. Ал андан ары 2005-жылдын 24-марты элдин эсинде “Морадерлордун Күнү” катары калганын, Үсөн Кудайбергенов, Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек менен Рысбек Акматбаевдар, спортчу Раатбек Санатбаев жана башка эчендеген азаматтар атылып жок болгонун эстейт.

Э. Аттокуров Аксы окуясын эске салып, “ ... маркум Д. Садырбаев депутаттык мандатын тапшырарда Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрү деп ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиевдин атын ачыкка чыгарган, ушуларды эске алган шайлоо үгүтчүлөрү эл өзү түшүнүп алар деп “Бакиев накта президентти” “Бакиев “аткан” президент” катары деген максатта көргөзгөн сыяктанат” деп жазды.

“... казактар Каркыраны биздики деп талашып, расмий түрдө шарт койгон эмес. Дегеле Каркыра байыртан бери кыргызга таандык экенин моюнга алышчу. Маселен казак тилинде “каркыра” деген сөз жок. Каркыраны казактар “тырна” дейт “ деп жазды ушул эле гезитке Ош шаарынын тургуну Акылбек Чамашев.

Акылбек мырза макаласында Каркыра менен 4 пансионаттын тагдыры Акаев убагында козголгонун, бирок ошол кездеги Жогорку Кеңештин күчтүү каршылыгынан улам өтпөй калганын, анан К. Бакиев президент болуп шайланары менен Акаев аягына чыкпай калган ошол иштерди аягына чыгарып, 2006-жылдын 4-июлунда Астанага барып, Ысык-Көлдөгү пансионаттарды казактарга менчик кылып берүү макулдашуусуна кол койгонун, анан Акаев доорунда кыргыз жеринин бир метри кетсе дзотко төшүн тосчудай болгон

Адахан Мадумаров башкарган Жогорку Кеңеш Кыргызстанды Каркырадай тарыхый жеринен айырган документти ратификациялатып бергенин, кыргыз жеринин казактарга кетишине айрыкча депутаттар Зайнидин Курманов, Бегалы Наргозуев, Элмира Ибраимова өңдүү депутаттар өзгөчө эмгек сиңиргенин сөз кылып, “Эми К. Бакиев кокус кайра шайланып калса дагы кандай “сюрприздерди тартуулайт, ким билет” деп каңырык түтөгөн суроо менен макаласын жыйынтыктаган.
XS
SM
MD
LG