Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Тогуз ондон, сот сомдон “өлөбү?”


Нурлан Мотуев "Кыргыз туусундагы" маегинде эң төмөнкү айлыкты, пенсия менен пособиени 10 миң сом кылууга убада берип, бул деген фантастика эместигин, коррупционерлерди, маселен ректорду, министрди бардык тармактан кармап, 30-40 жыл түрмөгө тыгып, үй-мүлкү
Нурлан Мотуев "Кыргыз туусундагы" маегинде эң төмөнкү айлыкты, пенсия менен пособиени 10 миң сом кылууга убада берип, бул деген фантастика эместигин, коррупционерлерди, маселен ректорду, министрди бардык тармактан кармап, 30-40 жыл түрмөгө тыгып, үй-мүлкү

Гезиттердин башкы темасы жакындап келе жаткан шайлоо өнөктүгү жана террорчулук жөнүндө болду.

“Америка №1 террорчу Бен Ладендин башын 50 млн. долларга баалап, кечээ эле жөнөкөй талаа командири болуп жүргөн Бейтулла Мехсуддун башын 5 млн. долларга баалап, аларды таптыра албай жатса, биз, табылып, иши сотто турган террорчуну кайдагы бир 40 миң долларга бошотуп жиберип жатабыз. Ошол эле 40 миңге куткарылган террорчу кырчын жигиттин башын жутту” деп жазды бүгүн жарык көргөн “Кыргыз руху” гезити жакында Жалал-Абаддагы террорчулар менен болгон окуя тууралуу.

“Агым” гезити “Кыргызстанга жихад жарыялаштыбы?” деген ат менен Келдибек Назировдун макаласын тартуулады. Болуп өткөн Баткен окуясын эске салган журналист: “Азырынча террорчулук борбордон окуган, түбү кыргызстандык, бирок өзү Орусия жарандыгын алган бир гана жанкечти кармалды. Эгер Тахир Юлдашевдин Өзбекстан ислам Кыймылы эми Түркстан Ислам Кыймылы болуп кайра түзүлгөнүн эске алсак, жанкечтилердин мындай аракети улана берет шекилди. Себеби аталган кыймылда Кыргызстандын жарандары да көп экен. Тажикстанда күчүн чыңдап аткан Молдо Абдуллонун “мени Кыргызстандагы мусулман баурлардын тагдыры кызыктырат” депгенин эске алуу керек. Балким ал Ноокат окуясын айтып атса керек. Жогорудагыдай маалыматтардан негизинде жана акыркы 9 террорчунун өлтүрүлүшү менен Түркстан Ислам Кыймылы тарабынан Кыргызстанга да жихад жарыяланды десек болот” деп жыйынтыктайт макаласын.

Гезит ошондой эле ЖК төрагасы А. Тагаев кызмат орду менен коштошсомбу деп турат, анын ордуна У. Ормонов, А. Турсунбаев, З. Курмановдун талапкерлиги каралып атыптыр, бирок бу саам да Азизбек мырза жигиттик кылып баш тартыптыр деген маалымат таратты. Ушул эле гезит СДПК партиясынын катарынан чыгып кеткен депутат Жусупжан Жээнбековдун: “Алмазбек Атамбаев уулумдун кайда экенин билет экен…” деген аталыштагы маегин басты. Жээнбеков “Сенин балаң эчак эле өлгөн, Руслан Шаботоев да өлгөн, Шаботоевдин сөөгүн менин полковнигим тапкан, аны эртеси барып табалы деп атканда башка жакка көөмп салыптыр” деп эл алдында айтканын уктум. Атамбаевге “сен менин баламдын өлгөнүн, каерде экенин билсен, анда мага таап бер” дедим. Шайлоо өткөндөн кийин Алмаз Атамбаевден уулум тууралуу мыйзам чегинде да, жөн отуруп да сурайм” деп айтты.

Ушул эле Жалал-Абаддагы жаранын өзөгүн издеген “Эл сөзү” гезитинин кабарчысы Эрнис Балбаков : “… мынчалык ири суммадагы акча үчүн кыргыз соттору террорчу Х. Сулаймановду гана эмес Бен Ладендин өзүн деле актап жиберсе буга эч кандай деле таңгалуунун кереги жок. Террорчуну бошотуп жиберген Ош шаардык сотунун судьясы Рамазан Кожомкулов Сулаймановдун ишин караган-карабаганын “Азаттыкка”: “Аны билбейм эми. Караштырыш керек да. Биз бтр күндө канча иш карайбыз. Анын баары эсте калбайт да” деп жооп берген. Байкадыңызбы, урматтуу окурман! Кыргызстандын гана эмес, Орто Азия аймагынын коопсуздугуна байланышкан мындай өзгөчө маанилүү маселеде өлкөбүздүн сот өкүлдөрүнүн берген жообун. Өзүн өзү сыйлаган, орустар айтмакчы “нормальный” өлкөдө мындай иштери үчүн кызмат ордунан айдалганы мындай турсун, эчак эле соттолуп кетмек” деп баяндады.

Ушул эле гезит А. Атамбаев К. Бакиевди телебеттешке чакырганын кабарлады. Ошону менен бирге эле А. Атамбаевдин “Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөмүн” деген билдирүүсүн таратты. Алмаз мырза анысында: “Белгисиз себептерден капыстан ооруп, өзүмдү жоготконумду “мас абалда жолукту” деп жамандашты. Бул деген карандай калп. Бул ыплас материал Максим Бакиев менен Борис Березовскийдин досторунун гезиттери, телеканалдары аркылуу ишке ашырылды. Оппозициянын бирдиктүү талапкеринин беделин кетирүү үчүн бийлик ыплас чараларды көрүп жатат. Алар менин 2-аялы бар деген жалган маалымат менен жаманатты кылышты. Алардын айрым “кумирлигинен” айырмаланып, менин жалгыз гана жубайым бар, экөөбүз өмүр сүрүп келатканыбызга 20 жылдан ашты. Мен Кудайга ишенген адаммын, өз баласынан качкандарды эч качан сыйлабайм” деп билдирди.

Айтылуу ырчы Сагынбек Момбековдун “Атамбаев Ала-Букага барган эмес” деген маеги да ушул гезитке басылды.

Кабарчы: - УТРКдан Атамбаев Ала-Букада мас болуп алып элге чыгып сүйлөдү деп көрсөтпөдүбү. Ошонун калп-чынын тактап бериңизчи?

С. Момбеков: - УТРКнын калпын айтып берейин. 1-ден Атамбаев Ала-Букага барган жок. Алар Аксыга келишкен. Элди таң калтырган окуя Акман айлында болгон. Анткени Атамбаев конгон бөлмөдө бир балакет бар окшойт. Эртең менен эле мейманкананын ээси чыңырып чыкты: “Кетпейсиңерби, силер үчүн түндөн бери мени кыйнап жатышат!” деп. Алмаздар үч сааттай кечигип келди. Чын эле биринчи көгөн адамга мастай сезилген, жакшылап байкасак ооруп калыптыр.Төрт күндөн кийин айгып кетти. Кудай турат. Кудай алдында калп айта албайбыз.

“Таластагы ташбараңдын табышмагы”, “Тамаша Таластан башталабы?”, Трай-балээ-изм”, “Чубактын кунундай чубалжыган иштер же эл эмнеге ИИМ кызматкерлерине ишенбейт?” деген макалалар да ушул санда.

“Назар” гезити окурман көңүлүн “Президенттик шайлоонун “маэстролору” деген макалага бурган. “Кыл чайнашаар кыйын учурда ажо өзүнүн келечек жолун орус улутундагы кыз-жигиттерге тапшырганы кандай?” деп суроо коюп, президенттин шайлоо өнөктүгүнө сүрөөнчү болуп аткан Акүйдүн катчылыгын сынга алган. Эркин журналист Үсөн Касыбековдун бир макаласы “Рекламалар ташкыны” деп аталып, анда шайлоонун рекламалык рыногу бир гана К. Бакиев деп маарап турганын, маалымат каражаттарындагы үндөөлөрдөн тартып, көчө көрнөк-жарнактарына чейин Бакиевдин монополиялык үстөмдүгү орногонун, алтургай “Фергана ру” сайты “Бакиев” деген плакат чапталган үйлөрдүн баары Бакиевдерге тиешелүү, ошолордун ээлигинде деп какшыктап жазып чыканын билдирсе, экинчи макаласы президенттикке талапкерлер Ж. Назаралиев менен Н. Мотуевге арналган.

Шайлоого карата макалалардын топтомун баскан “Кыргыз туусу” гезити президенттикке талапкерлер Т. Үмөталиева менен К. Бакиевдин буга чейин жасаган жана жасап жаткан иштерин чагылдырган. Андан ары Боршайкомдун төрагасы Дамир Лисовскийдин “Биз мыйзамдын сакчылыгында ишенимдүү турабыз” деген макаласы сунушталган. Гезит кабарчысы Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Шайлоо: жүгүргөн жеңеби же буюрган жеңеби?” деп аталып: “Өлкө президенти У. Бакиевге олуттуу атаандаш боло ала турган, оппозициялык маанайдагы электорат арасында салмагы бар Ө. Текебаевдин президенттик ат салышууга чыкпай, анын ордуна харизматикалуулугу менен анча айырмаланбаган А. Атамбаевдин чыкканы өлкө башчысынын шаасын ого бетер жогорулатып койду” деп жазды. Гезит буга улай эле айрым эксперттердин пикирине орун берди.

Жолборс Жоробеков, саясый илимдердин доктору: - “Манас” аэропортундагы авиабаза боюнча АКШ менен теңата сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Албетте, ага атаандаш болуп аткан талапкерлерди мен өтө сыйлаймын. Ошентсе да реалдуу жеңиш К. Бакиевдики боло тургандыгы шексиз.

Марат Казакбаев, саясат иликтөөчү: - Быйыл мурдагыдай админстративдик ресурстар көп колдонулбайт деп айта алам. Бийликтегилер К. Бакиев өз кадыр-баркы менен атаандаштарынан жогору экенин сезип турушат, ошондуктан ресурсту колдонуунун зарылчылыгы жок. Эл да бейпилдикти, туруктуулукту каалап К. Бакиевге добуш берет.

Бул басылмага президенттикке талапкер Нурлан Мотуевдин маеги да жарыяланды. Эң төмөнкү айлыкты, пенсия менен пособиени 10 миң сом кылууга убада берген Мотуев бул деген фантастика эместигин, коррупционерлерди, маселен ректорду, министрди бардык тармактан кармап, 30-40 жыл түрмөгө тыгып, үй-мүлкүн конфискацияласа эле коррупция деген 1-2 жылда жок болорун, кудая шүгүр өзүнүн Кара Кечеден көмүр ташып саткан бизнеси, атайын соода орундары бар экенин, көмүр карьеринин биринде акционер экенин айтып чыккан. “Атаандаштарыңыздын арасынан кимисинен кооптонуп турасыз?” деген суроого Нурлан Мотуев “Албетте, күчтүүсү эле К. Бакиев, калгандары мен үчүн коркунучтуу эмес” деп жооп берген.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG