Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Тараза


Үгүт өнөктүгү гезиттерде башкы тема болууда.
Үгүт өнөктүгү гезиттерде башкы тема болууда.

Гезиттердин башкы темалары мурдагыдай эле шайлоо өнөктүгүнө арналды.

“Лица” гезити ЖК төрагасы Айтибай Тагаев менен көлөмдүү маектешүүсүн жарыялады. Төрага өзү башчылык кылган парламент үзгүлтүксүз, демократиялуу, ачык-айкын иштеп келгенин кеп кылган.

Ушул эле гезит журналист Ш. Давлеткелдиевдин белгилүү скульптор Тургунбай Садыков тууралуу “Тургунбай Садыковдун чалмакейи” аттуу макаласын басты. Автор Токтогул атындагы филармониянын алдындагы Садыков “жасаган” Манас байыркы орус элинин жомогундагы каарманга окшоп турганын, эгемендик келери менен борбордун "Ала-Тоо" аянтындагы Лениндин эстелиги Тургунбай Садыковдун чатына жумуртка басып, сол колуна бозүйдүн түндүгүн көтөргөн аял айкели менен алмашканын, бирок кыргызда эркеги жоодон кырылып жок калганда гана, арга жогунан аял киши түндүк көтөрөрүн эске салган. Акаев бийлигинин аркасы менен “эшик айкелчи” аброюна ээ болгон Т. Садыков, "Ала-Тоо" аянтындагы ошол аялдын образы аркылуу агездеги канайым Майрам Акаеванын элесин чагылдырган деген сөз азыркыга чейин ал арасында айтылып жүрөт дейт.

“Жакында Манастын же кыргыздардын душмандары – Коңурбай, Нескара, Шыпшайдар, Жолой, Мадыкан баш болгон айкелдердин "Ала-Тоо" аянтына туруп калышында мына ушул Т. Садыковдун да күнөөсү бар. Цементтен чампаланган 18 айкел шаар казынасынан 520 миң сомдун башын жутту. Ошентип скульптор Т. Садыков өлкөнүн бийлигин да, шаар бийлигин да аябай уят кылды. Демек кыргыздын монументалдык көркөм өнөрүн бир адамдын “жеке базарына” айлантуу аракетинен кутулуунун учуру келди” деп жыйынтыктайт автор аталган макаласын.

“Пресс kg” гезитине Боршайкомдун маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Жумагулов интервью берип, алдыдагы шайлоо ачык-айкын өткөрүлөрүн, 100дөн ашык эларалык байкоочулар аккредацияланганын, тагыраак айтканда 1000ге жакын эларалык байкоочу болорун айтты.

Кабарчы: - Үгүт иштери калыстык менен өткөрүлбөй жатат деген пикирлер бар...

Б. Жумагулов: - СДПКдан “азыркы президент К. Бакиевдин плакаттары Москва районунда көбүрөөк илинген” деген мааниде түшкөн арыз каралып, бул боюнча чыгарылган чечимге ылайык аталган плакттар алынган, жалпысынан шайлоого 20 миңден ашуун байкоочу көз салат, канча бюллетень урнага түшүп, кандай салынып жатканы баары көрүнүп турат. Боршайком шайлоону мыйзамдуу өткөрүү үчүн бардыгын жасап жатат.

“Айат пресс” гезитинин “Алдыдагы шайлоодо президенттикке кимди татыктуу деп ойлойсуз?” деген суроо салып, айрым атуулдардан төмөнкүдөй жооп алды.

Туристтик агенттиктин баш деректири Т. Мамашев: - Курманбек Бакиев татыктуу, өндүрүштү жакшы билет. Жөнөкөй жумушчудан баштап бийликтин бардык тепкичтерин басып өткөн. Президентибиз кандай абал жана кайсыл мезгил болбосун элибиздин келечеги үчүн зор салым кошо турган инсан.

ЖК депутаты Айнура Кенжебаева: - Курманбек Бакиевден башка татыктуу адам жок, себеби экономика күндөн-күнгө өсүүдө.

Кыргызстандын илимий урология борборунун деректири Акылбек Усупбаев: - Курманбек Бакиев Кыргызстанды алдыга жылдырып, тирилтип жатат.

ЖК депутаты Ибрагим Жунусов
:- Биздин бир эле президентибиз бар, ал учурдагы президентибиз Курманбек Бакиев. Жасап аткан иштерин айта берсе түгөнбөйт. Америкалыктар менен теңата сүйлөшүп, Кыргызстандын аброюн көтөрүп жатат.

Тарых музейинин деректири Жеңишбек Чынаев: - Талапкерлердин ичинен Курманбек Бакиевден өтөрү жок.

ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Кенч Абдиев: - Ойлонбой туруп президенттикке татыктуу деп президент Курманбек Бакиевди айтам.

Гезит андан ары Жогорку Кеңештин үч депутаты Зулхабира Бекенова, Ажибай Калмаматов, Турдукан Жумабекованын президент К. Бакиевди мактоого алышкан. Алар азыркы учурда Кыргызстанды алдыга сүйрөп кете турган андан бөлөк адам жоктугун, эгер ал президент болуп калса өлкөнүн эларалык деңгээли мындан дагы көтөрүлөөрүн, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарына киргенге 5-6 эле кадам калганын, Бакиев жүргүзгөн реформанын натыйжасында адамдар сотторго ишеним арта баштаганын кеп кылышкан.

Мындан тышкары Мырзабек Канат аттуу автордун президенттикке талапкер Ж. Назаралиевди сынга алган, Нурлан Тилебердиев аттуу автордун дагы бир талапкер Алмаз Атамбаевди жаманатты кылган макалаларын да гезиттин ушул санынан окууга болот.

Эми “Учур” гезитине келели. Гезит президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин Ысык-Көл дубанындагы жолугушууларына кенен орун берген. Балыкчыда 4 миңден ашуун киши келгенин, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери чыгып сүйлөп, аларды “Ак жол” партиясынын талапкерлерине иштөөгө мажбурлап атышканына карабай, мугалимдер Атамбаев үчүн добуш беришерин айтышканын, Чолпон-Ата шаарынын чыга беришиндеги жолугушууда айыл өкмөтү З. Үчкурткаев менен орунбасары А. Нургазиев экөө ызы-чуу кылууга даярдаган атайын балдарды эл сыртка сүрүп салганын, көлдүн түндүгүндөгү Ананьево айылы Атамбаевди сүрөөн менен тосуп алганын жазды.

Ысык-Көлдүн Покровка айылындагы жолугушууга район акими Тынчтык Чекиев, айыл өкмөтү Кубан Мухамбетов, “Ак жол” фракциясынын депутаты Кубанчбек Исабеков катышып, кезектеги провокация уюштурушканын, бир айым чыгып К. Исабековго: “Силердин күнүңөрдүн бүтөрүнө аз калды. Кылган ишиң үчүн, биздин балдарыбыздын жерлерин сатканыңар үчүн Кудай жазаңарды берсин деп тилеп жатам” деп катуу айтканын мисалга тартты.

Журналист Семетей Талас уулу А. Атамбаев тууралуу макаласын “Эл уулдары Алмазбекти колдойт” деген ат менен атап, аттуу-баштуу айрым жарандардын айткандарын окурмандарга тартуу кылды.

Кыргыз эл баатыры Сүйүнбай Эралиев:

- Байрак кармаар жетик бол,
Бакырларга кешик бол.
Бак-таалайга эшик бол.
Таразанын ташы бол,
Так чындыктын башы бол.
Айткан сөзүң жаа болсун,
Артың Теңир шаа болсун.
Калың кыргыз журтуңа,
Кадырың арткан баа болсун!

Акын Тургунбек Бекболотов: - Акаев доорунда авторитардык коррупциялык доордо жашасак, Бакиев учурунда Кокон хандыгынын доорунда жашап жатабыз. Мага жеткен маалыматтарга караганда Акманда Алмаз токтогон мейманканада ага дуба окутулган палоо беришкен. Тилекке каршы бул бийлик кара магияны колдонуудан да кайра тартпай калды. Мындай арам ыкма Африканын артта калган өлкөлөрүндө колдонулчу эле. Булар Атамбаев бийликке келсе уурулардын, коррупциянын кокосуна тыгылган сөөк болорун билип, коркуп, ошон үчүн жаманатты кылып жатышат.

Атамбаевди жактаган пикирлерин Чүйдүн Арашан айыл тургуну Тимур Кулумбаев, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, академиктер Омарбай Нарбеков, Дөөлөтбек Шадыбеков билдиришкен.

Жаалданган Ат-Башы эли жер чуусу боюнча барган 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго кайрылып: “Эгер 10-июлга чейин кытайлыктарды чыгарбасаңар алар салып алган 4 тамды өрттөп, өзүбүз кууп чыгабыз. 10-июлдан 20-июлга чейин Бишкек-Торугарт жолун тособуз. Эгер мында да маселе чекчилбесе Бишкекке жөө жүрүш жасайбыз. Каркыраны берсеңер эле Арпаны, Ак-Сайды да беребиз, эл деген баягыдай кала берет дейсиңерби. Ак-Сай, Арпа үчүн кан-жаныбызды аябайбыз. Ат-Башы эли кандай эл экенин ошондо көрөсүңөр!” деген ачуу кептерин айтышканын кабарлады. Эл сүрүнөн бозоргон Бабанов кытайлык жумушчулардын маселеси өкмөттө көтөрүлүп, Кытай элчилигине кабар жөнөтүлөрүн айтып тим болду. Ортодо жердештеринин ачуусун басайын деп келген акжолчу депутат Аскар Салымбековду “Сен губернатор кезде ушул жерлер 49 жылга кытайга ижарага берилди деген чынбы?”деп жарга такашты. Айтор кылымдардан бери кытай-манжууну Ала Тоого киргизбей, Ата Журттун бүтүндүгүн сактап келген жаангер мүнөз Ат-Башы эли бүгүн катуу турган чагы” деп баяндады.

Көз карандысыз саясат иликтөөчү Марс Сариев маегинин атын “Россияга Бакиев сыяктуу лидер жакпайт” деп атады. Сариев: “Орусия коомчулугу, анын ичинде аскер, өндүрүш тармагынын өкүлдөрү, Мамдуманын, Путин өкмөтүнүн көпчүлүк өкүлдөрү Бакиевге карата терс көз карашта. Ушулардын баарын эске алганда “Камбар Ата – 1” ГЭСинин курулушуна убада кылынган каражаттын бөлүнүшү күмөн. Анткени расмий Маскөө Кыргызстан жүргүзгөн “кош стандарт” саясатына ичи чыкпай калды, аларга Бакиев өңдүү лидер жакпайт. Ошондуктан Орусия “ставканы” оппозицияга жасашы мүмкүн” деди.

-Шайлоодон кийин элдин көтөрүлүшү мүмкүнбү?- деген суроого саясат иликтөөчү:

- Күзүндө нааразылыктын алгачкы эпкини башталат. Жазында оор экономикалык тартыштыктан күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттап, элдин көтөрүлүшү чыгып, абал оорлошу ыктымал. Орусия каржы траншын токтотуп, Америка “Манас" боюнча ижара акысын төлөбөй, келишимди жаңыртып түзбөй коюу коркунучу бар. Себеби эки тарапка кубулган хамелеондук саясатты ири державалар эч качан кечирбейт,- деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG