Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Убадамания


Шайлоого жакындаган сайын гезиттер башкы көңүлдү ушул өнөктүккө бурууда.

“Кыргыз руху” гезити “Талапкер жана шайлоочу” деген макала басып, “Эл башкарам дегендер бу кезде эзели буту тийбеген элет жерлерине чейин кыдырып, талапкерлердин биринин артынан биринин “гастролу” көбөйдү, эл да өзүнүн ким экендигин сезе баштады, бирок чын-чынына келгенде президентикке эки гана талапкер бар, ал – Алмаз Атамбаев менен Курманбек Бакиев” деп белгилейт. Макаланын аягында “Беш парзды аткарасызбы, Алмаз Шаршенович?” деген суроо менен гезит окурманы Абдрасул Мурадиловдун каты басылган.

“Агым” гезити Акүй Темир Сариевге кийинки парламентте 30 пайыз орун берүүгө убада кылган экен, аны менен эле тим калбастан ага И. Чудиновдун орду сунушталып атыптыр дейт деп, ушул эле Темир Сариев Ошто жолугушууда жүрүп, экс-президент Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келебиз демилгесин көтөрдү, Сариев Бириккен элдик кыймылдан бөлүнгөндө “Бакиев менен тымызын келишим түзүп алыптыр” деген ушак жармашты эле, чамасы Темикең экстер менен тандемдеш окшойт деп кабар таратты.

Ушул эле гезит аркылуу интервью берген Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин орунбасары Акылбек Түмөнбаев азырынча энергетикалык каатчылык болот экен деген эл арасындагы каңшаарды четке кагып, “андайга негиз жок” деп айтты. Журналист Зайырбек Ажыматовдун “Адашкан адамдар. Көчмөндөр цивилизациясы. Же биз тирүүбүзбү?” деген, Келдибек Назировдун “Парлмаент жакшысы адамдан эмес, мыйзамдан башталат” деген макалалары жарык көрдү. “Өз жерин чанган да кыргыз, жерге жетпей зарлаган да кыргыз...” аттуу Нурканбек Керимбаевдин макаласында кыргыз мандикерлеринин учурдагы абалы сөз болот.

“Кыргыз туусу” гезити, Мырзакат Тыналиевдин “Добуш берген да кээде утулат, ал эми добуш бербеген дайым утулат” деген макаласына окурман көңүлүн бурат. “Кийинки шайлоолор шайлоочулардын добуштарын акчага, аракка, тамакка сатып алмайды көнүмүшкө айлантты. Аны менен катар эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары ар кайсы деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын жардамы менен бурмалоолорго айланып, дал ушундай ыплас аркеттер 2005-жылдагы март төңкөрүшүнүн катализатору болгон” деп эстеткен автор элди эми кыргызчылыкка салып, “жөн эле...” деп жүрө бербестен, шайлоого активдүү катышууга чакырган.

Лейлектик дарыгер Раимжан Калматов гезитке жарыяланган катынын темасын “... Баарына Бакиев күнөөлүүбү?” деп суроо койгон. Раимжан мырза президент К. Бакиевдин бир журналистке жооп берип атып: “Кээ бирөөлөр алдына коюлган маселелерден эптеп кутулуу үчүн “аткарам”, “бүткөрөм” деп убадасын бере коет. “Карап көрөлү”, “Убагы келсе чечели” деп кете берет. Элдин алдында убада берип, бирок аны аткарбаган адамдын жетекчи болуп иштегенге моралдык укугу болбош керек. Азыркы күндө элибиздин бийликти сыйлабай калгандыгынын себеби да ушул, куру убадалар менен курсак тойгузган жетекчилер көбөйүп кетти” деп сүйлөгөн сөзүн мисалга тартып, Баткен дубаны Бакиев үчүн 85-90 пайыз добуш берерин, ал өтө чоң потенциалы бар адам экендигин баяндаган.

Ушул эле гезиттен Кегети аймагынын азыркы абалын кеп кылган айыл башчысы Манас Осмоналиевдин баянын, Кызыл-Кыя шаары тууралуу сөз кылган шаар башчысы Абдирасул Анарбаевдин макалалары, “Абалың кандай, москвалык кыргыз?” деп аталган ой-пикирлердин топтому менен таанышса болот. “Кыз-Буракты" ким уюштурган же тагдыры татаал адам жөнүндө эскерүүнү” оштук журналист Алымжан Молорбаев жазса, “Таттыбүбүнүн сулуулугу улутту суктантып келет” деген интервюну Сахиба Кадырова тартуу кылган.

“Назар” гезити “Багы байланган кыргыз жери” деп аталган Кален Субанов аттуу автордун макаласына окурман назарын бурду. Кыргыз жери А. Акаевдин да, К. Бакиевдин да учурунда накта товарга айланганын, кыргыздар өз жерине өзү ээ болалбай калышканын, дүйнөлүк капчыгы калың шылуундар айрыкча баалуу кен байлыгы бар жерлерди товар катары алып, аны кайра товар катары сатып жүргөнүн айрым мисалдар менен кеп кылса, эркин журналист Үсөн Касыбеков макаласынын атын “Эшимкановдун куу чирендиги менен Мотуевдин провокациясы” деп атап, УТРКдагы болуп өткөн теледебатты талдоого алган.

Президенттикке талапкер Т. Үмөталиева маегинин атын “Биздин үйдүн президенти – атабыз” деп, БЭКтин саясый бюросунун мүчөсү М. Чолпонбаев маегин “Бакиев сыртта жүргөн 1 млн. жарандын добушун чөнтөгүнө салып алды” деп атап, “Эл каттодо 1 млн. элдин сыртта экенин эстебей туруп, 5 млн. 300 миң киши жашайт” дегени бийликтин көз боемочулдугун аныктарын билдирди.

“Оппозиция адаштыбы?” деген макаланы Ош шаарынан окурман Таалайбек Зикиров жөнөткөн. Автор экс-коргоо министри Исмаил Исаков ажолукка татыктуу болмогун, оппозиция президенттик так талашка Исаков, Бешимовдой лидерлерди алып чыкканда жеңишке жетмегин, себеби баягы эле жаман илдет, түштүктөгү карапайым айылдардын көбү “ жаман болсо өзүбүздүкү болсун” деген пас түшүнүктөн алыстай албай аткандыгын кулак кагыш кылды.

“Эл сөзү”
гезити “Ак үйдүн “жабык эшиги”, орус каарына калган “тең ата...” деген макаласында президент Бакиевдин Америка аскер базасына байланыштуу соңку жасаган кадамын сынга алды. Баяндамачы Эртабылды Аттокуровдун “Кытайда улут аралык чыр-чатактан кан төгүлдү” деген макаласы Үрүмчүдөгү үрөй учурган башаламандыкты баяндаган.

Ушул эле гезитке “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев маек курган. "Манас" аскер базасына байланыштуу суроого жооп берген Текебаев: “Орус бийлиги алданганын анчалык билгизбей, мурдагыдай эле болгонго аракет кылууда. Бирок кыргыз бийлигинин мындай саясаты эч качан өлкөбүзгө кадыр-барк алып келбейт” деди. “Биз эң коррупциялашкан төрт өлкөнүн катарына киребиз. Бизде баарын сатып алса болот” деп айткан саясатчы “Убагында “Манас” аба майданындагы америкалык заправканы “ханзада” Айдар Акаев жасайт” деп айтып жүрүшчү эле, ханзаданын мураскери азыр ким болгону, анын энергетика ж.б. тармактардагы бизнестерин ким айландырып жатканы бүгүн баарыбызга бештен белгилүү” деп айтты.

“Нарындыктар азырынча такка эмес, атка олтургузушту” деген макала талапкер Алмаз Атамбаевдин үгүт кербени Нарын дубанында ийгиликтүү аяктаганын жар салган. А. Атамбаев менен жолугушууда Атбашылык бир аксакал сүйлөп: “Мен ошол жерден Бабанов баштап келген бийликтегилерге эскерттим. Эгер жерибиздин Кытайга өтүп кеткени чын болуп чыкса, анда бизге таарынбагыла. Биз силерди Каркырасын тарттырган түптүктөрдөй болуп тооктун жумурткасы эмес, өзүңөрдүн жумурткаңар менен койгулайбыз” деп айтканын, Ат-Башыда 4 миңдей, Ак-Талаада бардыгы 3 миң шайлоочу болсо анын 2 миңдейи, Кочкордо 4 миңдей, акыры Нарында 7 миңге жакын киши чогулуп, талапкер А. Атамбаевге Теңиртоолуктар ак боз ат мингизип узатканын жазып чыкты.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG