Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

КР президенти К. Бакиев: “Шайлоонун акыйкаттуулугуна ишенем”


Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты, жашоо-турмушу, үгүт иштеринин жүрүшү... Мына ушулар гезиттердин башкы темасы болууда.

“Кыргыз туусу” гезити президент Курманбек Бакиевдин “Өнүгүүнүн башкы ресурсу-тилектештик жана диалог” деп аталган маектешүүсун жарыялады. Бул маек Орусиянын “Известия” гезитинин кабарчысы менен болгон.

Бакиев оор мезгил артта калганын, бирок бул көңүл ток дегенди билдирбестигин, өнүгүүнүн башкы ресурсу – бул акча эместигин, ошондуктан ал сунуш кылган Жаңылануу багыты мындан ары өлкөнүн багытына айланарына ишендирген.

Америкалык база боюнча суроого президент К. Бакиев:

-Базаны өз аймагыбызга жайгаштыруу менен биз эларалык террорчулук жана экстремизм менен күрөштүн катышуучуларынан боло турганыбызды далилдедик. Бул Орусиянын, АКШнын, Кыргызстандын, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, ошондой эле европалык саясатчылардын дипломатиясыенын биргелешкен ийгилиги экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет,- деп айткан.

Президент андан аркы сөзүндө суу-энергетика маселесине жана Орусия менен өнөктөштүк мамилесине токтолгон. Ошондой эле улутту маданий мурастар чыйралтарын, Кыргызстан бардык улуттук маданияттардын эркин өнүгүүсүнө кепилдик берген көп улуттуу мамлекет экендигин, ошондуктан бийлик достук коомун түзүүгө аракеттенип жатканын кеп кылган.

- Шайлоо өнөктүгүнө даярдык кандай жүрүүдө?- деген суроого ал:

- Кыскача айтканда тынч, эч кандай терс окуяларсыз жүрүүдө. Конституциялык Сот оппозициянын шайлоо мөөнөтүн 2010-жылдан 2009-жылга которуу жөнүндөгү талабын колдоду. Мен мыйзамга баш ийген жаран катары бул чечимди аткарып жатам. Шайлоонун акыйкаттуулугуна жана анын жыйынтыктарынын айкындыгына эч күмөн санабай тургандыгына ишенем,- деп жооп берген.

Ушул эле гезитке интервью берген КР Акыйкатчысы Т. Акун адам укугун коргоо боюнча Ысык-Көл форумун өткөргөнү жатканын, ага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн акыйкатчылары келип катышарын кеп кылып, Бакиев келгени өндүрүш алга жылып, ГЭСтер курулуп, 30дан ашуун заводдор ишке киргизилип, айылдарга техникалар улам-улам берилип атканы кубандырып жатканын кошумчалаган.

Эркин журналист Мелис Арып-Бектин макаласы да президент Бакиевдин төрт жылдан берки жасап аткан иштерине арналган. Автор жыл сайын мектептер көбөйүп, союз убагында ишке ашпаган Камбар-Ата ГЭСтери курулуп, жолдор оңдолуп, көчөлөрдүн түнкү жарыктары жалбырттап, Ала-Тоо аянтында фонтандар асмандап, Асабабыз желаргыга желпинип, намыс отун тутандырып, жүздөгөн автобустар шаарды аралап жүргөнүн канааттануу менен баяндаган.

“Көк асаба” гезити “Санжыра – ата тарыхы” деген рубрика алдында мударис Кусейин Исаевдин “Өткөндү билбеген – бүгүнкүнү түшүнбөйт, бүгүнкүнү түшүнбөгөн – эртеңкиге ой жүгүртө албайт” деген макаласын сунуштап, “Дасмия” элдик-этнографиялык борбордо “Кыргыз ордо” маданий-өндүрүштүк бирикме түзүлгөндүгү тууралуу маалымадады жана анын катышуучулары Садык-Шер-Нияз, Роза Аманова, Рашид Бостоновдун ойлоруна орун берди. Комузчу Кенжебек Алдаярдын “Карамолдо” баяны, таланттуу акын Тургунбек Бекболотовдун жаңы ырлары да ушул санда.

“Назар” гезити Талас тандоонун алдында турганын, талапкер Темир Сариевди таластыктар татыктуу тосуп алып, Кара-Буура рйону ат мингизгенин, дагы бир атты ал Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынан мингенин кабарлады. Ушул эле кабардын катарына Темир Сариевдин өзүнүн жана анын басма сөз кызматынын “Ачык саясат” гезити менен болгон чырына байланыштуу А. Атамбаевге билдирүүсү да басылды.

Гезитке Петровка айылындагы жаңжалда элди мыйзмадуулукту сактоого чакырып жүрүп камакка алынган деп жазылган Эркин Булекбаевдин бир тууган иниси Самат Булекбаев интервью берип, Бакиев президент боло электе алардын үйүндө конок болуп, ак бата алып кеткенин, агасынын шайлоодон кийин деле бошоруна ишенбестигин кеп кылган.

Гезит андан ары “Президенттик шайлоо таза өтөрүнө ишенесизби?” деп суроо салганда айрым жарандар төмөнкүдөй жоопторду беришкен.

Сүрөтчү Салижан Жамгырчиев:
- Коррупция өнүккөн өлкөлөрдүн арасында “ардактуу” тизмеде турган өлкөбүздө шайлоонун таза өтөрүнө ишеним жок.

ИИМ полковниги Жолдошбек Бузурманкулов: - Таза өтөбү, таза өткөрбөйбү, аны уюштургандардын өз абийрине койдум.

А. Атамбаевдин шайлоо штабынын маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаев: - Бакиев шайлоодо утуларын билип алды. Андыктан таза өтпөйт.

Жеке ишкер Айбек Маткеримов: - Мен добушумду К. Бакиевге берем.

“Аалам” гезитинин башкы редакторунун орунбасары Айгүл Бакеева: - Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин К. Бакиевге гана добуш беребиз дедиртип тизмесин алып, ага кошумча башка урук-туугандарынын дагы тизмесин алып жатышыптыр.

Журналист Бахтияр Шаматов: - Бийлик аткаминерлери “артык кылабыз...” деп аша чаап кетпесе болду. Болбосо, даана кызык Бакиев 120-140 пайыз менен шайланганда башталат.

“Эл сөзү” гезитинин кабарчысы Исмаил Исаков менен маектешип атып, Ат-Башынын Ак-Сай, Арпа жайлоолорунун тагдыры тууралуу сураганда:

-Чындыкты К. Бакиев президент болуп шайлангандан кийин угабыз, ага чейин укпайбыз. Чегара кызматчысы айтып атпайбы: “Чегара өзгөрүлгөн жок, бажы посту климаттын шартына байланыштуу жылдырылып жатат” деп. Менин оюмча, бул чегарачынын жообу эмес, расмий бийликтин жообу, бийликтин жүзү. Мына ушундай деңгээлдеги адамдар бийликтин бардык бутактарында олтурат. Бажы посту 50-60 километр бери жылдырылса, анда ал жерлер 49 жылга Кытайга берилип аткандыгын, Арпа, Ак-Сай жайлоолорунан кол үзөрүбүздү тастыктайт, коңшу өлкөлөрдүн чегарачылары өз үйүндө жүргөндөй биздин кыштагыбызга каалагандай кирип, кээ бирлери биздики дешип элибизди, жерибизди басып алып жатышат. Ага мисал Чек кыштагы,- деди генерал.

Бул интервьюдан кийин журналист Рыскелди Момбековдун “Үзөңгү-Кууш, Каркыра, кезекте Ак-Сай, Арпабы?”” деген макаласы, “Кыргызстан патриоттору” партиясынын төрагасы Алмаз Орозбаковдун: “Кыргызстан Ак-Сай, Арпага окшогон керемет жерлеринен айрылганы турат” деген маеги жарык көрдү.

Баяндамачы Баратбай Аракеевдин макаласынын аты “Атамбаев алдыга чыкты” деп аталат. Гезит булар менен бирге эле Алмаз Атамбаевдин таластык шайлоочулар менен жолугушуу сапарына бийлик ар кандай акцияларды даярдап атканынан кабар алганын, БЭКтин мүчөлөрү толук курамы менен Таласка бармай болгонун, такталбаган маалыматтар боюнча ал жакка криминалдык топтор түшүрүлгөнүн, Алмаз мырзанын үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратуу үчүн Кара-Бууранын кулуну болгон Манас Акматбековду ИИМ минстринин орунбасарлыгынан Талас облмилийсасына начальник кылып олтургузганын, анткени бул жигит 2007-жылкы шайлоодо “Ак жол” партиясына үзүлүп чуркаганын, ушу тапта Ак үйдө иштеген таластык атканминерлердин баары жапырт кичи мекенине жөнөтүлгөнүн белгилеп, эгемендик алгандан бери эле Таласта канча шайлоо өтсө, анын баары чатак менен аяктап келатканын эске салган.
XS
SM
MD
LG