Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

М. Ниязов: “Эң ыплас шайлоо жакындап келатат...”


Гезиттер башталарына эки күн калган шайлоо тууралуу жазгандарын улантууда...

“Эл сөзү” гезити шайлоого байкоо салган бир катар өкмөттүк эмес уюмдар бийликтин мыйзамсыз аракеттерин сынга алып, мөөнөтүнөн мурда добуш бергендердин жыйынтыгын жокко чыгарууну БШКдан талап кылышууда, ажонун 60 жылдыгына 60 пайыз добуш даярдап беребиз деген бийликтегилер элдин каарын эстеринен чыгарып койгон өңдөнөт деп, катуу токмоктон улам каза болгон Алмаз Ташиевди сабаган Ноокат раймилийсасынын лейтенанты Ш. Нурматовго кылмыш иши козголуп, камакка алынды деп, "Улуу биримдик" партиясынын башчысы Эмил Каптагаевге каршы саясый куугун токтобосо Чок-Тал айлынын жигиттери Чолпон-Ата - Бишкек жолун тосорун билдиришти деп, “Асман преss” гезитинин акыркы санында кыргыз оппозициясын каралаган макалалар түрмөгүндөгү Ө. Текебаевдин Чолпон Жакуповадан акча алып бербей жүрөт дегени карандай калп экенин, Текебаев Чолпон айымдан акча албаганын айтса, Чолпон айым Текебаевге карзы акча бербегенин редакцияга билдиришкен деп кабарлады.

Бул санга Алмаз Атамбаевдин “23-июлда жеңишти майрамдайбыз” деген ат менен “Азаттык” радиосуна берген интервьюсу, “Атамбаев айкөл Манастын урпактарын ойготту” деген кабарчы менен гезит жетекчисинин жана Бакыт Бешимовдун “Мени жок кылууга аракеттер көрүлүп жатат” аттуу маеги, “Бакиевди баткендиктер куран окуп узатышты” деген макала басылды. Макалада Бакиев менен жолугушуусунда Баткендик эки дүжур чал өзгөчө роль ойногонун, алардын акыркысы “Сизди түбөлүк Түркмөнбашыдай хан кылабыз. Ал үчүн баткендиктер 147 пайыз добуш менен шайлап беребиз. Ылайым сиз бизге түбөлүк Кыргызбашы болуп калыңыз” деп сөзүн бүтүп атып: “эми токтоп туруң үка! Мен сизге атап бир куран окуп коеюн” деп кадимки адам кайтыш болгон жерде окулучу куранды окуп киргенин, куран 20 мүнөткө созулганын, жолугушууга айдалып барган эл тажап, кыйналып, сөгүнө баштаганын, муну КТР эмнегедир көрсөтпөнгөнүн баяндаган.

Гезит булардан тышкары өткөндө Талас жергесинде президент К. Бакиев жана А. Атамбаев жолугушууларына катышып, өз көзү менен күбө болуп кайткан карапайым калктын өкүлү Кубанычбек Жаманкуловду сөзгө тарткан. Жаманкулов президент Бакиев Таласка барып Манас күмбөзүнүн алдында жолугушуу өткөргөнүн көрсөткөн УТРК 8 миңден ашуун адам катышты деп маалымат бергенин, бирок бул жалган экендигин, анткени күмбөздүн алдындагы стадиончого сыйлыгышып олтурганда араң 2500 адам сыяарын белгилеп, ошол жолугушууда атайын даярдалган дүжүрлөр: “Бакиевдин учурунда турмушубуз оңолду” дегенде жаалданган эл: “Түшүргүлө, микрофонду жулуп алгылачы! Кайсы жыргаган турмушту айтып жатасың?” деп ызырынганын уккканын, алдындагы дүжүрлөр: “Бакиев!” деп кыйкырса, арттагы эл: “Кетсин!” кыйкырып турганын К. Бакиев өзү деле угуп, өзү көрүп кеткенин, Таластагы жолугушууда “бизди зордоп алып келди” деген адамдар көп болгонун кеп кылган.

“Назар” гезити жаңы санын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун “Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат”, “Аксай, Арпа жайлоолорун Салымбеков сатканбы? Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?”, “Акаевди аэропорттон ким тосуп алат?” деген темалар менен ачты.

Эки күндөн кийин боло турган шайлоонун кандай өтөрүнө ой калчаган генерал М. Ниязов Кыргызстан эгемендикке ээ болгону шайлоонун эң ыплас өтө турганы жакындап келатканын, анткени К. Бакиев бурмалоосуз экинчи мөөнөткө калалабасын, муну көргөн эл шайлоодон кийин бийликтен биротоло түңүлүп, кыжыры кайнап, жалпы элдик нааразылык күчөрүн айткан. Ниязов андан ары Кыргыздын намысы чындап ойгончу болсо эл толкунун токтотуу кыйын болорун, ошентип Бакиев утумуш болгону менен элинин ишениминен биротоло ажырарын, таянаар эли жок бийликтин куураган дарактан айырмасы жоктугун, демек бул келечеги жок бийлик балким 1-2 жыл тырышып турушу мүмкүндүгүн, андан узакка туралбастыгын кошумчалаган.

Кабарчынын: - Эгер бийлик элдин тандоосуна жол бербесе, андай бийликти кантип аламаштырат?- деген суроосуна М. Ниязов:

- Бийликти алмаштырганга Чыгыш масмлекеттеринде эки эле жол бар. Биринчиси, бийлик башында турган адамдын өлүмү, экинчиси, эл революциялык жол менен сүрүп чыгат, - деп жооп берди.

“Бүгүн жерин саткан бийлик, эртең элин сатат...” Аксай, Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?” Мына ушундай аталыштагы макала “Назар” гезитинин бүгүнкү санында жарык көрдү. Макаланын автору “Эң кызыгы, жергиликтүү тургундар Аксай, Арпа жайлоосун кытайларга берүүдө Аскар Салымбековдун салымы чоң экен” деп билдиришкенин, анткени алар губернатор Ө. Суваналиевге барышса, ал: “Мен эч нерсе билбейм, бул маселе мындан 2 жыл мурда эле чечилиптир. Кытайларга жерди берүү чечимине Салымбековдун колу коюлуптур. Өз жериңерди өзүңөр чечишип алгыла” деп кол шилтеп койгон имиш деп жазып, гезит өткөндө бул боюнча өкмөт орунбасары Ө. Бабанов барып келгенин баяндап, Аксай, Арпа жайлоосу боюнча маселени иликтөөнү мындан ары да уланта бере тургандыгына окурмандарды ишендирген.

Гезит ошондой эле банк кызматынын ардагери К. Жапаровдун “Кыргызстан кантип сатылууда?” деген макаласына окурман назарын бурган. Автор кыргыз жерин, анын кен байлыктарын сатуу боюнча түзүлүп аткан жүзү кара доолборлордун бири катары “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун мисалга тарткан. Сатыла турган кен байлыгы бар тоолордун аттарын атаган.

“Кыргыз туусу” гезити президент К. Бакиевдин 17-июлда Таластын эли менен жолугушуусундагы айткандарын “Бийликтин көзүн май басып кетпеш үчүн оппозиция керек” деген ат менен жарыялады. Курманбек Бакиев жолугушуудагы сөзүндө: - Мен оппозиция менен сүйлөшүп келгем. Дагы сүйлөшөм. Канчасына кызмат сунуштадым. Иштеп кеткендери бар. Иштей албагандары бар. Бийликтин көзүн май басып кетпеш үчүн оппозиция керек. Бирок акты кара деп көргөн эмес, акты ак деп көргөн конструктивдүү оппозиция керек. Калыстыкты, адилеттикти Кудай да жакшы көрөт. Оппозиция экономика, тышкы саясат жөнүндө айталбайт. Үй-бүлөлүк башкаруу деп жок нерсени көтөрүүдө,-деп сүйлөгөн.

Ушугу улай эле Ысык-Көлдө эс алып аткан 150 ардагердин атынан 12 карыянын президент К. Бакиевге ыраазылык каты басылды. Өскөн Даникеев, Айкөкүл Мырзакаримова, Самара Токтакунова өңдүү аты белгилүү адамдар: “Урматтуу Курманбек Салиевич, сиз кыраакы инсансыз. Келечекти тереңден түшүнгөн журт башчсысыз. Карапайым биз өңдүү адамдарга көрүп келген камкордугуңуз үчүн чоң рахмат!” деген мактал сөздөр менен каалоо-тилектерин айтышкан.
XS
SM
MD
LG