Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Келечегиң кесилдиби, Кыргыз?


Бүгүнкү гезиттер шайлоодон кийинки окуялар тууралуу жазып чыгышты.
Бүгүнкү гезиттер шайлоодон кийинки окуялар тууралуу жазып чыгышты.

Гезиттер шайлоо, шайлоодон кийинки турмуш… жана башкалар тууралуу жазышууда.

«Агым» гезитинин тараткан кабары боюнча күздүн алгачкы айында Чудинов өкмөтү толугу менен отставкага айдалып, ордуна Улугбек Ормонов олтурат, ЖК төрагасы Айтибай Тагаев Баткен дубанына губернаторлукка барып, Адахан Мадумаров менен Досбол Нур уулу азыркы орундарынан бошойт имиш…

Журналист Зайыр Ажыматов: «Бүгүн бийликке реалдуу оппонент боло турган саясый фигура көрүнбөйт. Атамбаев өзүнө болгон акыркы чекитти ушул шайлоо менен койду окшойт» деп баа берди «Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?» аттуу макаласында. «Оппозициядан эми эмнени күтүүгө болот?», «Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда» деген макалалар, Жусупжан Жээнбековдун «Буйрук берген деген жигиттин ак экенине ишенем» деген интервьюсу басылган. Гезит анын уулун өлтүргөнгө «буйрук берген шектүү адам кармалды, ал Маскөөдө жашайт экен» деген жигитке Жээнбеков өзү барып жолукканын, ал «Бактыярдын жоголушуна эч кандай тиешем жок, кысымга алып күнөөнү мойнума алдырууга аракеттенишүүдө» деп айтканын, чындыгында бул жигитти Жусупжан Жээнбеков кичинесинен бери жакшы билерин, аны менен бир айылдан болорун, бул балада күмөнү жоктугун, Маскөөдөн ДНК анализи чыгып келгенин, бирок Англияга жиберген ДНК анализи чыгып келелектигинен улам аны азырынча ачтыра электигин айткан.

Мелис Совет уулунун маселелүү макаласы «Медреселер мектептерди басып өтөбү?» деп аталат.

«Назар» гезитине азыр чет өлкөлөрдүн биринде баш калкалап жүргөн кыргыздын ири ишкер жигиттеринин бири Урмат Барктабасовдун «Кыргызстанга 450 млрд. доллар келсе да эч нерсе өзгөрүлбөйт» деген темадагы маеги жарыяланды. Бийликтин жүргүзүп аткан саясатына Караганда Кыргызстан учурдагы кыйсыпырдан чыгалбастыгын айтуу менен сөзүн баштаган Урмат Барктабасов, бийликте уурулар жок болмоюн эл ушул эле калыбында кала берерин, акча деген адамдын сырты гана болорун, адегенде адамдын ички дүйнөсү оңолушу керектигин белгилеп, өзү азыр Сауд Арабия, Араб Эмираттары, Кувейт, Англия, Жапония ж.б. мамлекеттердин өнүгүү мыйзамдарын иштеп чыккан даанышман, дасыккан адистерге акчасын төлөп, Кыргыз мамлекетин өнүктүрүп, кыргыз элинин жашоосун оңдой турган мыйзам иштетип аткандыгын баяндаган.

Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун интервьюсу «23-июлдан бери бизде президент жок» деп аталып, өткөн шайлоонун кандай жолдор менен бурмаланганына кенен токтолгон. Генерал азыркы бийликке: «Бизде демократия деген гана сөз бар, иш жүзүндө президент бардык бийлик бутактарын узурпациялап, криминалдык, баскынчылык бийликтин механизмин жайгаштырып алды» деп баа берди.

Дагы бир генерал Мирослав Ниязов, кылмыш жасоо жолу менен утурумдук «утушка» ээ болгон бийлик кыргыздын келечегин бууп салганын, КМШ өлкөлөрү боюнча балиттиги, мыйзам бузуучулугу жагынан эң ыплас шайлоо өткөнүн, муну менен келечек муундун жашашына биротоло үмүт өчкөнүн сөзгө алат. Оппозициянын өткөн-кеткен абалы тууралуу генерал Ниязов, азыр жаңы күч чыкпаса болбой калганын, учур дагы, шарт дагы ушуга келип такалганын, мындай жол менен президент, Жогорку Кеңеш, Конституциялык Сот жана жогорку бийлик өкүлдөрү жетелеме гана уюм катары таанылып калганын, булардын бийликке келиши да, парламентке келиши да ыплас жолдор менен жүргүзүлүп келатканын эл билерин, мыйзамсыз бийлик эч качан эл тагдырын чечип бералбасын, мындай башкаруу системасын орустар «уродливая система» деп коюшарын, тилекке каршы бүгүн биз ушундай система түзүп алганыбызга жаны кашайган.

Эркин журналист Үсөн Касыбековдун «Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт» деген макаласы шайлоонун көз боемочулук менен өткөнүн далилдер аркылуу талдоого алган. Боршайкомдун профессионалдык деңгээлинин төмөндүгүн, ишке жөндөмсүздүгүн, компотенттүүлүгү жетишпестигин баса көрсөткөн.

Салима Жакшылык кызы президент К. Бакиевдин телеэкран аркылуу элге кайрылуусун сынга алган. Мындан тышкары «Петровка башаламандыгынын сыры качан чечилет?», «Бул шайлоо абдан оор өттү», «Арыктагы сууга зар болгон кеминдиктер», «Мутация» аттуу макала, интервью, ой-пикирлер, тележурналист Сонунбүбү Кадырованын президент К. Бакиевге кайрылуу каты басылды.

«Кыргыз туусу» гезити акын Бактыгүл Чотурованын Курманбек Бакиевге арнаган ыры, редакция жамаатынын куттугу менен жаңы санын ачып, өлкөбүз жакын арада дүйнөлүк державалар арасында татыктуу орун табарына ишенем» деген аталыштагы президент Курманбек Бакиевдин калкка кайрылуусун сунуштаган.

Президент келаткан сентябрда башкаруу реформасынын 1-этабы ишке ашууга тийиштигин, анын маңызы мамлекеттик башкаруу органдарынын ишиндеги бири-бирин кайталоолорго бөгөт коюу экендигин, башкарууну бөлүштүрүү керектигин, өзүнө өзү эмес, коомго кызмат кылышын баары эле каалабастыгын, бирок андайларга каршы тураларын, президент элдин эркине таянуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш болсо, эми ага шайлоодогу жеңиш так ошондой тирек болорун кошумчалап, жалпы журтту жеңиши менен куттуктап кеткен.

Журналист Бермет Маткеримованын макаласы «Бала бакчаларда абал абдан татаал» деп аталат. Гезиттин 8- жана 9-беттери кыргыз президентин жеңиши менен куттук айтууларга толгон. Эл баатырлары С. Эралиев менен С. Жусев, академик М. Мамытовдун ак тилек, каалоо сөздөрү, Ош шаарынан окумуштуу К. Исаковдун макаласы, ырлар тартууланган. Ушугу улай эле гезиттин башкы редакторунун орунбасары Д. Юсуповдун К. Бакиевге арналган поэмасынын үзүндүсү толук бир бетке жайгаштырылган.

«Эл сөзү» гезити адвокат Акин Токталиевдин «Депутаттарды дубинка менен сабашкан», «Эдил Байсалов Москвадан жоголду», «Бакиевдин шайлоо штабын уулу Максим жетектегенби?», «Атамбаев Оштон болгону 2961 добуш алганбы?», «Оппозициянын нааразычылык акциясы бийлик тарабынан күч менен таркатылууда» деген баш темалар менен бүгүнкү санын ачты.

Жамааттык Коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларына Кыргызстандын саясый партияларынын, кыймылдарынын, адам укугун коргоочу уюмдарынын башчылары кол койгон кайрылуу кат орус тилинде басылып, андан президент Бакиев президент болуп шайланбаганын, демек Бакиевдин жетекчилиги менен өтө турган саммит дагы легитимсиз болоруна жогоркулардын көңүлдөрүн бурганга далалаттанышкан.

Р. Момбековдун «Элибиз турса кайгырып, эл башы чыкты кайрылып» аттуу макаласында шайлоого эл аралык уюмдардын берген баасы, «Акаевдардын куйруктарын тазалайбыз, керек болсо кустуруп алабыз» дегендер менен жегендер жең ичинен сүйлөшүп кетишкени жөнүндө кеп козгогон.

Ушул эле санда шайлоочулардын кимге кандай добуш бергени сандардын саны аркылуу көрсөтүлгөн. Ш. Сулаймановдун “θксүк көңүл же өлгөндү тирилткен шайлоо” деген макаласы шайлоонун Таластагы жүрүшүн чагылдырса, журналист Э. Аттокуровдун макаласы «Ак жол» жана жибек шайлоо» деп аталат.
XS
SM
MD
LG