Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

Камалган да кыргыз, камаган да кыргыз…


Бишкекте көчө акциясына чыккандарды кармап барып камап жатышат
Бишкекте көчө акциясына чыккандарды кармап барып камап жатышат

Гезиттер А. Жекшенкуловдун үй камагына которулганын, айтылуу Т. Тургуналиев 15 күндүк камакта отуруп чыкканын, Балыкчыда камалгандар Бакиевден үмүтүн үзө электигин жазып чыгышты.

«Аликбек Жекшенкулов абактан бошотулду». Мына ушундай кабар менен бүгүнкү санын ачкан «Эл сөзү» гезити 5 ай бою УКК абагында жаткан «Акыйкат үчүн» кыймылынын лидери түрмө камагынан үй камагына которулганын, 15 күнгө кесилген айтылуу Топчубек Тургуналиев да жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, чыгары менен азыркы бийликке акаарат айтып чыкканын, БЭК мүчөлөрү 17-августта СДПКнын кеңсесине чогулуганы жатканын, Балыкчыда камалгандар Бакиевден үмүт үзөлектигин маалымдады.

Ушул эле Балыкчы окуясы боюнча жалпы Ысык-Көлдүктөрдүн атынан Садыр Мусабаевдин президент К. Бакиевге кайрылуу каты басылды. Анда: « Урматтуу ажо, өлкөгө эки жаат болуу келечексиз. Көл кылаасында жүз миңдеген жүрөктөр зыркырап турганын эске алып, шайлоодо камалгандарды эркиндикке чыгарууга жана сиз өзүңүз дайындаган сот органдарына биздин адамдык укуктарыбызды жана эркиндигибизди коргоп берүү талабы менен кайрылабыз» деп жазылган.

Гезит «Ак кызматы акталбай, абака түшкөн Тезекбаев» аттуу макала жарыялады. Анда Бакиевдин бийлигин чыңдоодо Ош губернаторунун агездеги орунбасары Кушбак Тезекбаев кандай салым кошконун, кызматта кандай иштегенин баяндап келип, «2005-жылдын мартында Жалал-Абаддагы улуттук банк тонолуп, андан 2,2 млн. сом акчаны алып кеткендер дале «табылбай», Кушбек Тезекбаевдин камакта олтурганын саясый негизде камалган деп айтууга туура келет» деп айтылган.

«Назар» гезити журналист Үсөн Касыбековдун «Балласт» деп аталган макаласына орун берди. «Эксперттердин айтымында күзүндө сезондук бышыкчылыктын оң таасирлери актагандан кийин экономикадагы кризис өзүнүн оор фазасына өтөт» деп макаласын баштаган автор, президент К. Бакиевдин башкы милдети башкаруу системасын реформалоо болуп атканын, бирок андан деле жаңы форматтагы башкача бийлик түзүлөт деп үмүт кылуунун кереги жоктугун, ошондой болсо да биринчи кезекте үйбүлөлүк жана бизнес кландын моделине ылайык келбеген кызматкерлер менен коштошушунун зарылдыгын белгилеген. Андан аркы сөзүндө шайлоодо Бакиевге өзгөчө кызмат кылган КТР, анын баш деректири Мелис Эшимканов тууралуу сөз кылып: «президенттик шайлоонун аякташы Мелис Эшимкановдун карьерасынын аякташын билдирет» деп бүтүм чыгарган.

Оппозициянын тазасы – Темир Сариев, тыңы - Өмүрбек Текебаев». Мына ушундай теманын алдында маектешкен генерал Кеңешбек Дүйшөбаев кабарчынын кызыккан суроолоруна жообун берген.

«Каракол абагында жаткан 18 кишиге ким жардам берет?» деген суроо менен гезит айрым атуулдарга кайрылып, мындай жооп алды.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: - Ноокаттагылардын алды 20 жыл, арты 15 жылга кесилишти эле, эми Балыкчылыктарды 10 жылдан 15 жылга чейин кесип жиберүү коркунучу бар. Биз дагы тынч жатпай алардын укугун коргоп жатабыз.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев: - Биз соттук процесстерди эларалык эксперттер, көз карандысыз уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыялап турабыз.

Саясатчы Топчубек Тургуналиев: -29-июнда Кызыл Аскерден баштап жөө жүрүш жасайбыз деп 34 киши 15 күнгө мыйзамды бузду деп камакка алынганбыз. Бүгүн эле чыктым. Балыкчыда камалып жаткандар менен 24-августта жолугабыз го. Ошондо алардын соту болот экен. Эртеңдерден саясый билдирүүлөрдү жасайбыз.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова: - Камалган 14 кишинин арасында Канат Сопуев деген жигит бар экен. Токмок жеп, башы жарылып, акыбалы начарлап кетиптир. Милийсалар ооруканага да которушпаптыр. Аны ооруканага жаткыртканыбызга эки эле күн болду.

ЖК депутаты Мурат Жураев: - Өткөндө Атамбаев барып камалгандардын ата-энеси жана күч органдарынын өкүлдөрү менен жолугуп келди. Күч органдары камактагыларды чыгарабыз деп сөз беришкен экен. Чыгарат деген үмүтүбүз зор. Күтүп жататбыз.

«Кыргыз туусу» гезити жаңы санын «Айыл чарбасы жана мамлекет көтөргөн беш демилге» деген макала менен ачып, Кыргызстандын айыл, суу чарба жана өнөржайын кайра иштетүү министри Искендербек Айдаралиевге сөз берген.

Гезит КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жүрүшүнүн бүткүл катышуучуларына кайрылуусун жарыя кылды. Анын бир жеринде: «Урматтуу укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери, өкүлдөрү! Сиздер өлкөбүз үчүн бул маанилүү иш-чараны укуктук чектин алкагында өткөрүүдө, шайлоо процессинин катышуучуларынын арыздарына жана даттанууларына өз учурунда мамиле кылууда жана кароодо, чечим чыгарууда, укук коргоо жана сот органдары маанилүү салым коштуңуздар.Сиздерге ачык асман, чың ден соолук, ийгилик каалайбыз!» деген тилегин коштогон.

«Агым» гезити президенттин кеңешчиси, ЭлТРдин» башчысы Нурлан Шакиев УТРКга, Финполиция башчысы А. Муйбиллаев ИИМге, Нариман Түлеев премьер-министрликке кудаланып жатканы болжолдонуп аткан имиш, Акүйгө Темир Сариев да барат экен, бирок кайсыл кызматка барары белгисиз деп, «Кумтөр» компаниясы ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабековго наркы 100 миңдик «Жип» мингизип, ошого тете акча берип ыраазы кылган имиш деп кеп таратты.

Гезит баяндамачысы Келдибек Назировдун макаласы «Өкмөт дыйкандарды дагы алдады» деп аталып, быйыл дыйкандар дан эгиндерин былтыркыдан да көп айдаганын, жаз жаанчыл келип, ташка да чөп чыкканын, Арпа менен буудайдын түшүмү ойдогудай болгонун, бирок эгиндин бир килосун 10 сомдон сатып алабыз деп убада берген өкмөттүн ушу кезде дымы чыкпай калганына токтолуп, ун, тоют, кант маселесинин күңгөй-тескейин талдоого алган.

Аман Акматовдун өткөн сандан келаткан «Калкынан азган корбу, зорбу?» деген макаласынын уландысы да ушул санда. «Өз өлкөңдө жакырчылык жакадан алып, буттан бууп турбаса, Атамекенин таштап кайсы кыргыз акча издеп кетсин, кайсы кыргыз өзү өскөн жерге көмүлбөй калсын, кайсы кыргыз аялы Орусия таштандасына тууган баласын таштай качсын?» деген кейиштүү суроолорду коюп: «Кыргыз кыйырынан азып-тозгон учур мүмкүн тарыхта аз болбогондур. Бирок духу күчтүү калк эле, ооматы да ошончолук бат келчү. Эмне кылабыз, ошого канат байлайбыз да» деп аяктайт.
XS
SM
MD
LG