Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кыргызстан репрессия жолуна түштүбү?


«Эл сөзү» гезити Бириккен элдик кыймылы жаңылануу долбоорун 15 күн ичинде иштеп чыкмай болгонун, «Ата Мекен» партиясы социал-демократтар партиясы менен биригүүнүн жол-жболорун аныктап атканын жазып чыкты.

Бүгүн бир катар гезиттер кыргыз маданиятын орду толгус жоготууга учураткан суук кабарды билдирген көңүл айтуу менен жарык көрдү.

Каны казак, бирок жаны кыргыз, шаңы кыргыз, кыргыздын булбулуна айланган, калың элден кадыр тапкан айтылуу төкмө акын Майра Керим кызы канды соруп, сөөктү жеген катуу оорудан улам 48 жашында дүйнө салды. Артында Акжолтой, Эркебулан аттуу балдары, Торгун аттуу кызы жана өмүрлүк жолдошу калды. «Азаттыктын» эмгек жамаатынын жана миң сандаган угармандарынын атынан дүйнөдөн мезгилсиз өткөн Майра Керим кызынын жолдошуна, балдарына, бир туугандарына жана жакындарына биз да көңүл айтуу менен аза кайгыларын тең бөлүшөбүз.
Майра жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.

«Агым» гезити Үсөн Сыдыков «Жаңы Кыргызстан» партиясынын имаратын жакшылап жасалгалап алып ишке киришиптир, «партияңыз бийлик партиясына айланат экен» деген имиш туурабы?» десек, «эки айдан кийин келсеңер айтам» деди, сыягы эки айдан кийин парламенттик шайлоо болот окшойт деп, КР Башпрокурору Элмурза Сатыбалдиев Бишкектин И. Ахунбаев менен А. Матросов көчөлөрү кесилишкен аймакка кычыраган үй салдыртып жатат, албетте бул анын 1-үйү эмес, жанында байбичесинин заңгыраган ак өргөөсү бар, жаңы үй ошол байбичеден төрөлгөн уулуна арналып курулууда деп, президенттикке ат салышкан Алмаз Атамбаев өткөн шайлоодо ага үгүт жүргүзгөн белгилүү ырчы Сагынбек Момбековго акыркы үлгүдөгү «Ауди» автоунаасын алып берип, азыр ырчы аны айдап жүргөн чагы деп, атактуу эл акыны Аалы Токомбаевдин жана кыргыздын баштооч адабиятчыларынын бири Калим Рахматулиндин кыздары сынчы Кадыркул Даутовду жана Кыргызстан жазуучулар союзунун «Кыргыз адабияты» гезитин маркумдардын кадыр-баркына шек келтирген деген доо менен 3 млн. сом айыпка жыгып берүү талабы менен сотко берди деп маалымат таратты.

Ушул эле гезиттен дайынсыз жоголуп кеткен Бактияр Амиражановдун уулунун сөөгү Маскөөдөн келген ДНКаны ачканда аныкы болуп аныкталып чыкканы, уулунуку экенине атасы Жусупжан Жээнбеков да ишенгени жагдайындагы макаланы, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин «Мыкты кадрлар коюлбаса, өнүгүү болбойт» деген аталыштагы интервьюсун ж.б. материалдарды окууга болот.

«Биздин милиция бизди коргойбу же кордойбу?». Мына ушундай темада Кыргыз мамлекеттик агрардык академиянын ректору Т. Кубатбековдун аты жана жалпы окутуучулар, студенттер жамааты деп жазылган кайрылуу кат премьер-министр И. Чудиновго, Бишкек шаар башчысы Н. Түлеевге багышталган. «Кыргыз туусу» гезитинин бүгүнкү санына жарыяланга бул кайрылууда аталган университетке тиешелүү делген жер үлүштөрү менен жатакана имараттары таламайга түшкөнү тууралуу кеп болот.

Бүгүн орозонун алгачкы күнү. Гезит бул боюнча окурмандарын кеңири кабардар кылуу максатында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Мураталы ажы Жумановдун маегин сунуштаган. Анда ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысын так көрсөткөн жадыбал тиркелген. Мындан тышкары буга чейин «уландысы бар» деген шилтеме менен сандан санга жарыяланып келаткан макалалардан сырткары Алтайлык тууганыбыз Мукан Мойноковдун «Кыргыз-Алтай ынтымагын түзгүбүз келет» деген интервьюсу да тартууланды.

«Назар» гезити журналист Үсөн Касыбековдун «Диктатуранын иримине чөккөн «демарал» деген макаласына орун берди.

Демократиялык баалуулуктар тууралуу баяндаган автор акыркы 5 жыл аралыгындагы Кыргызстандын жасаган кадамдарын талдоого алып, анны Борбор Азия өлкөлөрүнүн жолоюна салыштырып: «Кыргызстан «үлгү туткан» Өзбекстандан кайсы бир диктатуралык-репрессиялык параметрлер боюнча кууп өтүп, андан да озуп кеткени байкалат. «Кабар» маалымат агенттигинин Кыргызстандын жаза өтөө мекемелерине шилтеме жасоо менен билдиргенине караганда азыр абакта жаткандардын саны 15 миң адамга тура келет. Эгер 27 млн. калкы бар Өзбекстанда түрмөдө жаткандардын санын ар бир 100 миң адамга чачып эсептегенде 138ден киши туура келсе, 5 млн. калкы бар Кыргызстандын ар бир 100 адамына камакта олтурган 300 дөн киши туура келет экен. Тактап айтканда Кыргызстанда камакта олтургандар Өзбекстанга караганда эки эсеге көптүк кылат. Демек репрессиялык-полицейлик мамлекет дегенге кимиси жакын?» деп жазып чыкты.

Ушул эле «Назар» гезити «Андаш» алтын кени кимдин байлыгы?» аттуу публицист Кален Субановдун, «Эшимканов КТРдын кароолчусубу?» деген ат менен белгилүү тележурналист Бөкөнбай Боркеевдин, «Бишкектеги авиакырсыктын жыйынтыгына кимдер кызыктар?» деген ат менен Заирбек Бактыбаевдин макаласын калк назарына салды.

«Эл сөзү» гезити Азимбек Бекназаров жетектеген жумушчу топ Бириккен элдик кыймылынын жаңылануу долбоорун 15 күн ичинде иштеп чыкмай болгонун, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев социал-демократтар партиясы менен биригүүнүн жол-жболорун аныктап атканын, персоналдык пенсионер Касым Исаев башында турган тажрыйбалуу саясатчылар «Эл арманы» деп аталган партияны түзгөнү жатса, Равшан Жээнбеков баштаган жаштардын тобу жаш саясатчылардан турган жаңы оппозицияны түптөөгө киришкенин кабарлады.

Гезитте ошондой эле «Кутурган бийликтин курмандыктары» деген ат менен өткөн шайлоого нааразылык билдирип чыккандыктары үчүн ар кандай мөөнөткө соттолуп, абака олтуруп чыккан жигиттердин ойлору, «Жан сактоонун жалгыз жолу – дунгандарга малай болуп иштөө» деген аталышта белгилүү ырчы Сагынбек Момбековдун Искра айылындагы тургундардын пикир-келишпестиктери тууралуу айтып бергендери бар.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин маегинин аты «Жаңы салык кодексин жазгандар экономикалык жактан билимсиз же кыргыз элинин душманы» деп аталат. Белгилүү экономист ишкерлерди колдойбуз деген шылтоо менен жазылган жаңы салык кодексин сынга алат. Анда өтө олуттуу каталар барын, ал салык кодекси болбой эле ар кайсыл деңгээлдеги дилетанттар чалмакей чалган ботко болуп калганын, ошентип Кыргызстандын салык кодексинде буга чейин дүйнө жүзүндө жок ката кетирилгенин, ошентип «укмуштуунун төөсү жорго» дегендей атайын каражаттарга да салык салуу киргизилгендигин, бул деген же экономикалык жактан сабатсыз адамдын же кыргыз элинин душманынын жасаганы экендигин кейиш менен кеп кылган.

Буга улай эле «Бакиев, репрессияны токтот!» деген ат менен Саясый куугунтукка каршы комитет Балыкчыда, Бишкекте жана Чүй дубанында саясый себеп менен кармалган, камалган, соттолгон 53 адамды абийир туткуну атаганын жар салды. Ага аталган комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев кол койгон.
XS
SM
MD
LG