Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Ооруган оппозиция


Бүгүн жарык көргөн гезиттер башка маселелер менен бирге эле оппозициянын тагдырын талкууга алышты.

Эс алуудан кайтып келип, жаңы эле жарык көргөн «Айат пресс» гезитине белгилүү саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиев интервью берип, анысын «Оппозиция өтө чоң кризисте, "Ата Мекен" менен КСДП партиялары бириккенден пайда жок» деп билдирди. Ал азыр оппозиция жаңылануу жагын ойлонуунун ордуна бири-бирине асылып, күнөөкөрлөрдү издөө менен алектенип атканын, элден алыстаганын, эл да ага ишенбей калганын, экономикалык программасы жоктугун, 2004-жылы мындай экономикалык программа жалгыз Урмат Барктабасовдо болгонун, азыр ушул маселе менен иш жүргүзгөндөр болбой жаткандыгын белгилеген.

Молдалиев андан ары президенттикке талапкерлигин коет деп күткөн Текебаев элдин үмүтүн өчүргөнүн, азыр ал жетектеген «Ата Мекен» партиясынын да күчү түгөнүп бүткөнүн айтты. Ошону менен бирге оппозициясы жок бийлик эч качан бекем болбосун, күчтүү атаандашы бар бийлик гана бекем болорун, ал эми эч кандай атаандашы жок бийлик акыр бир күн алсырап, жыгылып түшөрүн мисалдап: «Бизде оппозиция менен бийликтин деңгээли бирдей, бийликтен кеткени эле оппозицияны көздөй жөнөйт, алардын оппозицияны оңдоп-түзөйүн, демократияны өнүктүрөйүн деген деги эле максаты жок» деп сындады.

Оппозицияга өз баасын берген «Учур» гезити Апаз Ниязалиевдин макаласы аркылуу ушу тапта оппозиция лидерлеринин баары сыркоолоп, ден сооллуктары менен алек болуп атышканын, маселен БЭКтин штаб башчысы А. Бекназаровдун кант оорусунун өлчөмү жогорулап, дарыланууга кетсе, Ө. Текебаевдин бели ооруп, куяңы кармап калганын, А. Жекшенкулов ооруп атып камактан жаңы эле чыкса, И. Өмүркуловдун бети шишип, көздөрү канталап, эмне экенин өзү да түшүналбай турганын, А. Атамбаев ден соолугун Түркиядан текшертип келип, орозо кармап олтурса, оппозициячылардын аксакалы Т. Тургуналиевдин да шайы кыйла оой түшкөнүн, Р. Отунбаеванын көзү караңгылап, башы айланып кетип атканын, Э. Каптагаев болсо июнь айындагы белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогунун залдарынан дагы эле кадимки абалына келалбай күч жыйнап жүргөнүн, кызыгы, өткөндөгү фракция жыйынына Бакыт Бешимов да «ден соолугуна байланыштуу» катыша албай калганын саресепке салып, мына ушул азаматтардын баары эле бирдеме болсо Бакиевди «ооруй берет» деп тыңсынышчу эле, ошон үчүн кыргыз «өзгөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүңдү тиле» дебеди беле деп жазды.

Автор андан ары азыркы оппозиция болбосо, бийликке сын айта турган жаңы муун чыкпастыгын, анткени бүгүнкү жаштарда дух, эрк, кайрат, эр жигиттерге таандык баатырдык сапаттар жоктугун, жаштардын дээрлик көбүнүн көзү долларга күйүп, майда көр-тиликтен өйдө көтөрүлбөй калганын кеп кылган.

Журналист Дилбар Алимова коомдук ишмер Мирослав Ниязовдон президенттин мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча айткандарына оюн сураганда:

-Максатын билбеген бийлик эптеп эле бийлигин кармап туруунун аракетин кылып жатат. Бул бийликтин демилге, сунуштары элге өтпөй калды,-деп жооп берди.

-Эми саясый кырдаал кандай болот?- деген суроого Ниязов:

- Эл баары бир тынч жашай албайт. Саясый процесс токтогон жок. Оппозиция бириктик деп бир топ аракеттенди, бирок булардын колунан эч нерсе келбей калды. Ортодо эзилген эл. Тарыхты карап көрсөк, дал ушундай кырдаалда эл арасынан Мекен үчүн күйгөн эр-азаматтар, кыз-келиндер чыгып келген. Бизден да чыгат. Ал эми бүгүн бийлик да, оппозиция да жарабай калды,- деп айтты.

Билим берүү тармагындагы мектептердин өксүгү жалпыга жакшы белгилүү. Гезит Кыргыз билим берүү Академиясынын кызматкери Сейит Жаанбаев менен пикир алышкан. Адистин айтуусунда, ушу кезде жалпы өлкө боюнча мектептерге 30 пайыз китеп жетпейт. Мамлекет быйыл китеп чыгарууга 80 млн. сом бөлгөн менен ал деле маселени чече албайт. Эң эле кокуйу, Түштүктөгү мектептер өзбек, тажик китептерин окуп жатышат. Окуучуларынан «Кыргызстандын президенти ким?» деп сурасаң, бирөөлөрү «Каримов» десе, бирөөлөрү «Рахмон» дешет. Ал эми уйгур мектеби Казакстандан, орус мектептери Орусиядан келген китептер менен окушат. «Алиппесин» ачсаң «Боже храни нас» деген чиркөөнүн гимни жүрөт. Мындай нерселер мамлекеттин бүтүндүгүнө урулган сокку. Бул боюнча президент К. Бакиевге далай ирет кайырлуу жасалган…

Мектеп рэкеттиги тууралуу кеп кылган Жаанбаев, алардын көбү бардар адамдардын балдары экенин, маселен өткөн жылы борбордогу №5 орто мектептин бир баласын бычактап өлтүрүшкөнүн, өлгөн баланын атасы, коргоп алар кожосу жоктугунан энеси сыздаган бойдон кала бергенин, өлтүргөн баланы ага-туугандары түрмөгө түшүрбөй сууруп алганын, ал бала азыр ээн-элкин эле окуп жүргөнүн баяндаган.

Гезиттин башкы редактору Асланбек Сартбаев БЭКтин штаб башчысы А. Бекназаров менен маектешкен. Оппозициянын мындан аркы жасай турган кадамдары жөнүндө сөз кылган Бекназаров БЭКтин алдында чоң партия түзөлү деп атышканын, анан мурдагыдай эле Кыргызстандагы коррупциялык, үй-бүлөлүк башкарууну кулатуу аракети көрүлө берерин, эл арасында оппозиция бийликке каршы туралбай койду деген сөздөргө макул эместигин, анткени элди аяшканын, согушууга үндөшпөгөнүн, эгер анткенде жүздөгөн адамдардын каны төгүлүп, бейкүнөө адамдардын убалына калышмагын айтат.

-Бирок силер элге таяныч боло албай койбодуңарбы?- деген суроого саясатчы:

-Ооба, биз аларды уюштуруп, көтөрүп чыгалбадык. Анткени каражат маселеси кендирибизди кести. Бийликке мамлекеттик банктар, бүтүндөй байлар тизе бүгүп, чөгөлөп турса, бизде өңчөй жалаң төш саясатчылар менен таза адамдар болду. Ошондуктан бийликке теңата каршылык көрсөтө албадык,- деп жооп берди.

Аталган басылма муну менен бирге эле айрым атуулдардын президенттин башкаруу системасын реформалоо боюнча сүйлөгөн сөздөрүнө ойлорун сурады.

Депутат Ж. Каныметов: -Президент айтып жатпайбы «канча кадр алмаштырсак дагы, баары бир системаны өзгөртүү керек экен» деп, чын эле бирин-бири кайталабаган, жоопкерчиликтүү система түзүү керек. Ошондуктан президенттин койгон талабы аябай туура.

Депутат И. Масалиев: - Бул реформа туура. Мамлекетти башкаруу системасы реформаланса коомдо бир топ жакшы өзгөрүүлөр болот. Бирок мурдагыдай куру убадалардын бири болуп калышы да мүмкүн. Андай болбош үчүн реформа жүргүзүүдө мыйзмадарга өзгөтүүлөрдү киргизүү керек.

Укук коргоочу Т. Исмаилова: - Бул эски ыр. «Мен билем, мен жасайм» деп атпайбы Бакиев. Жалгыз өзү жасай албайт. Азыркы коом таптакыр башка коом. Эгерде адам укугу менен эркиндиги жок болсо, бир дагы коом жакшы өнүгө албайт. Ошон үчүн президенттин айткандары номенклатуралык эле жол. Ооба, президенттин убадалары кулакка жакшы угулушу мүмкүн. Бирок ресурс жок. Анан чет мамлекеттен жардам алып, дагы 4-5 жыл олтурат. Адам укуктарын Курултай, Кеңеш дегендер менен алмаштырбай эл менен ачык сүйлөшүп чечүү керек болчу Бул киши саясый технологдор менен иштешип атат, алар Кыргызстандагы кырдаалды түшүнүшпөйт.
XS
SM
MD
LG