«Кыргыз эле кыргыз», «Эне тил эле эне тил!» деп эңиреңдеп-шаңыраңдаган биздин «мекенчилдер» же «улутчулдар» мамлекеттүүлүктүн чыңдалышына, бекемделишине кымындай жардам бергиси жок. Жерибиз сатылып жатат, чек арабыз өз мамлекетибизди куушуруп, кысып келатат, элибиз миңдеп эмес, миллиондоп тентип жүрөт. Ушуга улутунган улутчул жок. Мамлекет туташ коррупцияланмак түгүл, криминалдашты, бийлик бир кишинин же бир үй-бүлөнүн колунда кагаздай ушаланып, акыйкат тебеленип атат» деп жазды «Жаңырык апта» гезитиндеги «Жолбүгүнүндө» Алым Токтомушев.
Автор андан ары чет элдин импорту менен күн көрүүгө өткөн, сырткы саясатын өз алдынча жүргүзө албаган, башка өлкөлөрдүн жакасына жармашып, этегине эрмешип жашаган жанбакты, эч нерсе өндүрбөгөн, өстүрбөгөн, антейин деп да ойлобогон кыргыз бийлиги кыргыз мамлекетин ушул кебетеге алып келгенин кеп кылуу менен депутат Кубанычбек Кадыров, саясатчылар Аликбек Жекшенкулов, Эркин Бөлөкбаев, Сапарбек Аргынбаевга байланышкан акыркы окуялар тууралуу баяндаган.
Аталган гезит Америкада башмаанек кылып жүргөн Өмүрбек Абдрахманов менен электрондук почта аркылуу курган маегине окурман назарын бурган.Өмүрбек мырза азыр жубайы экөө англис тилин үйрөнүп атканын, Кыргызстан тууралуу көп деле ойлогусу келбегенин, ойлосо эле жарыксыз, жарды жашаган элди ойлоп башы ооруй баштаарын айткан. Тил жөнүндөгү суроого ал начар элдин тили жоголорун, кыргыз тили жалаң эпос жана күнүмдүк сөздөр менен чектелип калганын, саясат демократиялуу болгондо гана тил өнүгөрүн, бирок биздин багытыбыз жоктугун, биз орустардын авторитардык, басып алуучулук багытын гана билерибизди, ошондуктан Орто Азиянын бардык өлкөлөрү латын арибине өтүп кетсе жакшы болор эле деген каалоосун билдирген.
«Айат пресс» гезитине «Бийиктик» басмасынын деректири Жумадин Кадыров маек куруп, мурда айылда болобу, шаарда болобу, нарктуу, акылдуу карыялар болсо, эми андайлар азайып, саясаттын атайын тапшырмасын аткарган дүжүр чалдар көбөйгөнүн, андыктан акылды алардан эмес, китептен издөө керек деген кеңешин берет. Басма деректири андан ары китеп таратуунун заманбап жолун табууну ойлонуп атканын, ошол эле убакта окурман дагы аракка, тамекиге короткон акчасын китепке коротсо жакшы болбойт беле деген оюн ортого салган.
Ушул эле гезитке белгилүү журналист Жылдыз Мусабекованын «кыргыз булбулу» атыккан айтылуу Асек Жумабаев менен көзү тирүүсүндө курган маеги да жарыяланды.
«Бешимов уул-келинин кашында кофе ичип, Америкада жашырынып жүрөт. Буякта Кадыровду камаганы калды. Кечээ опулдап турган оппозиция бүгүн депрессияда. Эл болсо козголбойт. Күнчубактап коюп, короосунда бийликти ашата сөгүп олтура берет. Мурда президенттин админстрациясы өзү бий, өзү хан болуп келсе, эми Данияр Үсөновдун командасы ал бийлигин Оксана Малеваннаяга өткөрүп берип, өзү техникалык иштерди тейлеген кагаз кампага айланганы туру. КТР жашигин ачсаң калдайган галстугу калтасын жапкан, укмуш акылдуу сөздөрдү сүйлөгөн академик, илимпоз, саясатчылар жүнүн жейт. Мамлекеттик катчылардан Осмонакун Ибраимов жаңы тарых кыргызыяга «канайым» аталышты киргизсе, бул бийликтен Дастан Сарыгулов «теңирчилик» идеясын, Адахан Мадумаров гимндин сөзүн алмаштыруу идеясын киргизүү менен иштери бүттү. Жоюлуп алган Досбол Нур уулу кайда барар экен? Уруусу кыдырша тейит Курманбек Салиевич ата-бабалары куулуп, Кара-Дарыяга качып барып отуруп калган эки тейит - А. Мадумаров менен Н. Досболду кызматсыз калтырбашы турулуу иш.
…Кара-Балтага барсам кайнагам 10 тонна эгининин бир килин 3 сомго саталбай атса, Кочкордо соодагерлер картөшкөнү 5 сомдон ташып кетип жатат. Солярка кымбат. Жылдагы эле көрүнүш» деп жазды бүгүнкү «Аалам» гезитине «Саясый күз. Акүй ичи сарсанаа» аттуу макаласында айтылуу журналист Жолдошбек Зарлыкбеков.
«Аалам» мындан сырткары кабарчы Күнболот Момоконовдун кыргыздын кышка даярдыгын талдоого алган иликтөөсүн «Өмүрбек Бабановдун башына балээ жабышты» деген макаласы менен жанаша жарыкка чыгарды.
Аталган басылма «Кыргызстандагы Интернет согушунда ким жеңет?» аттуу Бахтияр Шаматовдун макаласын орус тилинде сунуштап, «Домендик зонаны ким башкарат деп ойлойсуз?» деген суроо менен ушул тармакты жакшы түшүнгөн айрым атуулдарга суроо салганда минтип жооп беришти.
Программалык жактан камсыздоо жана тейлөө Ассоциациясынын төрагасы А. Абакиров: - Албетте домендик ысымдарды каттоо наркы «Азия- инфодо» кымбат. «Кыргызпатент» муну 10 долларга түшүрөбүз деп атат. Менимче 10 доллар болуп начар иштегенден көрө 100 доллар болсо да нормалдуу иштегени жакшы эмеспи. «Кыргызпатент» домендик ишти техникалык жактан колдой албайт деп ойлойм.
А. Мырзабеков, студент: - Жеке мага «Азия-инфонун» админстратор болуп кала бергени оң.
Жеке басмачы Жаныбек Жанызак: - Улан Мелисбектин аракетин мен кыргыз болуунун бир көрүнүшү катары баалайм жана колдойм. Анын өзүн эмес, кыргыз болуу саясатын колдошубуз керек. Домендерди кыргызчалатабыз, калк үчүн арзандатабыз дегендин эмнеси жаман? Ошондуктан анын аракетин колдоп жатам. «Азия-инфо» деген тили буруулардыкы болгондон кийин аларың домендерге кыргыз калпак кийгизип, кыргыз болушун каалабайт.
«Ааламдын» өткөн санындагы өлкөнүн билим салаасындагы «сарсанааларды» санаган журналист Бектуруш Салмаганинин макаласынын уландысы да ушунда.
«Асман преss» гезити азыркы парламенттеги эл өкүлдөрү тууралуу эл арасында ар кандай айың кептер айтылып : «акчанын күчү менен депутат болушканбы?», «колдоосу күчтүүбү?» деген сөздөр боло келгенин эскертип, ЖК депутаттарынын буга чейин кайда иштегенин, кесибин тастыктаган маалымат тизмесин окурмандарга сунуш кылды.
Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун өткөн сандагы маегинин корутунду бөлүгү да ушул санда.
Акаев китепеканасынын айланасындагы чуу тууралуу экс-президенттин балдызы Санатгүл Жамакееванын айтып бергендери басылды. Бийлик жөнөткөн кишилер лом союл көтөрүп келип Раззаков көчөсүндөгү Акаевге тиешелүү үйдү күч менен басып алышты деп сөзүн баштаган Жамакеева, бул үйдө Аскар Акаевдин кол жазмалары, архиви, өтө сейрек баалуу китептери, өздүк буюмдары болгонун, Конституция боюнча экс-президенттин мүлкү кол тийбестикке ээ экенине карабастан күч менен тартылып алынганын, Буга дейре «Алтын балалык» дарылануу комплексин да ушундай жол менен тартып алышканын зарлап кеп кылган.
-Мындан аркы кадамыңыздар кандай болот?- деген суроого Санатгүл айым:
- Соттошобуз. Бул жөнүндө жакында Варшавада өтүүчү Европа Коопсуздук Кеңешинин сессиясында да кеп болот,-деп жооп берген.
Ушул эле гезиттен «Улуттук университете «Бекбалаевщинабы?», орус тилиндеги «Как будет дальше, госпожа Жоробекова» деген макалалар, Мамлекттик архив агенттигинин деректири Чолпонбек Абыкеевдин «Кытайлар 5 миң жыл мурун түшүнгөн нерсени кыргыздар бүгүн да түшүнө элек», «Турсунбай Бакир уулу православ күйөө баласын мусулман кылабы?» деген интервьюларды окууга болот.