Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:05

«Башка чапса «кыңк» этпес, өлүк болду кайран эл!»


"Эл сөзү" гезитинде «А» менен «Б»нын айырмасы, оңолдукпу же тонолдукпу?» деген бийлик менен элдин мамилесин иликтеген макала, «Тузу жок саясат, же саясаты жок мамлекет» аттуу сын баяндама жарык көрдү. «Назар» гезити «оппозиция менен бийлик сүйлөшүүгө барат экен» деген эл оозундагы кептерди жазып чыкты. «Кыргыз руху» гезити УТРК деректири Мелис Эшимканов көлгө губернатор болуп калышы мүмкүндүгүн жар салды.

«Көлдөн чыккан мансапкорлордун, жугундукорлордун, кошоматчылардын айынан бүтүндөй көл элинин кадыры сынып турат. Эгерде Балыкчыда камалгандар соттолуп кетсе, анда алардын убалы 1-кезекте Ысык-Көлдүн губернатору Исаев менен Балыкчы шаарынын мэринде болот. Же көлдүн эле уул-кыздарын шайлоого садага чабалы деген атайын чечим барбы? Былтыр Каркыра сатылып, быйыл Жетим-Тоо сатылса, көл жээгин бүтүндөй эле чет жактан келгендер басып алса, Кумтөрдү текейден арзан канадалыктарга кармата беришсе, эми минтип четинен уул-кыздарыбызды камап жатса, эмне булар көлдүн элин биротоло эле баш көтөргүс кылып салалыбы деп ойлоп жатышабы? Балыкчы чатагын чечпей туруп, Ысык-Көл дубанынын 70 жылдыгын кантип майрамдап жаткандарын түшүнбөйм», деп айтып чыкты «Улуу Биримдик» партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев, анын бул интервьюсу бүгүн жарык көргөн «Эл сөзү» гезитине басылды..

Баяндамачы Эртабылды Аттокуровдун «Акаев-Бакиев: моралдык деградациябы же мүлк талашпы?..» деген сандан-санга жарыяланчу макаласынын алгачкы бөлүгү, Алмазбек Темирбек уулунун «А» менен «Б»нын айырмасы, оңолдукпу же тонолдукпу?» деген бийлик менен элдин мамилесин иликтөөсү, Абдубахав Мониевдин өткөн сандардан бери уланып келаткан «Тузу жок саясат, же саясаты жок мамлекет» аттуу баяндамасы ж.б. материалдар жарык көрдү.

«Назар» гезити: «эл оозунда оппозиция менен бийлик сүйлөшүүгө барат экен» деген кептер айтыла баштады. Айтылган сөз чын чыкса, сиз андан натыйжа чыгат деп ойлойсузбу?» деп сураганына айрым атуулдар мындай дешти.

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов: - Сүйлөшүү болбойт. Өлкө деген Конституциялык жолдон чыгып кеткен. Оппозиция Конституцияны, мыйзамды сыйласа бул кадамга барбайт. Кыскасы сүйлөшүүлөрдөн мурда бузулган Конституцияны ордуна коелу деген талапты күн тартибине киргизүү керек. Бийлик деле оппозиция менен сүйлөшкүсү келип турат дейсиңби? Өз ара түшүнүшүү болбогон жерде кайдагы сүйлөшүү.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков: - Сүйлөшүү болот, бирок натыйжа чыкпайт. Оппозиция деле ага даяр эмес. Сунуш кылар программасы, идеологиясы жок. Бир эле жол калды – 5 жылдык мөөнөттүн бүтүшүн күтүү керек. Нааразылык билдирип, элди алып чыгуу да өзүн актабай калды.

Компартия башчысы Клара Ажыбекова: - Бир коомдо жашап тургандан кийин сүйлөшүүгө барган жакшы. Бирок оппозиция өз сунушун берет, талаптарын коет, бирок бийлик анны кабыл алабы, жокпу, маселе ушунда. Бийлик талашып эле жүрө беришпей, бир пикирге келип, эл үчүн иштешсе жакшы болор эле.

Гезитте ошондой эле Дастан Сарыгулов менен кыргыздар тууралуу кабарчынын маеги, Үсөн Касыбековдун парламенттеги жер-суулардын, райондордун, уюмдардын аттарын өзгөртүү боюнча демилгесине арналган «Бороондуу күнү бок кычайт» аттуу каяша макаласы тартууланды.

«Кыргыз туусу» гезити 12 миң сом пенсиясы бар Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаев ушул гезит үчүн 10 миң сом кошумча кошконун маалымдап, анын гезиттин 85 жылдык мааракесин колдоого чакырган макаласын сүрөтү менен 1-бетине басып чыгарды.

Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгна арналган жыйында сүйлөгөн президент К. Бакиевдин сөзү толугу менен жарыяланды. Гезитте булардан тышкары кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбайдын «Манас жана Чыңгыз», филология доктору Рахима Кыдырбаеванын манасчы Уркаш Мамбеталиевдин «Семетейи» тууралуу, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун «Алымкул аталык», Нуржан Касымбековдун Кожомкул балбан жөнүндө макалалары бар. КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия төрагасы Ташбоо Жумагулов менен гезит кабарчысы Папан Дүйшөнбаев маек курган. Буга улай эле «Мамлекеттик тилдин 20 жылдыгына карата» деген рубрика алдында тил күйөрмандары Абылкасым Осмонали уулунун, Гүлбарчын Байымбетованын, Гүлнара Курманбаеванын, ардагер Садыбакас Ералиевдин, Жоробек Борбодоевдин ойлору сунушталган.

«Кыргыз руху»
гезити УТРК деректири Мелис Эшимканов көлгө губернатор болуп калышы мүмкүн, кокус Мелис мырза ал жакка губернатор болуп калса түптүктөрдүн жумурткасын түбү менен жоготмок деп, спикер болуп жыргатпаган Айтибай Тагаев Акылбек Жапаровдун ордун алмаштырат имиш деп, кезинде Акаев түзүп, кайра жоюлган киреше комитети түзүлүп, ага салык комитети менен бажыканасы кошулуп, башына Аскар Шадиев барат имиш деген кеп бар деп, «акжолчу» ырчы Керим Турапов министр болсом дегенде ичкен ашын таштап, ак эткенден так этип чуркап жүргөн учуру дешет, анын үстүнө Маданият министрлиги кайрадан Билим министрлигине кошулат экен деген кеп деп каңшаар таратты.

Гезиттен белгилүү коомдук ишмер, Улуттук онкология борборунун жетекчиси Накен Касиевдин, Туризм боюнча амамлекеттик агенттиктин деректири Турусбек Мамашевдин маектерин да окууга болот.

«Учур» гезити: «Парламент жакында тарап, кайрадан шайлоо болот деген сөз жүрүүдө, буга сиздин пикириңиз?» деп сураганда айрым саясатчылар мындайча жооп беришти.

Академик Абдыганы Эркебаев: - Өзүңөр билесиңер 1-октябрдан баштап электр энергиясына чектөө кирет. Тамак-аш болсо кымбаттады. Оппозиция лидерлерине катуу куугун жүрүүдө. Петровка, Балыкчы чатагы боюнча бир нече адам камакта жатат. Мына ушунун баары социалдык чыңалууга алып келет. Кокус эл толкуса Бакиев парламентти таратат. Кара башты сактоо үчүн бирөө садагага чабылат да.

Журналист Турат Акимов: - Мен бул пикирге кошулбайм. Бул паламентти колдон чыгарса К. Бакиевдин өзүнө жоготуу болот. Социал-демократтар фракциясы тарап кетсе деле эч нерсе өзгөрбөйт. Баарын «акжол» өзү чече берет.

Коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев: - Парламент өз ролун адилет аткарган жок. Бир гана кишиге баш ийип жатат. Демек өлкөдө демократия орной элек. Президент ушун ойлосо аны таратышы керек.

Мударис Кусейин Исаев: - Балыкчы окуясы боюнча Ысык-Көл районунан 4500 шайлоочу, андан тышкары көлдүн аттуу-баштуу адамдары атайын кайрылууга кол коюшту. Бирок муну эч ким чымын чакканча көрбөдү. Мындай учурда депутаттар президенттин көзүн ачыш керек эле. Ушундай аракеттер элдин жинине тийип, кокустук болгондо гана президент парламентти таратышы мүмкүн.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: - Реформага ылайык Элдик Курултай түзүлмөй болду. Демек экөө бирин - бири кайталайт. Эгер Башмыйзам элдик курултайды чечим кабыл ала турган орган катары тааныса анда парламент жоюлушу керек.

ЖК депутаты Гүлжамал Султаналиева: - Бүгүнкү күндө парламентти таратуунун эч кандай кажети жок. Анткени реформа жүргөнү турат. Парламент тараса өлкөдө олку-солку абал жаралат. Азыр биз үчүн туруктуулук маанилүү.

«Агым» гезити «Учага таарынган аксакалдар. «Кыргыз эл жазуучусу» болгусу келген Султан Раев же интригандар» аттуу макаланы окурмандардын ой элегине салды. Анда Кыргызстан жазуучулар союзунун жаңы жетекчиси менен эски жетекчисинин ортосунда соттошуу болгону эске салынып, Эл акыны Омор Султанов менен маектешкен. О. Султанов жазуучулар уюмуна төрага болуп шайлангандан кийин Минюстан каттоодон өтпөгөнүн, мурунку төрага Анатай Өмүрканов деле мындай каттоодон өтпөгөнүн, сот ушуну бетке кармап жетекчиликти мыйзамсыз деп таап, анын доо-арызын канааттандырбаганын, ал эми жазуучулар союзу деген акча жеп-ичкендей завод же фабрика эместигин, президенттен жардамга алган 1 млн. сом аталган уюмдун карыздарын жапканга, имаратты оңдогонго, коммуналдык төлөмдөргө, айлык акыларга, «Кыргыз адабияты» деген гезитти чыгарганга жумшалганын сөз кылган. Баса ушу кезде Бишкек МАИсинде жазуучулар союзуна таандык делген 8 автомашина каттооодо турарын, алар эмне болгон машиналар экенин төрага билбестигин, бирок союз алар үчүн салык төлөп келатканын, айтор майда-барат интригалардын айынан жазуучулардын бул уюму жакында жабыларын, анткени качан болсо эле ызы-чуусуз жүрбөй калган мындай уюмду өкмөт да, президент да мындан ары колдобой тургандыгын, дегинкиси кыргыз жазуучулары тазаланбаса болбой калгандыгын кеп кылган.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG