Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Кыкеңдер К.Юдахинди да “эл душманы” кылышкан


“Аалам” гезитинде берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кыргыз парламентарийи патриоттуулук дегенди бул - мамлекеттик гимнди элге милдеттүү түрдө ырдатуу деп түшүнөрүнө, бирок сессия учурунда буга кайчы пикирин билдирген айымды 4-5 депутат жигит төө бастыга алып, алтургай “ эл душманы” дегенге чейин барышканына окурмандардын көңүлүн бурган.

Гимнден тутанган бул окуяга токтолгон депутат Карамушкина шовинисттик маанайдагы, улуттар ортосуна шынаа каккан мындай көрүнүшкө жадагалса парламенттин этика боюнча комитети да көз жумду мамиле жасаганына ыза болгонун айтат. Депутаттын ою боюнча ар кимге эле гимнди зордоп ырдатууга болбойт. Анын үстүнө гимнди ырдаган киши эле патриот болуп калат дегендин өзү балалык баео түшүнүк.

Коомдук ишмер Калнур Ормушевдин ою да ушундай. Парламент бул мыйзамы менен Кыргызстандагы өздөрүнүн тагдырына байланыштуу гимнди аткарууга чамасы келбей турган жарандардын укугун бузуп атканы менен иши да болгон жок. Эгер адам дүлөй болсо же көкүрөгүнө коюп алып ырдаганга колу жок мунжу болсо кандай болот, же буларды да патриот эмессиң деп жазага тартуу керекпи?

Андан ары депутат Ирина Карамушкина парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков, аны “сен деген кыргыздын нанын жеп келатасың” деп айтканын эскерткен.

Буга карата оюн билдирген эксперт Калнур Ормушев:

-Ошентип айткан Исабеков өзү кимдин нанын жеп келатты экен? Спикер орунбасарынын бир гана айтканына кошулууга болот, Кыргызстандын бюджетине минип олтургандардын баары элдин ырысын жеп келаткандар,- деп айтты.

Гезит баяндамачысы макаласынын акырын Сокулуктун бир айылында туулуп өсүп, өмүрүнүн 26 жылын карапайым калктын балдарын окутуп-тарбиялоого жумшаган, катардагы тарых мугалими, азыркы депутат Ирина Карамушкина парламентте олтургандардын кимисинен болбосун кем болбосун, артык болсо артык болорун кеп кылып, “Ирина Юрьевна, сиз эл душманы эмессиз. Сиз элдин үнүсүз!” деген сөздөр менен аяктаган.

“Өлүм жазасын колдонууну сунуштаган Суталинов менен Мадумаровго окшогондор “конституциялык түзүлүштү кулатуу” сыяктуу шылтоо менен саясый көз карашын ачык айткандарды жең ичинен өлүмгө кириптер кылуудан кайра тартпачудай болуп калды. Бул экөөнө азыр Кыргызстандын коңшуларга тебеленди болгон түштүк чек арасы эмес, өлкө жарандарыбыздын эң жөнөкөй акыйкаттыкты талап кылган аракети коркунучтуу экен” деп баяндаган “Айат пресс” гезитинин кабарчысы Олжобай Шакир ансыз да бир миллиондой жаран өз Мекенинен чыгып кеткенин, эл азыр өлкөдөгү жакырчылыкка эмес, акыйкатчылыкка көбүрөөк нааразы боло баштаганын билдирген.

“Асман преss” гезитине интервью берген генерал Исмаил Исаков азыркы президент да, депутаттар да легитимсиз экендигин, бийликтин кемчиликтерин бетке айткандарды каматтырып, кээ бирин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылып, криминалдык элементтер менен биргелешип, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” саясатын жүргүзүп келатканын, Кыргызстандын 1,8 млн. калкы жакырчылыкта жашарын, Өзбекстандан газдын миң кубун 240 доллардан сатып алып, аны кайра өз элине 312 доллардан сатып, ар бир кубунан 72 доллар ашык пайда таап, ортодон эле жегич ажыдаарлар миллиондогон долларларды жеп атканын айтып, өзүнө козголгон сот иши саясый буйрук болгондуктан дагы көпкө созуларын кошумчалаган.

“Учур” гезити Кыргызстандын үч жаранына өкмөт электр энергиясына бааны көтөрүү үчүн токтом токуп атканын эстерине салып, “буга кандай ойдосуз?” деп кайрылган:

Экономист Айылчы Сарыбаев: - Албетте каршымын. Тескерисинче Ильяс Давыдов энергетика министри болуп келери менен колунан бааны арзандатыш керек болчу.

Саясатчы Топчубек Тургуналиев: - Дүйнөдө эң арзан электр кубатын Кыргызстан өндүрүп чыгат. ГЭСтерде өндүрүлгөн энергиянын киловатт сааты 3 тыйынга жетпейт. Анан элди кыйнап 70 тыйындан сатып, анысы аз келгенсип 1 сом кылабыз деп 40 эсе көтөрүп жатышпайбы.

“Ар-Намыс” партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев: - Бул заман талабы. Эгер бааны кымбаттатсак ГЭСтерди оңдой албайбыз. Бизде энергия уурдагандардын көбү коммерциялык мекемелер. Ушуларды жойсок, бааны көтөрүү муктаждыгы болмок эмес.

Ушул эле гезит аркылуу маегинде Мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинин эпидемиялык оорулар боюнча башкы адиси Динара Оторбаева дүйнөнү каптап келаткан чочко ылаңына каршы 7 миң 40 кишиге жете турган гана дары барын, Кыргызстандын бүтүндөй элин эмдөө үчүн вакцина жетпей тургандыгын шардана кылды.

“Айат пресс” гезити “Петровкадагы окуя менен бирге Балыкчыдагы саясый нааразылык үчүн камакка алынгандардын тагдырына ырайым болушу мүмкүнбү?” деп айрым жарандарга собол салган.

Журналист Кабыл Макешов: -Ырайым кылышпайт. Себеби милийсасы камактагыларды уруп-согуп, жалаа жаап аткандан кийин ишениш кыйын. Бийлик башкаларга сабак болуш үчүн абактагыларды ур-токмокко алган милийсалардын аракетине көз жумду.

Саясатчы Алманбет Шыкмамтов: - Буларды кесет. Мындай жол менен элди тартипке салабыз деп ойлоп атышат. Жок. Элдин күчүн мындай аксымдык менен өчүрө алышпайт.

Журналист Жылдыз Муслимова: - Саясатчылардын сөзүнө ишенип, өмүрүн тобокелге салган абактагы ошол карапайым адамдарды мен жүрөгү таза мекенчилдер дейм. Аларды конституциялык түзүлүштү бузууга ниеттенген кылмышкер катары жазалоо азыркы бийликтин чоң катасы болуп каылшы мүмкүн..

XS
SM
MD
LG