“Кыргыз руху” гезити Мальвина Үмөтбекованын “мектеп-билим булагыбы же кылмышкерлердин башатыбы?” деген макаласын жарыялады. Автор азыр ар бир мектепте өз “лидерлери” же алардын азыркы адатка айланып бараткан тили боюнча өз “отвечарлары” барын, андыктан ар бир мектепте талап-тоноо, уруш-талаш дегендер байма-бай жүрүп турарын, кабыргасы каталек боз баштар бирин-бири сабап, алтургай бирин-бири өлтүрүп салган мыкаачылыкка чейин барып жатышканын айтып, бул боюнча Жогорку Кеңштин депутаты Кабай Карабековдун пикирин уккан.
Депутат муну “балалык рэкетчилик” эмес “балалык кылмышкерлик” деп мүнөздөп, олимпиадалык резерв мектеби финансыланбай, болочоктогу спортсмендерге тамак-аш жетишпей, мына ушунун айынан талап-тоноочулукка барып жатат дегенге жол бербөө керектигин белгилеп: “Бул балдар келечекте спортсмен болууга эмес, бандит болууга, криминалдык бандалардын мүчөсү болууга даярдалып жаткандай” деп баалаган.
Ушул эле “Кыргыз руху” гезити аркылуу Кыргызстанда бийлик ээси Курманбек Бакиев болсо, байлык ээси – Кыргызстандын өнүгүү Фонду экени, ал эми ошол Фонддун башына кесиби юрист Алексей Елисеев келгени, ошентип Кыргызстандын бир тизгинин 60 жаштагы Курманбек Бакиев ээлесе, экинчи бир тизгинин анын жарым жашындагы же 33 жаштагы Алексей Елисеев ээлегени, ал эми анын “серый кардиналы” ким экендиги журналист Айзада Авазованын “Кыргызстанды ким башкарат?” аттуу макаласында сөзгө алынат.
“Эл сөзү” гезитине “аксакалдар кеңеши” аталган кыргыздын кадырлуу карыларынын он сегизи колун коюп, тизмесин тизип туруп президент К. Бакиевге, ЖК төрагасы А. Тагаевге, Жогорку соттун төрайымы Ж. Алиевага “Түрмөгө түртпөй боорго тарт” деген ат менен каты басылды. Катта: “Курманбек Салиевич, сиз эмгек сиңирген мугалим Абдрахман Хасанбаевдин кошоматка кой эмес, торпок союп: "президент Кудайдын жердеги өкүлү” дегенине ишенип алдыңыз. Жеңилүүнүн арты жеңиш дейт, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз серпилсе, сел-кыян жүрүп кетет. Оппозиция менен элдин мизи чабылган кылычтай мокоду десеңиз адашасыз. Ичик кийип, чучук жегендердин сурала турган күндөрү да алыс эмес. Жети атаңыздын өчү бардай СДПК фракциясынын таш талканын чыгардыңар. Кыргыздын бычакка сап уул-кызы түгөнүп калгансып, уулуңуз Максимдин курсташы Алексей Елисеев мамлекет тагдырын чечип жатканына таң калабыз. Урматтуу президент, башкаруу реформасын Елисеевге окшогондор менен бирге баштасаңыз, кыргыздын шору али алдыда экен” деп коңгуроо болуп кагылган катта мындан мурдагы ысык-көлдүк аттуу-баштуу адамдардын кайрылуусуна бийликтин кабагым-кашым дебегени жакшы жышаан эместигине, өзгөчө кыргыздын мекенчил, кыргыз десе жүрөгүн сууруп берүүгө даяр турган мыкты уулдарынын куугунтукка алынып, сабалып, түрмөгө камалып жатканына басым жасалган.
“Назар” гезити Кален Субановдун “Ата Мекен коркунучта!” деген рубрика алдындагы макаласын сунуш кылды. Автор акыркы күндөрү Акүйдө бийликке баш ийбеген финансылык борборлорду түзүү иштерине басым жасала баштаганын талдоого алып, ошондуктан жаңы ханзаада издеген акча ээлери стратегиялык багытты тандап бүткөнүн белгилеп: “Эми Максимдин аты менен бийликке баш ийбеген акча массасы чогултула баштайт. Акчанын кепилдигин алуу үчүн Максимди саясый аренага көтүрүп чыгуулары мүмкүн. Албетте Жаныш Бакиев башында турган күч түзүмдөрү мындайга жол бербегенге аракет кылат. Жыйналган акчаны алтургай өзүнүн Балтикасына алып кетсе да аны алып кала турган мүмкүнчүлүк Жаныш Бакиевде гана бар” деп баяндаган автор бир гана жол, улут катары улуттук кызыкчылыкты көтөргөн кадамдарга тезиээк барбасак, бизди улут эмес, бир үйүр топко айланатуу механизми иштеп кетиши мүмкүн” деген ойду жар салган.
“Кыргыз туусу” гезити “Элдин үйү жарык, жамааттын жүзү жарык”, “Карылар унутта калбайт”, “Кыш-мезгилин кыйынчылыксыз өткөрөбүз”, “Улуттук долбоорлор улуу жолго багыттайт” деген жана башка ырасмий, тарыхый, маданий маанайдагы макалаларын окурмандарына тартуулады.
Коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына арналган “Кыргыз саясатынын патриархы” деген макаласы да жарыкм көрдү. Автор Усубалиев Гиннестин китебине кирүүгө татыктуулугун, ал мурдагы союзга кирген жетекчилердин ичинен эң таланттуусу да, эң көрүнүктүүсү да экендигин, улуттук кызыкчылык үчүн бек турганын, ал советтик чыгыштын тарыхында сөзсүз ири саясый жана мамлекеттик ишмерлердин бири катары каларын айтып чыкты.
“Агым” гезити өткөн сандарында Кыргыз эл акыны Омор Султановго жазуучулар уюмундагы басылбай келаткан чыр-чатак боюнча сөз берип келгенин эскертип, бул ирет ушул уюмдун азыркы баштыгы Абдырахман Алымбаевге сөз кезегин сунган.
“100 миллионду ким жутту?” деген макала Кыргызстандын билим берүү тармагындагы окуу китептеринин көйгөйүн талдоого алган. Кыргыз билим берүү Академиясынын кызматкерлери Бишкектеги китеп сатылган жер төлөлөрдү кыдырып жүрүп кызыктай көрүнүшкө туш болушкан. Өткөн жылы жарык көрбөгөн 15 наамдагы окуу китеби жер төлөдө сатыкта турган. Академия кызматкерлери ырасмий басыла элек китептер кандайча жарык көрүп, кандайча пулданып жатканын сурашканда: “Кардарлардан түшкөн заказдын негизинде жеке менчик кичи басмаканалар менен иштешебиз. Маселен, китептин өздүк наркы 100 сом болсо, аны биз 2 эсе кымбат сатабыз” деп жооп беришкен. Мына ушул чакан басмаканаларга китептин үлгүсүн берип, аны жарыкка чыгартып, окуучулардын ырыс-кешигинен арам акча жасап жеп келаткандар кимдер экени ушу күнгө чейин табышмак. Ал эми өкмөт жыл сайын 100 млн. сом бөлүп турган күндө да, китеп таңсыктыгы 12 жылда гана араң чечилет. Макалада ушул тууралуу кеп болуп, Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаевдин ишмердигине айрым кишилердин берген баасы кошо жарык көрдү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбековдун интервьюсунун аты “Бахтыярды Зикирбаев атайын өллтүрүптүр” деп аталат.
“Агым” ошондой эле кыргызда “бүлүнгөндөн бүлдүргү алба” деген кылымдан бери келаткан накыл кеп барын, бирок карт кыргыздын бул айткан акылына карабай атаандаштарынын “бөркүн ал десе башын алган” бийлик кошоматчылары Алмазбек Атамбаев менен Болт Шерниязовду суракка чакырып, карапайым калкты ызы-чуу салдың деп камап атса, бийликтин кой деп койбогону кайсы салт-санаага туура келчү эле деп кулак кагыш кылды.