Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:05

Кучагыңа бычагымбы?


Гезиттердин бир даары спорт мектебинин айланасындагы маселени талкууга алса, бир даары башкаруу реформасы, кыргыз тили тууралуу маселелерди жазып чыкты.

“Кыргыз руху” гезити бүгүнкү сандагы негизги макалаларын спорт мектебинин айланасындагы талаштуу маселелерге арнады. Гезит “Александр Воиновдун шоу программасы” деп аталган макаласында: “Балдардын ашып-ташып турган энергиясын чоң муштумдукка эмес, пайдалуу жумушка, спортко, Мекенди сүйүүгө багыттап туруу алардын жетекчилеринин, өзгөчө спорт, Ички иштер жана Коргоо министрликтеринин биринчи кезектеги милдети. Эгер биз балдар мушташат экен деп корксок, анда спорт мектебин эле эмес, Жогорку милдиция окуу жайын, армияны, аскер окуу жайларынын баарын жаап салышыбыз керек. Келгиле анда эркектерибизди казан менен базарга, ушак-айың менен кепке коюп, аялдарыбызды мылтык берип чепке коелу?” деп жаны кашайды.

“Эл сөзү” гезити айтылуу саясатчы Топчубек Тургуналиев менен кенен кеп курду.

Токко тартылып, эки колунан ажырап калган Самат тууралуу анын апасынын айтып бергендери да ушул санда.

Спорттук мектепке байланыштуу ызы-чууга атайын кайрылган басылма Бээжин олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиевден интервью алган. Ал уйгурлар менен кыргыз балдардын ортосунда келишпестик бар экенин, 2002-жылы уйгур балдар, жакшы чыгып келаткан спортсмен, 10-класстагы Жанышов Бакыт деген баланы сайып өлтүрүп коюшканын, уйгурлар негизи бычакты көп колдонушарын, өздөрү чырды баштап коюп, эч качан эркекчилик кыла алышпастыгын, улуттар арасындагы мындай келишпестик бар экенин эмне үчүн өкмөт жокко чыгарып атканына түшүнбөй тургандыгын айтып чыкты.

Бээжин олимпиадасынын дагы бир жеңүүчүсү Руслан Түмөнбаев “Келечектеги “бандиттерди” даярдай турган жараксыз окуу мекемеси” деп сүйлөгөн депутаттын айткандары болбогон кеп экенин, спорт мектебин көтөрүүнүн ордуна ойго келбеген сөздөр менен жаманатты кылып аткандары туура эместигин, ал эми уйгурлар маселеси бекер жерден чыкпаганын, муну жакшылап иликтесе болорун, кокус кыргыздар жинденип кетсе түп орду менен катуу көтөрүлөрүн, муну да эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Буга улай спорт мектебинин жетекчиси К. Эргешовдун: "Министр ошол Алтуханы таап, элге көргөзсүн" деген тема менен кабарчынын суроолоруна жообу басылды. Спорт мектебинин 11-классынын окуучусу Камил уулу Амангелдинин “Өкмөттөгүлөр бизди баса бербей, уйгурларды жөнгө салып коюшпайбы?” деген, ошол эле мектептин 11-классынын окуучусу Эрлан Ормоновдун: “Милициялар мени кыйнап эле мойнума алдырып коюшту. Уйгурлар минтип кыргыздардын намысын тебелеп атса, биз карап турмак белек. Кыргыздар качанкыга чейин эле намысыбызды башка бир улуттарга тебелетип жүрө беребиз? Чоңдор деле ушуну ойлонуп коюшса болмок” деп нааразы болгон ойлору жарыяланды.

“Назар” гезити жаңы санын саясый серепчи Сабыр Муканбетовдун “План – Б” деп аталган макаласы менен баштады. Автор макаласында: “Кыргызстандын суу байлыктарына көз артып аткандар тууралуу кеп болгондо эле акыры барып сөз Максим, Елисеев, Машкевич, Бирштейн, Березовский, Белоконь жана америкалык Роберт Джозер Доул, Джон Беннет өңдүү жөөттөрго барып такалганы кызык деп жазса, “Миллиардды куркураткан кулкундар” аттуу макаласында журналист Үсөн Касыбеков: “2010-жылдын бюджетинде президенттин администрациясына 830 миллион сом, ал эми парламент үчүн 359 млн. сом чыгымдалып, бул экөөнө жалпы корогон чыгым 1 млрд. 189 млн. сомду түзөт. Башкасын айтпаганда да, бир гана президенттин жансакчы кызматы болгон Жаныш Бакиевдин ведомствосуна корогон каражат бүтүндөй Улуттук Академиянын бир жылдык бюджетине барабар экен” эсептеп чыкты.

Ушул эле гезит таланттуу акын, Байдылда Сарногоев атындагы эларалык адабий сыйлыктын лауреаты Тургунбек Бекболотовдун жандүйнөсүнөн сөгүлүп түшкөн ырларын окурмандарга сунуш кылды. Акындын айрым саптарынан окуй кетели.

Эзилтип казы-карта, жал жесеңер,
Эл деген ээрчиме бир мал десеңер.
Эч кимди көзүңөргө илбей жүрүп,
Эсирип кеттиңер ээ даңгесерлер.

Байсыңар, бирок неге жалаксыңар,
Көзүңөр көргөндү бүт талапсыңар.
Элестей берет мага өлкө бүгүн
Тордогу туйлап турган чабак сыңар...
же

Жабылып оозум, колдорум турат байланып,
Каткырат мага, табактай беттер майланып.
Кусалуу тиктейм ак карлуу бийик тоолорду
Калтырайт денем, карекке жашым айланып...
дейт акын.

“Кыргыз туусу” гезити соттордун калыссыздыгынын азабын тартып келаткан Чоң Алайдын тургуну Аскар Сатыбалдиевдин президент К. Бакиевге кайрылуусу менен жаңы санын ачты. Гезиттеги көңүл бура турган дагы бир жагдай журналист Папан Дүйшөнбаев кыргыз тилин кыска мөөнөттө үйрөнүп алып, кыргызча алданемедей сүйлөгөн АКШнын Индиана университетинин профессору Уильям Фирман менен кызыктуу маек курган.

Аталган гезиттин жаңы санында ошону менен бирге эле көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына карата Билим Карагуловдун “Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген” деген макаласы да жарык көрдү.

“Агым” гезити коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиевдин “Саясый технологдордун сунушу кыргыз менталитетине туура келбейт” деп аталган интервьюсун тартуу кылды. Башкаруунун өнөкөткө айланып калган жоопкерсиздик кырдаалынан чыгуунун эки жолун сунуш кылган Өмүралиев же президенттик, же парламенттик башкаруу системасынын бирин тандап алуу керектигин, бирок президент үйбүлө, жек-жаат “туткунунан” бошонуп, тандап алган системага баш ийип, эл кызыкчылыгы үчүн иштөөсү зарылдыгын белгилеген.

Эсенгул Өмүралиев андан ары президент реформа жасоо жаатында оппозиция менен кеңешүүсү керектигине, дүйнөлүк практикада да мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн каршылашкан эки тарап ар дайым мунасага келерине токтолгон.

Чуусу басылбай келаткан Улуттук жазуучулар союзунун чатагын, союздун мурдагы төрагасы Омор Султановдун ишмердигин бул жолу драматург, союздун катчысы Сейит Алтымышев уланткан. Анын маеги: “Көккө түкүргөндүн көзүнө түшөт” деп аталат.
XS
SM
MD
LG