Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

«Ата Журт ай, Ата Журт, Ата Журт ай...”


Гезиттер өлкө турмушундагы урунттуу окуялар тууралу жазышууда.

“Күтүлбөгөн жерден мамлекет башчысынын үй-бүлөсүндөгү ишенимдүү адамдарынын бирине айланган А. Елисеев башында турган өнүгүү фондусу деп аталган структура 1-планга чыга келди. Деги эле реформа дегениңдин өзү суперминистрликке окшогон өнүгүү фондусуна аткаруу бийлигинин функционалдык милдеттерин өткөрүп берүү амалы эмеспи деген кыжаалаттыкты жаратат”, - деген оюн айтты “Назар” гезитиндеги макаласында журналист Үсөн Касыбеков.

Ал эми “Жер таламай” аттуу макаласында ушул эле автор Кыргызстандын өкмөтү колдо турган алтынды да сарамжал пайдалана алганга жарабаган, жүүнү бош, компотентсиз бийликке айланганын, өлкөнүн жер-суу байлыктарына, стратегиялык объекттерине сугун артып тургандар кызыл акчанын четин эле чыгарып койсо “ме” деп кармата бермей адаттары барын Каркыра, Үзөнгү-Кууш, Камбар-Ата ГЭСтеринин, Ак-Сай, Арпа жайлоолорунун мисалында кеп кылган.

Нургазы Жолдошевдин “Кош, Камбар-Ата” аттуу макаласында “ өнүктүрүү фонду” деп аталган жаңы түзүм жөнүндө сөз болот. Бул фонд орустардын 300 млн. доллары келип түшөрү менен жандана баштаганы айтылат. “Караңыз, акча Орусияныкы, башкаруучулары америкалыктар. Орус президентинин админстрация башчысы Сергей Нарышкиндин Бишкекке жасаган шашылыш сапарын учурунда көпчүлүк түшүнбөй кала берген. Арадан көп убакыт өткөн жок, 9-октябрда “Камбар-Ата-1-2 гидроэлектрстанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүн жоготту деп табуу тууралу” мыйзамын депутаттар колдоп беришти. Орусиялык өкүл ошол мыйзамдын кабыл алынышына карата тоскоол эткени келгенби деген пикирлер да бар. Анткени америкалыктардын кеңешчилиги менен иш жүргүзүп аткан Өнүктүрүү фондунун аракеттери Орусияга жакпаган чыгаар” деп баяндады.

Аталган гезитке КР баш прокурору Э. Сатыбалдиевге, ИИМ министри М. Конгантиевге жана гезиттин баш редактору Б. Жээнбековго Жалал-Абад шаарынын тургуну Ильяз Хамракуловдун арызы гезиттин баш редактру Б. Жээнбековдун макаласы менен кошо жарыяланды.

Гезит ошодой эле: "Ала Тоосун сатып жаткан адамдар, Ата Журттун кадыр-баркын билишпейт" деген баштема алдында жаш акын Заирбек Бактыбаев аттуу жаш акындын ырлары менен окурмандарды тааныштырды.Бир ырын биз да окуй кетели.

Ата Журт ай, Ата Журт, Ата Журт ай,
Аңдоосуздан кетирген каталыкпы ай.
Бир четиңден кемирип сатып жатат,
Дагы сата түшсүн деп жаталыкпы ай.

Ата Журт ай, Ата Журт, Ата Журт ай,
Атайылап кетирген каталыкпы ай.
Белек кылып башкага берип жатат,
Дагы бере түшсүн деп жаталыкпы ай.

Биздин мүнөз ушундай күтө бермей,
Ата Журтун сатса да түтө бермей.
Акмагына айланып бата бермей,
Ата Журтун ушинтип сата бермей...
дейт таланттуу жаш калемгер.

“Башчыбыздын башкаруу системасындагы баштаган реформалары Акаевдин реформаларынын эле уландысы болот. Анча-мынча кыскартуулар болушу мүмкүн дечи. Бирок эч нерсе деле өзгөрбөйт. Коопсуздук кеңеши менен катчылыгы калыңдашы мүмкүн. Тышкы иштер министрлиги өкмөттөн ажонун кол алдына өтүшү ажеп эмес. Эгер президент өкмөт тизгинин өзү колуна алса, жер жайнаган жеп-ичер чиновниктерин кыскартса анда реформага барды десек жарашмак. Алдамай реформа болбосо ажо админстрациясынын 2010-жылкы бюджетине 1 миллиард сом сурабайт эле да. Кыскасы жашай турган реформа болобу же ашай турган реформа болобу, жакында билинет” деп жазды “Эл сөзү” гезитинин баш редактору Рыскелди Момбеков.

Ушул эле басылма БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун президент К. Бакиевге кайрылуу катын жарыя кылды. Ал Балыкчыда жүргүзүлгөн сот соттук иликтөөлөрдүн чегинен чыгып кеткен көрүнүштөрүн мисал келтирген. Бейкүнөө кылмыш жообуна тартылып жаткан 19 адамдын кылмыш иштеринин чечилишин президент өз көзөмөлүнө алуусун сураган.

Акыркы кездери бажы кызматы да коррупцияланып, натыйжада Кытай Эл Республикасынан алынып келип аткан малчарба продукцияларынын саны, сапаты текшерилбей эле каалагандай өтүп калды. Өзгөчө эт, май, жумуртка ташып өткөн машиналардын ээлери жогорку кызматта иштеген, өтө бай адамдар болгондуктан бажычылар, ал жердеги ветеринардык адистер машиналарды текшерүүдөн айбыгышып, тиешелүү акчаларын алганга ыраазы болуп кое беришүүдө. Бул тууралу “Торугарт” бажыканасына жакын Ат-Башы эли жакшы билет. Кытайдан келген эттердин даамы жок, өңдөрү да кубарып, коркунучтуу көрүнөт. Ал эми кытайдын жумурткасын жегендер айыкпас ооруга чалдыгат экен” деп жазылып, “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санына жарыяланган катты Ат-Башы элинин атынан райондук кеңештин депутаттары К. Абдылдаев, Н. Алиев, С. Аттокурова баш болгон 29 депутат жолдогон.

Катта андан ары 2007-жылы да Кытайдан оорулуу жылкыларды апкелип жашырып жүрүп, Ат-Башыда жылкынын грипп ылаңы жайылганын, ушу тапта базарларда Ак-Сай, Арпанын таза малы өтпөй элге зыянын тийгизип атканына, Кыргызстандын 5 млн. элин таза эт менен камсыз кылып эле тим болбостон ашыгын экспорттоп турганга өз кудуреттери жетерине, ал эми 1 жарым миллиарддай кытайдын өздөрү жебей бизге жиберген мандемдүү азык-түлүктөрүнө тыйуу салуу керектигине бийликтин көңүлүн бурганга аркеттенишкен.

Мындан тышкары “Кыймылсыз мүлк ээлеринин эсине”, “Өспүрүмдөрдүн ден соолугу кимге керек?”, “ХХ1 кылымдын кара тумоосуна каршы” деген макалаларды, сандан санга жарыяланып келаткан “Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери”, “Фараондордун өлкөсүнөн жолбаян” деген баяндарды, “Бабур – Базар-Коргондо”, Барпы Алыкул уулунун 125 жылдыгына карата “Жаактуу пенде жеңбеген” деген иликтөөлөрдү окууга болот. Акыркы макалада акындар поэзиясынын классиги, көп кырдуу ойчул акын Барпынын эртең анын урматына жана Сузак районунун 90 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында абройлуу илимий жыйын болуп өтөрү да маалымдалат.
XS
SM
MD
LG