“Кыргыз туусу” гезити премьер-министрдин өмүр баяны жана баскан жолуна улай өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн тизмесин 1-бетине жарыя кылды.
Ушул эле бетке академик Жамин Акималиевдин: “Мындай реформа болгон эмес” деген макаласы басылды. Академик башталган реформага баалуу ойлорун айтуу менен: “Күчтүү президент болсун. Каршы эмесмин, колдоймун. Бирок, бизде күчтүү парламент да болуш керек. Эми Жогорку Кеңешти реформалоо зарыл. Күчтүү парламентсиз, күчтүү сотсуз өнүгө албайбыз” деген оюн билдирген. Сөзүн: “Мен Тажикстанга барып келдим, үч эле облусу бар экен. Молдовада облус жок. Грузияда райондор эле бар. Эмне үчүн бизде 7 облус, 40 район, 500 айыл өкмөтү керек? Элден “айыл өкмөтү же аким керекпи?” деп сурап көргүлөчү, бирөө да “ооба” дебейт деп аяктаган.
Ушул эле гезиттен реформага үн кошуулар, сандан санга уланып келаткан тарыхый иликтөөлөр, Кыргыз эл мугалими Мукаш Базаркуловдун мамлекеттик жана коомдук көрүнүктүү ишмер Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына арналган макаласы, Жума Жамгырчинов жана “Эркин тоо” тууралуу тарыхый баян ж.б. макалаларды окууга болот.
“Агым” гезити айрым атуулдарга кайрылып, башкаруу системасын реформалоого байланыштуу суроо берген:
А. Муралиев: - Эгерде К. Бакиев баштаган ишинин аягына чыкса элдин бийликке болгон ишеним оту жанат.
А. Шыкмаматов:- Бийликтин баары президенттин колуна топтолгондуктан өкмөт башчысы жигердүү иштей албайт.
Айылчы Сарыбаев: - Чиновниктер 40-50 пайызга кыскарса мамбюджеттин чыгаша бөлүгү азаят. Аткаминерлердин ишмердүүлүгү, акыл көрөңгөсү дүйнөлүк стандартка жооп бергендей деңгээлге көтөрүлөт.
Марс Сариев: - Кышка жакын же жазында Жогорку Кеңешке шайлоо өтүшү мүмкүн. Себеби, мындай депутаттар менен иш арбыбасын президент деле жакшы түшүнүп калды. Менимче, парламенттин эмики курамын бийликчил партиядан сырткары, ортомчул позициядагы бир нече партия өкүлдөрү түзөт.
Асланбек Сартбаев: - Данияр Үсөнов сынды көтөрө албайт, сын айткандарды душман көрүп алат. Карапайым калк ичинде Үсөновду мактаган адамдарды дээрлик кездештирбейсиң.
Мирослав Ниязов: - Бул элдин көзүн будамайлоонун жападан жалгыз амалы. Болгону мамлектеттик катчы кызматы жоюлуп, өкмөт түзүмү кыскарды. Мындай реформадан эч кандай майнап чыкпайт. Менимче, “реформачылардын” башкы максаты – бир адамдын, бир үйбүлөнүн көзүн караган бийлик структурасын түзүү болсо керек.
Ушул эле санда бүтпөй келаткан кыргыз жазуучуларынын чатагы уланып, бул жолу гезит Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун: “Акын Омордун душманы – гражданин Омор же оморчулук жөнүндө учкай сөз” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды.
“Эл сөзү” гезитине реформа маселеси боюнча Алмазбек Темир уулунун: “Эл ишенимин актайбы же өз бийлигин сактайбы?” деген, Баратбай Аракеевдин: “Чексиз бийликке кеткен жол жана оппозиция” деген, Эртабылды Аттокуровдун “Сабаттуу” соттун, сабатсыз аныктамасы же чечилбеген жер чатагы” деген, Кадамжайлык окурман Абдинаби Назарбаевдин “Эгемендүүлүктү сактай албасак, көчмөн цивилизациянын баасы бир тыйын” деген, Аксылык окурман Тургунбек Нарыкеевдин: “Чыңгыз Айтматов “жүнү жулунган тоок” жөнүндө, же...” деген макалалары, Бурул Мусабекованын сейсмология интитутунун деректири Канат Абдырахманов менен маеги ж.б. маданий темадагы макалалар басылып чыкты.
“Кыргыз руху” гезитине журналист Айзада Абазованын “М” жана “Ж” командасы, Ахунбай Кошойдун “Оппозициянын тактикалык талкаланышы” аттуу макалалары жарык көрдү. Ахун мырза оппозициянын кыйрашынын беш себебин аныктап чыккан.
Бул санга: “ГЭСти менчикке берүүдөн коркпош керек” деген ат менен ЖК депутаты Нарынбек Молдобаевдин маегине да орун берилген. Автор ГЭСтерди, шаар ичиндеги, аймактардагы жерлерди сатса эч нерсе болбостугун, курулган ГЭСти же имаратты чет өлкөлүктөр көтөрүп кетпестигин, ал эми электр энергиясын жылыга 5 пайыздан кымбаттатып туруу пайдадан башка зыян алып келбестигин кеп кылган.
Буга улай эле журналист Азизбек Келдибековдун “Саммиттен “гамбитке”, Каркырадан Камбар Атага” деп аталган макаласы да тартууланды.
Белгилүү окумуштуу жана акын Советбек Байгазиевдин ырлары ааламдашуу алай-дүлөйүндөгү Ата Журттун абалына жүрөк канатат.
-Эй, прогресс, неге мени жинденттиң?
Көйгөйлөнтүп көңүлүмдү зилдеттиң.
Башы болдуң эчендеген илдеттин.
Баарын булгап, жеримди уулап,
Апапакай Ала Тоомду кирдеттиң.
Көөнүм бузбай көчмөндүгүм сүймөкмүн,
Жер-Энеме залал кылбай кылчалык,
Бозүйүмдө адал жашап жүрмөкмүн,- деп кайрылбас доорго каңыргын түтөтөт.
“Назар” гезити Эльнура Дүйшееванын “Маданият “майып” болду” деп аталган макаласы менен жаңы санын ачты. Анда министрликтен агенттикке айланып калган маданияттын тайкы таалайы тууралу учкай кеп козгогон.
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин башкаруу реформасын сынга алган ойлору, айрым атуулдардын пикирлери жана президент К. Бакиевдин рефорома боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү кыргыз тилинде басылып чыкты.
Журналист Үсөн Касыбековдун “Түбү түгөнбөс реформа” аттуу баянында Бакиевдин буга чейинки башкаруу саясатын жана жаңыдан коомчулукка жар салган башкарууну реформалоо багытын сынга алган. Эксперттердин Д. Үсөновдун өкмөт башына келишине ичтери чыкпагандыгын, анткени Үсөнов иштеген жеринин кайырын чайыр кылып баса бермей адаты бар экенин, ошондуктан анын эл ичинде саясый салмагы жоктугуна токтолгон. Элдин пикири менен эсептешпеген дайындоолор элди иренжитерин, ошондуктан бийлик өз реформасын жүргүзүүдө коомчулуктун колдоосуна муктаж эместигин көрсөтүп жатат деген ойлор басымдуу деген тыянак менен макаласын жыйынтыктаган.
Аталган гезит ошондой эле “Манас” кыргыз эл эпосу ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес мурас тизмесине Кытай Эл Республикасынын атынан киргизилгени дүйнө маданиятын адашууга алып келерин, анын үстүнө Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири “Манас” эпосун кытайдан жаралган эппос катары жалган маалымат таратып жибергенин, мындай пикир эпостун чыныгы жаралган жерин одоно жана сабатсыз бурмалагандыкка жатарын белгилүү кинорежиссер Садык- Шер-Нияз билдиргенин жазып чыкты.