“Жаңырык апта” гезити академик Омарбай Нарбековдун интервьюсун жарыялады. Аты: “Кыргыз интеллигенциясы канткенде итий оорудан айыгат” деп аталат.
Бакиев бийликке жеткен 4 жыл ичинде өкмөт башчысын 5 ирет алмаштырып, 3 айда 2 жаңы Конституция кабыл алып, эми үчүнчүсүнө тап берип турганын, кезинде мындай “реформалардын” атасын тааныткан Акаев калктын каргышына калып, Маскөөнүн этегине кире качып кутулганын, президент Бакиев да андан сабак алганын байкатып турганын эске салган академик , айырмасы: “Акаев элден бир аз айбыкса, Бакиевге коомчулук да, эл да, а түгүл мамлекеттин Башмыйзамы да кеп болбой калды, чет элден келген жана өзүбүздө жашаган еврейлер бригадасынын түзүп берген схемасы менен ансыз да чексиз бийлигин бекемдеп, элдин, келечек муундун Кен, Жер, Суу байлыктарын ошолордун, образдуу айтканда уулу Максим Бакиевдин таякелеринин колуна салып берди” деп айтты.
Андан ары Омарбай Нарбеков эл добуш берүү менен өз тагдырына өзү ээ болалбай калганын, миллиондорду уурдагандар бакадай чардап, шайлоодо өз добушун коргойм дегендер түрмөдө отурганын, минтип бийликтин анча-мынча каршылыкка күч колдонуудан башка жооп табалбай калганы анын түбүнөн чирип баратканын далилдээрин белгиледи.
Маегинин аягында академик Нарбеков “дүйнөлүк аферист” аталып, көп өлкөлөрдүн экономикасына кол салууга аракет жасаган шылуун Борис Бриштейн баштаган еврейлер бригадасы канчалаган кыргыз кадрларынын тамырына балта чапканын, кезинде Бриштейнди кеңешчи кылып алгандыгы үчүн эле Акаевди соттосо болорун, акыры Кумтөрдү дал ошол Бриштейн менен Левитиндин урук-тууганы тартып алганын мисалга тарткан. Азыр эми президенттин уулу Максим Бакиев күндө бир таякесин таап келип атканын айтып, буга Орусиянын качкын олигарх-еврейи Борис Берерзовскийди, Максимдин бизнес боюнча дагы бир шеринелеши, еврей Белаконду эстеткен. Булар кантип бир заматта республиканын майлуу жерине ээ болуп калганын гезиттин эмдиги санына калтырган. Академик менен журналист Алым Токтомушев маектешкен.
“Айат пресс” гезити өткөн сандан калган талаштын уландысын “Кыргыз журналистикасы төкмө өнөрүнө айланды” деген ат менен жарыялады. Гезит мындан сырткары ИИМ министри М. Конгантиев менен маек курган. Министр азыр түнкүсүн суракка алмай, Балыкчы тургай, бардык жерлерде тыйылганын сөз кылган. Милийсалар дайым эл менен экенин, ар бир райондун, айылдык милийса бөлүмдөрү керектүү техника жана машина менен камсыз болгонун, милийсалардын 85 жылдык тоюна фильм тартылып, журнал жарык көргөнүн, кыргыз милийсасы саясатка эч качан аралашпаганын жана аралашпастыгын кеп кылган.
Буга улай эле ушул министрликтин мурдагы министри генера-майор Жусупбек Акматовдун “Саясаттын нак чордонунда ИИМ иштейт” деген ат менен интервьюсу басылып чыкты..
Журналист Дүйшөн Керимдин макаласы “Укканга таянып урдура бербе” деп аталат. Анда тарыхый инсан Шабдандын тегерегиндеги талаштуу жагдайлар тууралуу сөз болот. Автор “Шабдан оруска кызмат кылган, кыргызды оруска басып берген” деген жарлык айрым бир трайбалисттик жазмакерлерде күч экенин, тескерисинче Шабдан момун элди бүлүнтпөй, дипломаттык көрөгөчтүгүнүн аркасында кан төгүүсүз сактап калганын сөз кылган. “Кийинки урпактарга таза, так, акыйкат, жеткилең тарых калтыра алсак, элибизге ак кызмат кылган болор элек” деп макаласын жыйынтыктайт журналист Дүйшөн Керимов.
“Аалам” гезитине кыргыз урууларынын Оң канат, Сол канат жана Ичкилик канаты деп аталган уруулардын кайрылуусуна тайпа башчылары Кеңешбек Дүйшөбаев, Кадырали Кошалиев, Абдисалам Юлдашев кол коюп, президент Курманбек Бакиевге жолдошкон. Анда “түбү бирге биригет, учу бирге ажырайт” деген кыргыз накылына шилтеме жасалып, беш миң жыл бою кыргызды уруу ынтымагы же Үч канат түзүлүшү сактап келгенин, ошондуктан Үч канатты калыбына келтирүү зарылдыгын, кыргыздын Үч канатына кирген уруулар Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндө жетиштүү санда экенин, эгер бул демилге колдоого алынса кыргыз эли түндүк-түштүккө бөлүнүү илдетинен кутула тургандыгын кепке алышкан.
Аталган гезит андан кийинки бетин “Кыргызды уруулук ынтымак аркылуу бириктирүүгө болобу?” деген суроо салып, жогоруда биз аттарын атаган жарандардын ойлоруна орун берген. Кеңешбек Дүйшөбаев уруу тактоо ишинде ал баштаган Оң канат Ичкиликтерден да, Сол канаттан да артта калганын, колунда президент К. Бакиевдин тейит уруусунан экенин чагылдырган келишкен китеп турганын айтса, Сол канаттын өкүлү Кадырали Кошалиев Үч канатты тактап алгандан кийин демократия жолу менен, элдик курултай аркылуу коом түзүүгө жетишүү зарылдыгын белгилеген. Ичкилик канатынын өкүлү Абдисалам Юлдашев, бүгүн урууларды бириктирүү аракети башталганын, кээ бирөөлөр кайра бөлүнмөйдү күчөтүп жатасыңар деген ойду айтып жатышканын, бирок мындан чочулоонун кереги жоктугун, булар саясатка аралашпастан элди бириктиргени жатышканын сөз кылган. Акырында гезит Арык тейит уруусунун геналогиялык жадыбалын жарыялаган,
“Учур” гезити “Ата Мекен” партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерниязов Швециянын социал-демократиялык партиясынын чакыруусу менен анын курултайына катышуу үчүн жөнөп кетишти деп, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 90 жылдык тою 5-ноябрда “Дасмия” ресторанында өтөт, мааракеге 500 киши чакырылыптыр, той башчысы экс-депутат Шамшыбек Медетбеков экен деп кабар таратты.
Ушул эле гезит айрым жарандарга кайрылып: “Мамлекет башчысы эбегейсиз бийликти өзүнө топтоп алдыбы?” деп суроо салды.
Мурдагы губернатор А. Артыков: - Президенттик институт стратегиялык багытта иштей турган болсо бир топ жылыштар болот, эгер админстративдик багытта кетсе анда мурдагыдай эле бойдон кала берет, ошондуктан күтө туралы ,-деп,
ЖК депутаты К. Карабеков: - Бул мамлекет башчысы айткандай реформанын биринчи эле кадамы. Мен президент өзүнө эбегейсиз бийлик топтоп алды дегенге каршымын, себеби Конституция өзгөргөн жок,- деп,
БЭКтин штаб башчысы А. Бекназаров: - Президент факт жүзүндө аткаруу бийлигинин башына келди, бул биринчиси. Экинчиси – инвестициялык, инновациялык жана кредиттик агымдарды өз колуна алуу менен байлыктын ээси болду. Өкмөт да президенттин колуна өттү. Кыскасы бул институт аркылуу К. Бакиев бийликти узурпациялап алды,-деп,
Укук коргоочу А. Абдрасулова: - Финансы, күч органдары кимдин колуна өтсө ошонун колуна бийлик чогулат. Эми президенттин бийлиги эбегейсиз болуп калды. Бирок анын жоопкерчилиги да чоңойду. Мурда биз террорчу деп атып, камап салган адамдарды кимден сурарыбызды билбей келсек, эми алардын тагдырын президенттин өзүнөн сурайбыз,-деп,
Саясатчы Т. Тургуналиев: - Бул тоталитардык диктатураны түптөө жолу,- деп жооп берди.