Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Акыл издебей, алтын издеп калды


Гезиттердин башкы темасы башкаруу системасындагы реформасы жана "Манас" жөнүндө болууда.

“Назар” гезити журналист Айгүл Бакееванын мурдагы мамлекеттик катчылардын бири Осмонакун Ибраимов менен маегин басты. “Башкасын коюп “Манастан” баштоо керек эле” деп сөз алган Осмонакун мырза, мурункулар “Манастан” руханий дөөлөт, мамлекеттик идея издесе, азыркылар алтын, акча, баалуу металл издеп калганын, маселен башкы “идеолог” Адахан Мадумаровдун буйругу менен ыйыктын ыйыгы делген Манастын Кароол Чокусунун жүрөгүнө кол салуу аракети жасалганын, бирок кудая шүгүр аны каздырбай эл токтотуп калганын, Манас өлөр алдындагы керээзинде Каныкейге кайрылып:

- Дардайып денем жатпасын,
Даңгыттар сөөгүм ачпасын.
Тоздуруп тогуз мүчөмдү,
Топурагым чачпасын”,
- дегенин мисал кылган.

Андан ары Осмонакун Ибраимов азыркы идеологдор “Манасты” жакшылап окубаган, Айтматовду окубаган кишилерден турарын, кыргыздын “Манас колдосун!” деген сөзү саясый лексикондон биротоло шыпырылып түшкөнүн, Манаска мындай мамилени түшүнгөн Кытайлар демилгени дароо илип кеткенин кеп кылып, “Манас” ЮНЕСКОнун алтын тизмесине киргизилди, “Манасты” Кытай бийлиги кароосуна алды, сыягы акылман кытайлар кризис заманында улуу эпостун руху Кытайды колдоп берсин деп ойлоду окшойт деп ойлойм” деп айтты.

Аталган гезит “Манас” темасын андан ары улап: “Кыргызды коргогон Манасты кыргыз коргой алабы?” деген аталыштын алдында улуу муундун өкүлү Турдакун Усубалиевден тартып азыркы мектеп жашындагы балдар-кыздарга чейинкилердин ойлорун ортого салган.

“Кыргыз туусу” гезити “Илимсиз ийгиликке жетпейбиз” деген аталыштагы кайрылуу жарыялады. Ага Кыргызстандын аты жакшы белгилүү 16 илимпозу, ар кайсыл тармактагы илимдин докторлору колдорун коюп, президент К. Бакиевге жолдогон. Кыргыз окумуштуулары Кыргызстанда бүгүн илимдин тагдыры кейиштүү абалга кептелгенине, мыкты, таланттуу деген жаш илимпоздор өз өлкөсүнөн келечек таппай чет өлкөлөргө кетип жатканына, өлкөдө илим тармагы боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясат жоктугуна, Кыргызстандын илими саркынды каражаттын эсебинен эптеп-септеп жан багып келатканына, мисалы илим үчүн АКШ, Израиль дүң продукциясынын 5, Казакстан менен Беларусь 2, коңшу Өзбекстан 1,8 пайызын бөлсө, Кыргызстанда илимге 0, 12 пайыз гана бөлүнөрүнө өлкө башчысынын көңүлүн бурууга далалат кылышкан.

“Кыргыз руху” гезити бүгүнкү санына мурдагы президенттин кызы Бермет Акаеванын Казакстандык журналист Гүлшат Хамит менен маегин кыргызчага которуп басты.

“Паракорлукту ооздуктамайын, реформадан майнап болору күмөн” деп аталган интервьюну академик Алтай Бөрүбаев берди.

Гезит айрым жарандарга кайрылып: “Жаңы реформа өзгөрүүгө алып келеби?” деп суроо койгон.

Топчубек Тургуналиев: - Президенттик институт деген бул жеке бийликти диктатурага айлантуу. Эл унутулду. Электр энергиясын өз элибизге 72 тыйындан, өзбектерге 23 тыйындан сатышат. Камбар-Ата 2 ГЭСин Бакиевдердин үйбүлөсү менчиктештирип жатат.

Генерал Исмаил Исаков: - Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Кызматка олтурган чиновниктердин арасында эл үчүн иштейин дегендер жок. Президент эчкимге жооп бербейт, эчким андан отчет албайт. Кыргыз эли үчүн жыйынтык чыкпайт, жыйынтык бир гана үйбүлө үчүн коюлуп жаткан саясат.

Жеке ишкер Субан Суранбаев: - Көптөн бери мындай боло элек эле. Менин оюмча эң туура. Албетте жыйынтык чыгат.

“Ак жол” гезитинин башкы редактору Өмүрзак Төлөбеков: - Президенттик аппарат 40-50 пайыз кыскарды. Бул өлкө үчүн чоң үнөм. “Акжол” партиясынын атынан да, Кыргызстандын атуулу катары да кубаттап, толугу менен колдойм.

Саясый ишмер Эмил Каптагаев: -Эч кандай кадрдык өзгөрүү болгон жок. Балким кызматта иштеген чиновник ошол орунга татыктуудур, бирок татыктуу деген кызматкерлер да мамлекет үчүн эмес, бир үйбүлө үчүн иштеп бергени жатпайбы?

“Агым” гезити өлкө жетекчиси накта жаңыланууну жаңы жылдан кийин баштамакчы болгонун, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүшү да ыктымалдыгын, Данияр Үсөнов ээрге отурары менен анын парламенттеги жубайы Динара Исаеваны айланчыктаган депутаттардын саны арбыганын майда кабарлар аркылуу маалымдады.

Гезит коомдук ишмер Мирослав Ниязовдун: “Суу – тынчтыктын булагыбы же чыр-чатактын башатыбы?” аттуу макаласын сунуш кылды. Ниязов суу, энергетика маселесине, ага байланыштуу коңшулар менен түзүлгөн алака-катыштын маани – маңызына токтолуп, олуттуу ойлорун ортого салган.

Журналист Зайырбек Ажыматов кызмат соодагерчилиги тууралу жазган макаласынын атын: “Акаев кезинде губернаторлук орун 50 миң доллар эле. Азыр канча?” деп суроо койгон. Реформанын аркасы менен Маданият министрлиги жоюлуп, агенттикке айлангандан бери “Агымга” телефон чалып, арыз-арманын айткан чыгармачыл адамдар көбөйгөнүн эскерткен гезит бүгүнкү санына: “Чылпагын алабыз деп көз чукугандай болдубу?” деген аталыштын алдында эл артисттери менен эмгек сиңирген артисттердин ойлоруна орун берген.

Даражасы төмөндөгөн туризм менен маданият тууралуу “Бычылган “бука”, тууру кесилген туризм жана майдаланган маданият” аттуу Мирлан Дүйшенбаевдин макаласында кенен кепке алынган. “Реформа соңунан дүжүр саясатчылар, серепчи сөрөйлөр “эми чындап реформа болот, эми келечегибиз оңолот” деп жамырап жатышат, маданият, мамлекеттик тил маселеси дегендер Ош-Баткен жолунун курулушундай бир-эки жыл аракетте болуп, анан токтоп кала турган нерсе эмес го” деп жазды.

“Эл сөзү” гезитине “Эл, мезгил, тарых Исмаил Исаковду актап алат” деген ат менен БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров президент К. Бакиевге кайрылуу жолдоду. Кайрылууда генерал Исмаил Исаковдун буга чейинки ишмердиги кенен баяндалат. Анын мамлекет алдында жасаган жакшы иштери саналат. Сот учурунда И. Исаковдун бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чачкандыгын тастыктаган бир дагы күбө, бир дагы документ табылбаганы белгиленип, генералдын ак жерден күнөөлөнүп атканына президент көңүл бурушу керектиги айтылат.
XS
SM
MD
LG