“Эл сөзү” гезитиндеги журналист Эртабылды Аттокуровдун баяны Кыргызстанга Березовскийдин келип кеткени, анын Таластагы “Жерүй” менен “Андаш” алтын кендерине көзүн кызартканы жөнүндө ошо кезде эле орус басылмалары маалымдашканын, кыргыз бийлиги болсо орустардын жазганын калпка чыгарууга жандалбас кылып келгенин дагы бир жолу эске салып “аталган алтын кендери эми кайрадан талашка түшүп, таластыктар менен алтын деп жутунгандардын ортосунда тирешүү күч алганы калды көрүнөт” деп жазды.
“Канча жылдан бери кыргызга Кумтөрдөн түшпөгөн ырыс-кешик Жерүйдөн түшөрүнө ишенүү кыйын” дейт автор. Анын үстүнө алтындан алда канча кымбат Таластын таза суулары, табияты, дыйканчылыктын бардык түрүнө ыңгайлашкан асыл жери турат. Мына ошол кудай берген аймакты калыбынан бузбай, талкалабай, жоготпой сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү керек. Арадан 15-20 жыл өткөндөн кийин алтыны казылып, ташы чачылып, уу таштандысы менен анын азап-тозогу гана калат бул жердин. Чет өлкөлүктөр алтынын алган бойдон өз өлкөлөрүнө сызат. Таласта таластыктар гана калат. Эртабылды Элди небере-чөбөрөлөрдүн кийинки тагдыры тууралуу ойлонууга чакырат, “Манас бабабыздын жерине жаны ачыган адам бар болду бекен?” деген суроо менен макаласын жыйынтыктайт Аттокуров.
Гезит маданият маселеси боюнча да сөз кылды. “Бааланбаган баалуулук, алсыраган маданият” аттуу макаланын автору Алмаз Темирбек уулу. Макалада президент Курманбек Бакиевдин башкаруу системасын реформалоосу кыргыздын тили менен маданиятына урулган сокку болгонуна каңырык түтөтүп, бул боюнча айрым атуулдардын оюн ортого салды.
Манасчы Уркаш Мамбеталиев: - Маданият министрлигин кайра калыбына келтирүү керек,- деп,
Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков:- Маданиятка кайдыгер мамиле жасалып, статусун кичирейтип, артка таштап салышты. Тескерисинче улуттук асыл дөөлөттөрдү жандандырып, рухий пайдубалды бекемдөө керек эле. Бирок баары теңирден тескери болду. Мен бул кадамды жакшы түшүнбөй калдым,-деп,
Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: - Бул өтө чоң адашуу, орой ката деп эсептейм,-деп,
“Пресс kg” гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониев: - Өткөн айда Ак үйдүн саясый технологу Сергей Масаулов Кыргызстан боюнча болжолдонгон жети долбоор жөнүндө жазып чыккан. Ошол долбоорлордун ичинде Кыргыз мамлекетин жоюп, башка мамлекеттердин курамына киргизүү жааты да каралганы айтылган. Конституцияны жана мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам баш болгон, башка мыйзамдарды тебелеп-тепсөө менен кыргыз тилин, кыргыз маданиятын арткы планга сүрүп, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясын, Маданият министрлигин жоюу, Кыргыз мамлекетин жоготуу долбоорун аткарууга багытталган алгачкы кадам болушу да мүмкүн,- деп жооп берди.
“Назар” гезити жаңы санын журналист Үсөн Касыбековдун “Бир флюгердин хроникасы” аттуу макаласы менен ачты. Анда сөз негизинен Феликс Кулов жөнүндө болот. Анын кичи жана чакан ГЭСтер боюнча иши, акыркы саясый окуяларга жасаган ат жүрүшү, бийлик менен алакасы, кошоматка кой сойгону талдоого жана сынга алынат.
Басылмадагы андан аркы макала Темирбек Адапбаев аттуу авторго таандык. Ал “Кош бол, Бакиев, бар бол, Бакиев!” деп аталып, ата-бала Бакиевдердин бийлигин кепке алган. Айданбек Акмат уулунун “Кокон хандыгы” кантип орноду?” деген макаласын гезит “Азаттык” үналгысынан көчүрүп жарыялаган.
“Жекшенкуловдун соту бейшембиде каралат” жана “Жакында Исаковдун тагдыры чечилет” деген макалалар аттары аталган эки саясатчынын соту жагдайын сөз кылган. Буга улай эле Петровка жаңжалы боюнча камакка алынгандардын кезектеги соту болуп, Бөлөкбаевге, Аргынбаевге жана Рыскуловго каршы чабуул башталаганын, мурда башкача көрсөтмө бергендер эми тескерисинче башка көрсөтмөлөрдү берип жатканына, Аргынбаевдин апасы президент К. Бакиевге кат жолдогонуна, бирок анысына эч кандай жооп болбогонуна, карапайым калктын муң-зарына президент кызыкпай калганына, кыскасы сот калыс өтпөй келатканына токтолгон.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катарын жакындан бери “Арт kg” деген жаңы гезит толуктады. Гезит ээси белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева. Басылманын нускасы азырынча 1 жарым миң гана. Мына ушул гезит ЖК дептутаты Т. Жумабекова менен маек курган. Турдукан айым “Манас” эпосунун тагдыры тууралуу сөз кылып, анын ар кайсыл варианттарын электрондук “китептерге” көчүрүп алуу керектигин, ага каражат таап, ар бир кыргыз баласынын үйүнө акысыз тартууга көңүл буруу зарлдыгын белгилеген.
“Таш доору керамикада” деп аталган баян көп жылдардан бери Саймалуу-Таштагы тарыхый сүрөттөрдү керамикага түшүрүп, аны дүйнө өлкөлөрүнө даңазалап, атай келсек Түркияда, Лондондо, Германияда, Будапештте сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурган таланттуу сүрөтчү Жумагул Ташиевдин чыгармачылыгы жөнүндө айтып берет.
Гезит ошондой эле 20 жылдан бери тынбай ырдап келеткан талантуу ырчы Айчүрөк Иманалиеванын эстрада театры 17-декабрда концерт коюп, концертте ал кожоюндук кылган “Арт kg” гезитинин да бет ачары болору маалымдалган.
Бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити “1521 кыргызды укпаган Кыргызстан, 152 өзбекке үйрүлүп түшкөн Өзбекстан” деп аталган маекти жарыялады. Анда Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили өзбектештип баратканы “Кыргыз кыштак” деп аталган айылдын мисалында сөзгө алынат. 10-класстагы кыргыз балдары “Манас” эпосу, кыргыз адабияты тууралуу эч кабары жок. 400 бала билим алган 11 жылдык орто мектепте бардык сабак өзбек тилинде жүргүзүлөт. Айылда 1521 кыргыз болсо, 152 адам өзбек улутундагы адамдар. Мектептин эски мугалимдеринин бири Абдразак Сайдиновдун айтымында, ушул айылдагы кыргыздардын атынан Кыргыз Республикасынын бийлигине бир нече жолу расмий түрдө кайрылуу жасалган, бирок эч кандай жооп болгон эмес. Кыргызча бир дагы китеп жок. Ал эми 152 өзбек өзбек өкмөтүнө алакандай кат жолдору менен Өзбекстан дароо жардамга келип, мектепке мамлекеттик деңгээлде жардам көрсөтүп эле тим болбой, өзбекче окуу китептери менен камсыз кылып салган. Ошентип мындан 15 жыл мурда Тажикстандын Шураб шаарчасындагы кыргыз мектебинде 1000ге жакын бала өз эне тилинде окуп келсе, бүгүн бул мектепте 182 гана окуучу калган. Кыргыздар кыргызча китепке жетпей зарлап жатса, Тажисктандын өкмөтү өз окуучуларын 10 миң долларлык тажик тилиндеги окуу китептери менен бекер камсыз кылууда.