Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Той башыбы же кой башыбы?


Гезит баяныбыз бүгүн жарык көргөн кыргыз тилдүү төрт гезит менен болмокчу.

“Аалам” гезитиндеги Бахтияр Шаматовдун макаласы “Досбол, сен акемсиң, бирок мага чындык кымбат” деп аталат. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгынынын урматына Чоң-Арыктагы мамлекеттик резиденцияда президент тарабынан сый тамак берилип, тойду Досбол Нур уулу башкарганын, башкарганы башаламан болуп, эл жерге түкүрүп кайтканын, төр башында 96 жаштагы Курмангали Каракеев, 89 жаштагы Күлүйпа Кондучалова, айтылуу баатыр аксакал Корчубек Акназаров олтурса, алгачкы сөздү алардын кызындай болгон Чолпон Баековага бергени кыргыздын наркын, салтын билбегендигин көрсөтсө, Чолпон Баекова “кокуй, менден жашы улуулар олтурса, менин сүйлөгөнүм чекилик болор” дегенге жарабай, өзүнүн шефи Айтибай Тагаевдин келе албай калганын актап-жактап, андан кийин сөз алган Апас Жумагулов 5 мүнөтүн Т. Усубалиевге, 25 мүнөтүн К. Бакиевга багыштаган “узун” сөз сүйлөгөнүн, аксакалдын тоюна арналган концерт да андан кем калбаганын, адатта мындай тойдун концерти ак таңдай төкмөлөрдүн ыры менен ачылса, бул ирет эстрада ырчысы, улуту уйгур Султан Каримовдун ыры менен ачылганын, андан кийин чыккан ырчылардын бирин да олтургандар тааныбаган жаштар түзгөнүн кенен-чонон баяндады. Автор ушу тапта жооптуу бир кызамтты күтүп аткан Досбол Нур уулу менен маданият тармагын тейлеген Султан Раев мырзалар өтө жоопкерсиздик менен мамиле кылганын баса белгиледи.

“Мамлекет башчысы бийликти дээрлик өзүнө алды. Мурда Жогорку Кеңеш бийликтин тең салмагы эле, азыр 70 пайызы жараксыз депутаттардан турган лакей кызматындагы депутат адамдар бийликтин 2-канатын түзүп турат” деп баштаган макаласынын атын журналист Жолдошбек Зарлыкбеков “Эшимкановдун феномени” деп атады. “Бул жигит канчалык авантюрист, көкбет болбосун КТРды толук жаңылады” деп белгилеп, эми анын ордуна келген кыз жүк тартып кете алары чоң суроо экенине, УТРК ансыз да шаан-шөкөт ордосуна айланып, кыргызчага караганда орусча берүүлөрү озунуп чыкканына басым жасаган. Журналист макаласынын аягында Кыргызстандын телеканалдарына баам таштап, 5-каналдын 70 пайызы, “Пирамида” каналынын 90 пайызы орусча берүүлөрдөн турарын, жалгыз ЭлТРде кыргызча аракет күчүн, бирок түштүктөгү “Керемет” баш болгон телеканалдардын тили өзбекче экенин, буга кошумча кыргыз тилдүү гезиттердин нускасы да азайганын, эл гезит окубай, гезит сатып албай калганын да кеп кылды.

“Жаңырык апта” гезити ЖК депутаты Галина Куликова менен маектешти. Маек “Ташбоо Жумагуловдун кызматтан алынышы туура болду” деп аталат. Үй-бүлөсү, жеке турмушу тууралуу кенен кеп салып, ыймандай сырын төккөн депутат кыргызча Юрий Бобковдой билбесе дагы анча-мынча билерин билдирген. Депутат айым тил жагдайын андан ары улантып, кыргызча усулдук көрсөтмөлөр, китептер жетишсиздигин, кыргыз тилин финансылоо ойдогудай эместигин, аткаминерлердин каалоосунун жана аракетинин жоктугунан мамлекеттик тил аксап келатканын сөзгө кылган. Андан ары Галина Куликова Ташбоо Жумагуловдун кызматтан алынганы туура болгонун, анткени ал тилге бөлүнгөн каражатты тилди өнүктүрүүгө жумшай албаганын, шаар мэри Нариман Түлеевдей болуп көп сүйлөбөй, көп иштесе болмогун, эми чындап күйө турган кишини койсо иш алдыга жыларын да кошумчалаган. Мектеп маселеси тууралуу айтканында депутат мектеп деректирлеринин ата-энелерден чогулткан акчаны бизнеске айландырып алган ишмердүүлүктөрү боюнча ЖК тарабынан текшерүү пландалып атканын, президенттин алдындагы коомдук палата да ушул боюнча комиссия түзмөкчү болуп атканын белгиледи.

Ушул эле гезит Абдраим Мамытовдун “Кыргыз деген улутпуз!” Улутпузбу?” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Автор кыргыз эли эң эзелки элдерден болгону менен жаш улут же улут болуп түзүлүп бүтө элек эл деген ойду айтат. Мындай болушуна автор тарыхый-географиялык жана саясый-экономикалык факторлор таасирин тийгизип жатат деп эсептейт. “Кыргыздын аймактарын тоолор менен тосмолой бергенден Жараткан не мүдөөнү көздөдү, билбейм. Бирок элибиз аны бөлүп-жаргандан бөлөк пайдасын көрө элек. Бирдиктүү чарба жана соода алака-катыш системасын мындай кой, улуттук аң-сезим, психология, ал турсун бирдиктүү улуттук тилибиз калыптанып бүтпөй калган курулуштай токтоп турат. Түштүктүктөрдү түрө “сарт” деп, аркалыктарды “коңкобай-маңкабай” атап, өз көчүгүбүздү өзүбүз чукуп, аңырдай ачып жүргөн ит пейлибизди көрбөгөн-укпаган Кыргызстанда эл же улут жок” деп кейиш менен кеп кылды.

“Учур” гезити белгилүү парапсихолог Мелис Карыбековдун гезит окурмандары менен түз байлынышын жарыялады. Ал Манас тууралуу сураган Бишкектик Алмазга Манастын энергиясы ар бир кыргыздын турмушуна киргенде гана эл кайра көтөрүлүп, турмуш оңолорун, өлкөдө чоң өнүүгүлөр болорун, Манас инсандан да жогору турарын, ал миллиондогон инсандардын күчүндөй күчкө ээ экенин, Манас деген өтө чоң энергия, биологиялык мейкин талаа, космостук албан кудурет болорун, ааламда Манас дүйнөсү барын айтып жооп берген.

Гезитке “Революциянын акыны” деген ат менен филология илимдеринин доктору, Улуттук университеттин профессору Абдыкадыр Садыковдун Аалы Токомбаев тууралуу макаласы жарык көрдү.

“Айат пресс” гезити, журналист Олжобай Шакирдин “Конокбай Ат-Башыда конокпу?” аттуу макаласын жарыялады. “Өлкөдө баары жайында” деп жүргөн Аскар Акаев падышалык тактыда эмес, ийненини үстүндө олтурганын сааты келгенде түшүнгөнүн, бийлигин эмес жанын сактап калары шаштысын кетиргенде К. Бакиев бийликке келгенин, бирок азыркы бийлик да мурдагы көчтү улантып келатканын, бир эле мисал, президент кайда барбасын элдин чыныгы ит турмушун аны тегеренип жүргөндөрдүн көзү менен көрөрүн, ал эми ким кашкайган чындыкты айтса, аны камоо-сабоо, коркутуп-үркүтүү жолун тандап алганын жазды.

Гезит андан аркы алакандай кабарларында Кумтөр менен Үзөңгү-Куушту, Каркыраны саткан Жогорку Кеңеш 70ке чыгып атат деп, Мелис Эшимкановдун еврей деген кошмок аты эл оозунда, еврей демекчи Максим Бакиевдин бизнесин өңчөй еврейлерге байланыштырып жүргөндөр бар, эми Мелис мырза Максим мырзага кеңешчи болуп бекиди деп маалымдады.

Ушул эле санда эл акыны Анатай Өмүркановдун “Союз –жазуучу чыгарчу фабрика эмес” деп аталган маеги да жарык көрдү.

Кабарчы: –Сиз ошол кездеги өкмөт башчысы Ф. Кулов менен өлкө башчысы К. Бакиевге арнаган ырыңыз чыккандан кийин жазуучулар союзунун төрагалыгынан түшүп калдыңыз эле. Кызматтан түшкөнүңүзгө ушул ырлар себеп болду беле?-деп сурады.

А. Өмүрканов: -Кулов менен Бакиевге арналган ырларым “Алас” гезитине жарыяланып, бир айдан кийин президиумда талкууланган. “Силерди ким жиберди?” десем, Акүй жиберди деп дулдуюшат. Мен бирок Ак үйдөн деле андай тапшырма болгонуна ишенбейм, муну атайылап уюштургандар болду, - деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG