Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Жарык үчүн жан кыюу


“Калк жылуулуктан баш тартууга даяр” деген баштема менен жаңы санын ачты “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити. "МК-Кыргызстан" гезити: "Бийлик бизге жылуулук менен жарыкты да ыраа көрбөй калды, эми кезектеги алмашуу келе жаткан жылдын башында, кымбатчылык ансыз да карайлаган калктын кысчу жерин кысып, электр жарыгына, жылуулук менен ысык суунун ажыдаардай оп тартканы турган алгачкы эсеп-кысабын төлөй баштаган маалда болушу мүмкүн, ошондо “баарын кылган ушул болчу” деген Үсөновдун ордун, тыбыттан жумшак, түгү түлөйлек Түлеев басат” деп жазды.

“Калк жылуулуктан баш тартууга даяр” деген баш тема менен жаңы санын ачкан “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити: “өзүн өзү курмандыкка чалуу” деген сөз бар, бул деген башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн өз жанын өзү кыюу дегендик. Энергетикадагы тарифтердин күтүүсүз көтөрүлгөн реформасын жүзөгө ашыруу үчүн эл эми өзүн өзү курмандыкка чалууга кудурети жетер бекен? Кандай болгон күндө дагы “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп, эгер эмдиги президенттик шайлоого чейин аман-эсен турсак, президент болом дегендерди жөн эле шайлай бербей: “жарык өчпөйбү?”, “үйүбүз жылуу болобу?”, “квартира акысы үчүн канча төлөйбүз?” деп сурап туруп анан шайламай болдук” деп, тарифтерди көтөрүү керектигин, анда талаш жоктугун, бирок төлөмдөрдүн баасын минтип космостук ылдамдык менен асмандатпай туруп деле мурдатан ачык айтса болбойт беле?” деп жазды.

“Кыргызстандын калкы чындап эле өзүн өзү курмандыкка чалганы калды окшойт. Бирок ким үчүн, кимдин жыргалчылыгы үчүн, кайсыл жаркын келечек үчүн курман болуп жатканыңды билбейсиң. Жаныңды кыйганың үчүн сага гарантия да жок, аны баалай турган адам да жок. Республикада орточо айлык 6 миң, ал эми Бишкекте 8 миң сом дешет. Мугалимдер менен врачтар 4-5 миң сом айлык алып жатса, кайдагы бир 8 миң сом дегенди кулакка илишет. Мындай орточо айлыкка банкирдин 60 миң сомдон жогору турган, премьердин 24 миң сомдон жогору турган айлыктары да, медициналык мекемелердеги кенже кызматкерлер менен Улуттук Илимдер Академиясынын илимпоздорунун 3 миң, 3 жарым миң сомдук айлыктары да кирет” деп кеп кылды.

Гезит андан ары “эл эмне деп ойлойт?” деп суроо салып, “эл эмне деп ойломок эле, мейли, жаңы баага макулбуз, бирок буга дейре уурдалып, таланып, тонолуп келаткандарды өзүңөр төлөгүлө, ошондо жаңы бааңардан майнап чыгат” деп ойлойт, бирок буга чейин уурдап келаткандар уурдаганын тыят, тоногондор тоногонун токтотот, уурдап-жегендерин коммерциялык жоготуу деген шылтоо менен эсептен чыгарып келаткан шылуундар шылуундугун токтотот дегенге эч кандай гарантия жок. Болгону бийликтегилер бизге мындан ары жоготуулар 25 пайыздан 15 пайызга төмөндөйт деп убада беришүүдө. Бирок коммерцияны беткап кылып алып электр энергияны уурдап келаткандар жөнүндө бири да ооз ачканга жараган жок” деди.

Андан ары аталган жумалык өкмөттүн кеңешмесинде Данияр Үсөнов” “Бизде тоок уурдасаң 3 жылга кесилесиң, ошол эле учурда жыл сайын миллиарддаган сомду уурдап жаткандар бар, кылмыш жоопкерчилиги уурдалган нерсенин суммасына жараша баарына бирдей болуш керек” деп сүйлөгөнүнө токтолду.

“ Ошентип жылуу жашаш үчүн, жарык үчүн жанды кыя турган кез келди. Ал 1-январдан башталат. Бул элдин чиновниктерге эң акыркы айтар сөзү” деп эскертти макаласын жыйынтыктап жатып журналист Виктор Виноградов.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити адаттагыдай эле жаңы санын Агеева Елeненанын президентке каты менен ачты. “Биздин адамдар ушунчалык аңкоо экен, жолдош президент. Аңкоонун барып турган аңкоосу экен. Аңкоолугуна ардагерлердин сизге багышталган катын капысынан окуп калып ого бетер ишендим. Пенсионерлер жазып атпайбы, сиз Данияр Үсөновду премьер-министрликке дайындап катуу жаңылдыңыз, анын дароо тарифти көтөрөрүн, эки жүздүү, жеткен айлакер экенин билбей калдыңыз деп. Ошентип Үсөнов баарын алдап кетип, сиз болсо анын тарифти көтөрүп жибергенин өңүңүздө тургай, түшүңүздө да билбей калып, билериңиз менен абийирдүү президенттердин бири катары айрымдар үчүн жеңилдик берүү жөнүндө буйрук чыгара салыпсыз, көрсө аңкоо ардагерлер президент деген апакай, баарын кылган Үсөнов деп ойлошот экен. Эми алар сизди, аны качан кызматтан алып жиберет деп күтүп жатышат. Элестүү айтканда алар анын пешка экенин, Акүйдүн айткандарын гана аткаргыч экенин, сиздин чечимдерди элге жеткирүүчү үн күчөткүч мегафон экенин кайдан билсин” деп жазды.

Журналист Агеева андан ары президент болордо өлкөнү өстүрүп, элди жыргатам деп тоодой убадага карк кылып, касам ичип, ант бергендер төөсү кыядан өткөн соң анын бирин да атарбагандардан көңүл калып бүткөнүн баяндап, эмдиги боло турган президенттерге программа сунуш кылган. Анысы: “Президенттикке талапкердин шайлоо алдындагы программасы” деп аталып, 9 беренеден турат. Бир-экөөн окуй кетели.

“Эгер мен президент болуп калсам, калайык калкты каратып туруп, Башмыйзамды ачык-айкын жана көз көрүнөө бузуп турам. Баш мыйзамдын мен бузган эрежелери жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу күн сайын элге шардана болуп турат.”

“Эгер мен президент болуп калсам, Армияда кызмат өтөө ар кимдин ыктыярына жараша болот. Акчаң же мээң жок болсо армияга кетесиң. Кокус мээң болуп, акчаң жок болсо, баары бир армияга кетесиң. Мээң жок болуп, бирок акчаң болсо же чин, же мандеми бар деген справка сатып аласың. Сатып алдыңбы? Төрт тарабың кыбыла, чардап жата бер.”

Гезит андан ары баалар тууралуу баяндап: “ошентип бийлик бизге жылуулук менен жарыкты да ыраа көрбөй калды, эми кезектеги алмашуу келе жаткан жылдын башында, кымбатчылык ансыз да карайлаган калктын кысчу жерин кысып, электр жарыгына, жылуулук менен ысык суунун ажыдаардай оп тартканы турган алгачкы эсеп-кысабын төлөй баштаган маалда болушу мүмкүн, ошондо “баарын кылган ушул болчу” деген Үсөновдун ордун, тыбыттан жумшак, түгү түлөйлек Түлеев басат” деп айтты.
XS
SM
MD
LG