Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Непотизм


Жогорку Кенештин 70-жылдык мааракеси белгиленген салтанат.
Жогорку Кенештин 70-жылдык мааракеси белгиленген салтанат.

“Московский комсомолец Кыргызстан” жумалыгы непотизм деген эмнеси менен коркунучтуу?” деп суроо коюп, “...кызмат даражаларын бөлүштүрүп алган үйбүлө мүчөлөрү өлкөнүн рулуна олтурат дагы, өз ара руль талашканга өтөт...,- деп маалымдады. Кыймылсыз мүлккө салынуучу салык тууралуу “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити жазып чыкты.

Алгач “Московский комсомолец Кыргызстан” жумалыгындагы Агеева Еленанын президентке багыштаган “Эмне үчүн?” деген катынан баштайлы.

Журналист окурмандарга өткөн жумада Жогорку Кеңештин 70 жылдыгы белгиленгенин, президент бир тобуна сыйлык таратканын, Ч. Баекова баш болгон айрым дептутаттар токтоналбай толкундап ырдаганын, төрөгөн жана тарбиялаган балдарынын саны боюнча акжолчу депутат Гүлнара Дербишева “Эне даңкы” деген медалга татыганын кабарлап: “Маладес Гүлнара, чын эле бүгүнкүдөй оор заманда төрттү төрөш деген тамаша эмес да, бирок “Эне даңкы” деген медаль менен канча бала төрөгөн энелер сыйланат болду экен деп карап олтуруп, мындай медаль менен тогузду төрөгөн, андан да балдарды тарбиялоо мекемелеринде 20 жылдан ашуун иштеген аялдар сыйланарын окудум. Көрдүңүзбү, жолдош президент, көрсө сиз сыйлаган Гүлнара Толубаевна “Эне даңкы” медалынын бир дагы критерийне татыксыз экен. Ошн үчүн Курманбек Салиевич, уккуңуз келеби, уккуңуз келбейби, Акаевдин колунан мындай медаль менен Аксуу районундагы психоневрологиялык балдар интернатында 22 жыл бою иштеген тарбиячылар Тамара Мазина менен Күлайым Кошоевалар сыйланганын эсиңизге сала кетейин.

Сыйлык тууралуу сөзүбүздү андан ары уласак, Чолпон Баекова 2-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Бул орден менен мамлекетти жана демократиялык коомду, элдердин ынтымагы менен биримдигин, өлкөнүн руханий жана инетеллектуалдык кудуретин чыңдагандар сыйлана тургандыгын айтсак, Баекова кайсыл демократиялык коомду чыңдагандыгы деги эле эсибизде жок экен” деп кеп кылды.

Агеева андан ары сыйлангандарды санап келип: “Билбейм, жолдош президент, же барган сайын адамдар майдаланып баратабы, же сыйлык дегендин маани-маңызы тайыздадыбы, аларды эмне себептен тапшырганыңызды да түшүнбөй калдым. Бир караган кишиге балдарга момпосуй таратып аткан Аяз Ата элестеп кетти. Дагы бир нерсени кошумчалай кетейин Курманбек Салиевич, парламент тойлоп аткан ошол жума күнү чындап эле өлкөгө эмгеги сиңген 60-70 жаштагы пенсионерлер колдоруна “Тарифтер кымбаттабасын!”, “Пенсионерлерге – татыктуу жашоо” деген плакаттарды кармап митингде турушту” деп баяндады.

Гезит андан ары “Коммуналдык тармакты бир заматта реформалоо бүтүндөй экономиканын кыйрашына алып келет” деген макала басып, анда Бишкектин Октябрь районундагы жашоочулардын коммуналдык төлөмдөргө болгон дебитордук карыздарын тизмеледи. Тизмеде 5 миң сомдон 38 миң сомго чейин карызын төлөбөй келаткандар бар. Эми жаңырган жылдан тартып, бир үйбүлөнүн тапкан кирешесинин 50-80 пайызы дал ушул квартира төлөмдөрүнө кетмекчи. Мындай кымбатчылыкка пенсионерлер менен майыптар чыдай албайт. Төлөмдөрдүн кымбатташы менен сатып ала турган бардык товарлардын баасы өсөт. Элдин жашоо деңгээли бир заматта кургуйга кулап түшөт. Муну менен 4 жана 5 бөлмөлүү квартиралардын баасы асмандайт. Өсөрү бүтүп, өлөрү калган пенсионерлер эми мындан ары өзүлөрү жашаган үйгө квартира акыларын төлөй албагандыгына байланыштуу үй-жайынан ажырап калышы да мүмкүн.

Аталган гезит макаласынын аягын: ”Энергетика тармагын чет элдик компанияларга берүүнүн кандай максаты бар эле?” деп суроо коюу менен: “Ал жөнөкөй эле, реформанын негизги максаты – коммуналдык төлөмдөр эми ар жыл сайын кымбаттап гана турат деген нерсени элдин мээсине мык каккандай кагып орнотуу жана мындан ары квартира акысын төлөгөнгө каруу-күчү, тагыраак айтканда акчасы жетпегендерди үйлөрүнөн сүрүп чыгаруу болуп саналат. Ошон үчүн бул миссияны элдин колу оңой менен жетпей турган чет элдиктердин колу менен өз кишилерибиз жазап жатат” деп жазды.

Аталган жумалык “непотизм” тууралуу да макала жарыялады. “Непотизм дегендин илимий аныктамасы – кызмат даражаларын жакын адамдарына жана бир туугандарына бөлүштүрүп берүү дегенди билдирет, демек непотизм деген эмнеси менен коркунучтуу?” деп суроо койгон басылма, “...кызмат даражаларын бөлүштүрүп алган үйбүлө мүчөлөрү өлкөнүн рулуна олтурат дагы, өз ара руль талашканга өтөт. Ал эми рулду башкаруудан сыртта калгандар же өлкөнүн эли булар үчүн бөлөк-бөтөндөр же Максим Бакиев айткандай “адам ресурстарына” айланат дагы алардын көз карашы боюнча алганда бюджет толтуруучулар же рулду башкаргандардын курсагын ачырбай, тынымсыз тамак-аш менен камсыз кылып туруучу булактар гана болуп саналат” деп маалымдады жана буга “Мыкты балдардын турмушу” деген макала арнады.

Кыймылсыз мүлккө салынуучу салык тууралуу “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити да жазып чыкты. Гезит муну менен бирге эле Бишкек шаарындагы эл ташуучу кичи автобустар менен чоң автобустардын ортосундагы талаштуу маселеге окурмандардын көңүлүн буруп, шаар мэриясы маршруттук таксилерге 2 жылдан бери чабуул жасап келатканын талдоого алды.

Гезиттин дагы бир макаласы “Көчө искусствосу вандализмге окшоп кетет” деп аталып, анда Кыргызстанда модага айланып бараткан граффит дүйнөсү тууралуу сөз кылды.
XS
SM
MD
LG