Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Адашкан улут


Баяндамабыз бүгүн жарык көргөн төрт гезит аркылуу болмокчу.

“Айат пресс” гезити америкалык Ричард Хебитт же өзүн Ырысбек деп атап алган чет элдик жигит менен кызыктуу маек курган. Рысбек мырза кыргыздарга кайрылып: “18 жылдан бери өз эгемендигибизге жеттик деп жүрөсүңөр, бирок ушуга чейин “Манас” эпосун баалабай келатканыңарга түшүнбөйм. Силер “Манасты” эпос жана жомок катары санайсыңар. Бирок анда илимдин терең негизи жатат. Өзүмдүн ушуга чейинки көз карашымда кыргыздарды пайгамбар элдин тукуму деп эсептейм. Кыргыздар мурунку күнөөлөрүн моюнга алып, улут катары өзүн таанып жашашы керек деп ойлойм. Бул үчүн кыргыз эли байыркы ата-бабаларынын Теңир жолуна кайтышы керек. Силер азыр көрүнгөн элди ээрчип, өз жолуңардан адашкан улут сыяктуусуңар” деп айтты.

Журналист Олжобай Шакирдин акын-жазуучулардын арасына дагы бир жолу ызы-чуу сала турган макаласы – “Арзымат өлбөпсүң!” деп аталат. Макалада адабияттын “арзыматчылыгы” туурасында кеп болот. Эл акыны, Эл жазуучусу деген наамы барлары деле, андай наамы жогу деле бийлик аткаминерлерине же байларга арнап мактал ыр, арноо одаларын жазып келатканын сынга алат. Белгилүү адабият сынчысы Кадыркул Даутов “тирүү классик” атаган Эл акыны Омор Султанов 2004-жылы Аскар Акаевди мактап, кийин ал кетери менен жамандап ыр жазып, анын ордуна келген К. Бакиевге арнаган ырын “Ашуу төр” китебине жарыялаганын мисалга тартат. Анын жолун “татыктуу” жолдоп келаткан кийинки муун акындарынын аты-жөнүн тизмеге алат.

Гезит ошондой эле “Алкымы чоңго аңчылык башталды” деген макала сунуштап, аз күн ичинде бир топ аткаминерлер кызматтан ыргып, кай бири камалганга үлгүрдү деп маалымдап, мурдагы министр Камчыбек Ташиевдин мекемесиндеги каражаттын аки-чүкүсүнө кеңири токтолуп, акимдер менен шаар башчыларынан 1000 доллардан чогултат деген "дартка" чалдыгып, учурда Башпрокуратура тарабынан иши иликтенип аткан Баткендин мурдагы губернатору Жумабеков жана ушул өңдүүлөр жөнүндө сөз кылган.

“Генерал Исмаил Исаковдун соту, бул коррупциянын – тазалыкка, “космополиттердин” – мекенчилдикке, өкүмзорлуктун – акыл-эске чабуулу” деп мүнөздөгөн “Жаңырык апта” гезити Адахан Мадумаров менен маек курду.

Кызмат тууралуу оюн А. Мадумаров:

- Мага кызматтын бир тыйынчалык да кереги жок. Жогорку даражадагы кызмат деп эле кресло кучактап олтурганың менен бир иш жасабасаң же ишиңдин жыйынтыгын көрбөсөң, элге пайдаң тийбесе, андай кызматтын кимге кереги бар?-деп,

- Спикерликтен кетип баратканда “Эл атасы да ушундай эки сүйлөйбү?” деп трибунадан президенттин дарегине аябай катуу сөз айттыңыз эле?-дегенине Адахан мырза:

- Биринчиден позицияларды тез-тез өзгөртүп турган жарабайт. Анткени көкүрөгүң, жүрөгүң эркин болуш керек. Мен убагында айттым. Убагында айтпасаң сөз атасы өлөт,- деп жооп берди.

- Данияр Үсөнов менен мамилеңиз бузулдубу? – деген суроого ал:

-Саясатта эч качан түбөлүктүү дос болбойт,-деп,

Исмаил Исаков тууралуу:

- Исмаил Исаков таза, мекенчил, сезими тунук кыргыз. Чөгөлөп калган кыргыз аскерин бутуна тургузуп, бийик деңгээлге жеткирип койду. Камчыга сап болгон жигит деп, ушул кишини айтат,-деп жооп берди.

“Общественный рейтинг” гезити Евгений Сидоровдун “Айтматовдун маалы”, Роман Вейцелдин “Кыргыздардын тарыхтагы олжолуу жолу” деген аталыштагы макалаларын, Энергетика министри Ильяс Давыдовдун “Энергетика рынок мыйзамдары боюнча өнүгүүсү керек” деген интервьюсун, “акжолчу” депутат Зайнидин Курмановдун коомдун руханий абалына, саясый партиялардын нарк-насилине токтолгон маегин окурмандарга тартуулады.

Депутат Курманов “К. Бакиев өз мүмкүнчүлүктөрүн дагы сарптап бүтө элек. Анын үстүнө акыркы эки жылда оң жылыштар байкалууда. Эл ага ишеним көрсөттү. Эгер бул ишеним дагы бекемделсе “Акжол” партиясы мындан ары да өсүп-өнөт, күчтүү уюмга айланат. Албетте башка партиялар да бар, алардын да ой айтууга, мыйзамдарды сунуштоого толгон-токой мүмкүнчүлүктөрү бар. Сындайт десе эле сындай бербей, өлкө үчүн иштеш керек” деп билдирди.

“Учур”
гезити “Президент мураскерин аныктайбы?” деген суроого жооп издеген макаласын тартуу кылып: “Президенттин жаңы долбооруна ылайык, эгерде президент өз милдетин аткара албай же дүйнөдөн кайтып кетсе, президенттин милдетин аткарууну Президенттик Кеңешме аныктайт” деп көрсөтүлгөн, ал эми азыркы Конституция боюнча президент өз милдетин аткара албай калса, автоматтык түрдө ЖК төрагасы же өкмөт башчысы аткарышы керек!” деп белгилеп, мына ушул “кеңешме аныктайт” дегенди бүгүн ар ким ар кандай талкууга ала баштаганын, кокус президенттин уулу Максим Бакиев көрсөтүлүп калса анын президенттикке талапкер болууга жашы жетелектигин, анын үстүнө Максим эне тилин билген менен, кыргыз тилин билбестигин, бул вариант жокко чыкса, анда мураскер болуп президенттикке кенешмеге мүчө болгондордун арасынан бирөө чыгышы мүмкүндүгүн, бирок ким чыгары али белгисиздигин, эми дагы өзгөртүү киргизилсе Кыргызстандын Башмыйзамы ушуну менен сегизинчи жолу жаңыртыла тургандыгын кеп кылды.

Гезит “бийлик үчүн “Бригада” деп аталган топтогу Ахматбек Келдибеков, Марат Султанов, Садыр Жапаровдордун күндөн-күнгө дүркүрөп өсүп бараткандыгы кооптуу көрүнүш. Акча жагынан да, электорат жагынан да бул күчтүү клан. Андыктан ушул кландын мүчөсү Ташиевдикиндей тагдыр эми “бригаданын” башка мүчөлөрүнө да келиши мүмкүн” деген тыянакка келген.

Мударис Кусейин Исаев “Дүйнөлүк банк Кыргызстанды көз каранды кылуу жолун издеп атат” десе, экономист Бекташ Кылычбеков: “Инфляция 20 пайызга чейин өсүшү мүмкүн, анткени өлкөдө кыбыр эткендин баары электр тоугсуз алдыга жылбайт” деп айтты.

Ушул эле санга “Бийликтин ээнбаштыгына каршы турабыз” деген ат менен “Эл арманы” партиясынын саясый кеңешинин билдирүүсү басылып чыгып, ага партиянын теңтөрагалары Мирослав Ниязов менен Касым Исаев кол коюшкан.
XS
SM
MD
LG