Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Өлкөсүнөн бөлкөсү кымбат


Айрым гезиттер жаңы жылдан тарта нандын баасы да кымбаттаарын жазып чыкты.
Айрым гезиттер жаңы жылдан тарта нандын баасы да кымбаттаарын жазып чыкты.

Бүгүн үч гезит жарык көрдү.

“Комсмольская правда Кыргызстан” гезити “божомолдор” деген рубрика алдында “Жаңырган жылы нан менен суу кымбаттайт” деген макала басты.

“Ошентип саналуу күндөрдөн кийин ар бир адам жарык менен ысык суунун кымбаттаган баасынын өкүмүн өз жонтериси менен сезе баштайт. Аны менен кошо азык-түлүк асмандайт. Нан менен муздак суунун баасы да өсөт. Маселен 5 сом 62 тыйындык нан 6 сом, 14 сомдук нан 18 сом болот. Курулуштун наны болгон цемент да кымбаттап, бир тоннасына 100 сом кошулат деп айтып жатышат” деп жазган гезит бул боюнча айрым жарандардын ой-пикирине орун берди.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Анатолий Никитин: - Мен эми жаңырган жылдан тартып нан сатып алганды да азайтканы калдым, антпесем эч нерсеме жетпейт. Биздей пенсионерлер үчүн 3-4 сом деген да чоң акча.

Курулуш компаниясынын деректири Марат Кулуев: - Эгер бүгүн ушундай кыйынчылык болсо, эртең сөзсүз артынан жакшылык келет. Башкаларды билбейм, бирок менде дайыма ушундай болот. Эми нан кымбаттаса эмне экен? Мындан жаманын да көргөнбүз.

Таксист Анвар Курманбаев: - Мен мындай күтүүсүз жагдайлардын кандайы болсо да даярмын. Анткени өлкөнүн кебетесин карап туруп, атка минерлер жарык менен ысык сууну, андан башкасын да кымбаттата берерин, алар ушуну менен эле токтоп калбасын жакшы билем. Ошон үчүн үй-бүлөмдү, балдарымды багыш үчүн кара жанды карч уруп, күндүр-түндүр иштеп жүрөм.

Ушул эле гезит “Журналисттер өлтүрүлгөн кесиптеши менен коштошту” деген макала тартуулап, маркум Геннадий Павлюк тууралуу сөз кылды.

Укук коргоочу Асия Сасыкбаева: -Жер-жердеги журналисттер кысымга учурап жатса, борбордогу ММК катуу цензурада. Жергиликтүү телеканалдар жагымдуу жаңылыктарды гана көрсөтүү керек дегенге жамынып алып, кемчиликтерди деги эле байкагылары жок,-деп айтса, ЖК депутаты Ирина Карамушкина мамлекет башчысы Курманбек Бакиевден Геннадий Павлюктун өлүмүнө өзгөчө катуу көзөмөл кылууну талап кылды. Депутат айым Жогорку Кеңештин өткөн ишембидеги кеңешмесине журналисттерге кол салуу маселесин араң дегенде киргизген, кесиптештери ага: “жаңы жыл алдында кишилердин маанайын түшүрбөш үчүн ал сөзүңүздү кое туруңуз” деп айтышкан.

Катчылыктын кызматкери Илим Карыпбеков: - Мен бул жерде айтылгандардын баарын төкпөй-чачпай мамлекет башчысына жеткирүүгө убадамды берем. Бирок бүгүнкү реалдуулук ушундай, ММК өкүлдөрүнүн арасында өз ара тилектештик деген жок, бул дагы абалды бир топ кыйындатат. Буга байланыштуу журналисттердин коопсуздук проблемаларын чечүү үчүн медиакоомчулук менен укук коргоочулар биригиши керек,- деп айтты.

Жолугушуунун акырында укук коргоочулар журналисттерди коргоонун жана кылмыш бетинин ачылышын көзөмөлгө алуу механизмдерин иштеп чыгуучу топ түзүүнү сунуш кылышты.

“Кыргыз туусу” гезити “Нарын шаардык кеңешинин төрагасы А. Көкөтаев, шаардык бир катар депутаттар, шаардык мугалимдер ассоциациясынын төрайымы А. Шекенбаева кол койгон “Өзгөрүүлөргө өзүбүз күбө болуп жатабыз” деген ат менен президентке жолдогон катын, “Жаңырган жылда жаштар саясаты жакшырат”, “Президент бизге жаңы жыл алдында жакшы белек тартуулады”, “Жаңы жыл жагымдуу болот”, “Өнүгүү багыты аныкталды”, “Илимдин экономикабызга кошкон инновациялык салымдары” деген аталыштагы макалаларды, маектешүүлөрдү жарыялады.

Ушул эле гезиттен сандан-санга жарык көрүп келаткан “Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду?” деп аталган журналист Амирбек Усмановдун макаласынын соңку бөлүгүн, орус акыны Михаил Синельниковдун кыргыз досу Жолон Мамытов жөнүндөгү “Отту сүйүү” аттуу эскерүүсүнүн үзүндүсүн окуй аласыздар.

Ошентип “Кыргыз туусу” гезити президент Курманбек Бакиевди “жылдын лидери” деп атаса, “Эл сөзү” гезити саясатчы Аликбек Жекшенкуловду “жылдын адамы” деп атады.

Журналист Рыскелди Момбековдун макаласы “Москва кайгырды, Вашингтон кайрылды” деген ат менен жарыкка чыгып, анда журналист Геннадий Павлюктун өлүмү жана ага карата четөлкөлүк саясатчылардын ойлору ортого салынды. Америкалык дипломаттар кыргыз бийлигин акыркы кездеги кол салуулар менен коркутуулар боюнча иликтөө иштерин тереңдеп жүргүзүп чыгууга чакырган. Маселен Америка Конгрессинин вице-спикери Олси Костингс “Мен бул өлтүрүүнүн толугу менен ачылышын кыргыз өкмөтүнөн талап кылам. Бишкекте репрессиянын күчөп бараткан коркунучу жөнүндө эскертем” деп сүйлөгөнүн, ЕККУнун ММКлар боюнча өкүлү Миклош Харастинин “Кыргыз бийлиги баарысын эле катардагы кылмыш иштерине шылтап койбой, эркин маалымат каражаттарынын коопсуздугу коркунучта калганын коомчулук алдында моюнга алышы керек” деп айтканын мисалга алган.

Ушул эле "Эл сөзү" гезити “Уй жылынын кемчилигин барс жылы толуктайбы?” деген суроо менен айрым атуулдарга суроо салып, төмөнкүдөй жооп алды.

Ө. Текебаев: - Жаңырган жылы бийлик көздөгөнүн кылат. Тирешүү күчөйт. Биздин экономика Орусия, Кытай менен тыгыз байланышта болгондуктан, бийлик электр энергиясын чет элге кармата берет деп күтсөк болот. Бул бийликтин эртең эмне кыларын ар бир кыргыз билип калды.

М. Ниязов: - Мындай бийликтен жаңы жылда жакшылык күтүүгө болбойт. Менин жүрөгүмдү өйүгөнү ата-бабалардан калган кен байлыктарын сактап кала албаганыбыз. Өлкөдө чындык болмоюн, адилет заман орномоюн мамлекет өнүкпөйт.

С. Шернияз: - Жаңы жылдан өлкөбүз өсүп-өнүгүүнү күтөт. Биз жаңы көз караштагы адамдарды күтөбүз.

Т. Какчекеев: - Келечектен да, келаткан жылдан да эл тынчтыкты күтөт. Мамлекетти курган, бийликти берген да эл. Тарифтердин көтөрүлүшү элге жакшылык алып келбейт. Биздин эл өз Мекенине, өз байлыгына ээ болушу керек.

К. Исаев: - Бизде социалдык саясат белгисиз же жокко эсе. Маданиятыбыз жетимсиреп турат. Билим берүү да алсыз. Жолборс ойлогонуна жетмейинче жаны жай албаган жаныбар. Биз дагы жолборско окшоп оюбузду ишке ашыралы.

XS
SM
MD
LG