Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Кыргыз көчү уланууда


Былтыр 41269 кыргызстандык Орусия жарандыгын алганы кабарланууда.
Былтыр 41269 кыргызстандык Орусия жарандыгын алганы кабарланууда.

Баяндама электрондук маалымат булактары аркылуу жасалды.

“Zamandash press” маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча өткөн жылы 41 миң 269 кыргызстандык Орусия Федерациясынын жарандыгын алган. Ал эми 2008-жылы орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 240 миң 849 адамга жеткен.

“АКИpress” маалымат агенттиги Нарын облусу демөөрчүлөрдүн жана бюджеттин акчасын кошуп алганда жаңы жыл тосуу үчүн 1,2 млн. сом жумшагандыгын кабарлады. Облакимчиликтин басма сөз кызматынын айтымында, бул каражат кары-картаңдардын сый тамагына, балдар үчүн жаңы жыл уюштуруп, балатыларды кооздогонго жана шаардын көчөлөрүн жарык кылууга жумшалган.

Жаңырган жылдын 1-январынан тартып Казакстан пенсия менен пособиелердин жана эң аз деген айлык акылардын өлчөмүн көбөйттү. “Борбор Азия жаңылыктар кызматынын” жазганы боюнча Казакстандагы эң аз деген пенсия 9 миң 875 теңгеден 12 миң 344 теңгеге же 62 доллардан 82 долларга өстү. Казакстандагы эң аз айлык 13 миң 737 теңге болсо ал 14 миң 952 теңгеге көбөйтүлдү же 90 доллардан 100 долларга өстү.

Мындан тышкары жаңы жылдан тартып казак бийлиги төрт же андан көп төрөгөн энелерге төрөгөндүгү үчүн бир жолу берилүүчү пособиени 50 эсеге, бала 1 жашка толгонго чейинки берилүүчү пособиени эки жарым эсеге жогорулатып, майып балдарды баккандарга төлөөчү акчанын өлчөмүн 14 миң 584 теңгеге жеткирди. Бул акча 2011-жылга чейин 15 миң 639 теңгеге жетмекчи.

Орусия, Европа менен Америка ойлонуп бүткөнчө кытайлар Борбор Азиянын газ түтүктөрүн өзүн көздөй тарта баштады деп кабарлады “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”.

Аталган маалымат кызматы муну жыл жаңырар алдындагы Кытайды көздөй Өзбекстан менен Казакстандын аймагын аралап өткөн Түркмөнстандын транс-азиялык газ түтүгүнүн ачылыш аземи асман алдындагы өлкөнү энергетикалык жактан камсыз кылып туруучу жаңы доордун башталышы деп эсептей берсе болоруна токтолду. Ошентип адистердин айтымында борборазиялык президенттер буга чейин “айныбас кардарлары” болгон Орусия, АКШ, Батыш Европа жана Иранга “газ сигналын” берип калганга шашылгандай түр көрсөтүмүш өңдөнгөндөрү менен Алма-Ата обулусундагы газ түтүгүнүн ачылыш салтанатында кытай жетекчилигине таптакыр башкача мүнөздөрүн көрсөтүштү. Эми мындан ары да, келечекте да Борбор Азия аймагынын “газ дипломатиясын” мурдагыдай Маскөө эмес, Пекин “заправкалап” турмай болду деп жазды.

Кытайлыктар 1 жылдан ашып-ашпаган мезгил ичинде Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн аймагы боюнча 1300 километр газ түтүгүн тартууга үлгүргөн. Кытай муну менен бирге эле борборазиялык коңшуларынын жаратылыш байлыктарын да өзүнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн пайданаланып калууга өзгөчө кызыкдар экенин сөз жүзүндө эле эмес, иш жүзүндө далилдегенге өттү деп белгиледи аталган маалымат булагы.

2010-жылдын 1-январында Кыргызстанда аба ырайынын абсолюттук көрсөткүчү катталды, бул күнү күн 16, 4 даражага чейин жылыды. Кыргызгидрометтин "АКИprеss маалымат агенттигине" билдиргенине караганда, Кыргызстандагы күндүн мындай жылуу болуп жаткандыгы анын климаттык өзгөчөлүктөрүнө байланышкан адаттагы эле көрүнүштөрдүн бири болуп саналат, бирок январдын жетисинен баштап Кыргызстан кайрадан кычыраган кышка кирмекчи. Синоптиктердин бул айткандары чын окшоп калды, анткени бүгүн эртең менен бүркөлүп турган Бишкекте азыр нөшөрлөгөн жамгыр төгүп жатат. Ал кечке жуук карга айланып кетиши да ажеп эмес..

“Тажикстан Ирандын ядролук өндүрүштү тынчтык максатта колдонуу программасын колдойт жана ага тиешелүү бардык маселелелрдин сүйлөшүү жолу менен чечилишин жактайт” деп билдирди Тажик президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында Ирандын президенти Махмуд Ахмадинеджад менен кечээ күнкү сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгынан кийинки сөзүндө.

“Иран менен Тажикстандын жалпылыгын айырмалоо кыйын. Тажикстанга келгенде биз өз үйүбүзгө келгендей сезебиз” деп айтты Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад эки өлкөнүн салт-санаасынын, маданиятынын, тилинин, тарыхынын жалпылыгына басым жасап. “Борбор Азия жаңылыктар кызматынын” билдиргенине караганда, Иран президенти ырасмий иш сапарын эми Түркмөнстанда улантмакчы.

Ушул эле маалымат булагы Казакстан Иранга уран аралшмасын ташыбагандыгын Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ержан Ашикбаев маалымдады деп кабарлады. Бирок "Associated Press" агенттиги МАГАТЭ үчүн атайын кызматтын даярдаган докладына таянуу менен: “Иран менен Казакстан Илсам Республикасына 1 жарым миң тоннага жакын уран аралашмасын 450 млн. долларга ташып жеткирүү үчүн жашыруун келишим түзүптүр” деп билдиррүү тараткан.

“Биз мындай маалыматтын каяктан пайда болгонун билбейбиз, Казакстан сөзсүз түрдө МАГАТЭ койгон талаптардын баарын сактайт, андыктан уран сатуу жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес” деп айтты Ашикбаев.

Ал эми АКШ бул маалымат жетери менен кескин билдирүү жасап, Мамлекеттик департаменттин ырасмий өкүлү Иэн Келли мындай келишим Иранга каршы кабыл алынган санкцияны одоно түрдө бузгандыкка жатат деп эскертти.

Казакстан уран өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн бирине кирет. Өткөн жылы бул өлкө 8,5 миң тоннадан ашуун уран өндүргөн. Ал эми Ирандагы өндүрүлгөн урандын көлөмү жылына 20 тоннаны түзгөн менен ал атомдук чоң реактордун бирин иштеткенге да кудурети жетпейт.

АКШ менен Батыш өлкөлөрү Иран атомду тынчтык программалардын максатында колдонуп жататбыз деген шылтоого жамынып алып, ядролук курал-жарактарды жасап жатат деп айыптап келет. БУУнун Коопсуздук Кеңеши буга байланыштуу бир катар резолюцияларды кабыл алып, Иранга каршы санкцияларды кийирип, аны уранды байытуу аракетинен баш тартууга чакырган. Тегеран болсо өзүно коюлган күнөөлөрдүн баарын четке кагуу менен анын ядролук программасы тынчтык максатты гана көздөрүн, ири алдыда өлкөнү электр кубаты менен камсыз кылуу экендигин байма-бай айтып келет.
XS
SM
MD
LG