Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Канжолдо хан болбойт


Баяндамабыз орус тилиндеги эки гезит аркылуу болмокчу.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити жаңы санын журналист Елена Агееванын адаттагыдай эле “президентке каты” – “Айып пул соккусу” деген макаласы менен ачты. Катта жакында жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмүн көбөйтүү жөнүндө сөз болгону баяндалат.

“Данияр Үсөнов ооз эки буйругу менен пара алмайды мыйзамдаштырып салды өңдөндү, көрсө шоопурлардан акча “жыйнаган” МАИ кызматкерлери эмес, алардын айлык акыларын тиешелүү деңгээлге көтөрө албай келаткан өкмөт күнөөлүү имиш” деп белгилеген журналист мындан ары МАИлерге кудай берип салганын, алар эми каалаган шоопурду каалаган жеринен токтотуп алып “эзе” берерин жазат.

Европа мамлекеттерин мисалга тартып, маселен Даниянын премьер-министри мамлекеттин акчасын асманга чача бергиси келбей жумушуна велосипед тээп келерине, Швецияда жол эрежесин бузса президенти тургай королуна да айып пул салынарына, демек жол эрежесин катардагы карапайым адам да, анын балдары да, президент да, анын балдары да бирдей сакташы керектигине, ошондо гана жол кырсыгы азайып, жол тартиби орноруна токтолгон.

“Биздин эл барган сайын жакшы кабар укпай жашаганга да көнүп бүттү окшойт. Бул жакшылыктын белгиси эмес” деп белгилеген ушул эле гезит Кыргызстанда өткөн жылы 1 миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен 4 миңден ашуун жол кырсыгы катталганын, жакында эле Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде катуу авариядан он гүлүнүн бири ачылалек эки кыз, эки жигит жарык дүйнө менен кош айтышканын маалымдады.

Ушул айдын 22синен 23үнө караган түнү “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү унаа Байтик баатыр жана Скрябин атындагы көчө кесилишиндеги бетон түркүктү сүзүп, тең экиге бөлүнүп кеткен. Жинди болгондой сызып келаткан машина саатына 150 километр ылдамдыкта келатканы аныкталган. Ажал тапкан эки кыз менен эки жигит түнкү клубдардын бирине барып эс алып, кайтып баратышкан...

“Коркунучтардын суммасы...” деп аталган макалада төлөмдөрдү төлөй турган күн да жакындап калганын талдоого алуу менен газ жөнүндө сөз болот. Макалада газдын ар бир миң кубметри үчүн 240 доллардан сураган өзбек тарап акырында 220 доллардан сатууга макул болгонун, бирок келишим түзүлгөн учурда Кыргызстанда 1 доллардын баасы 40 сом болсо, азыр ал 44 сомдон ашканын, демек аткаминерлер айткандай газ арзандабаганын, андан көрө эми ал дагы кымбаттабай турса болгону деп кошумчалады.

“Дело №...” гезити кыргыз жумушчуларынын президент К. Бакиевге жазган ачык катын жарыялады. Катта алардын айлык акыларын түрк кожоюндары бербей келаткандыгы тууралуу кеп козголгон. “Сунтар-Бишкек” деп аталган курулуш компаниясы 200дөн ашуун кыргыз жумушчуларынын иштеп бергени үчүн төлөй турган акчаларын 9 айдан бери төлөбөй келаткандыгы, карыздын жалпы суммасы 19 миллион сомду түзөрү айтылган.

Айласы кетип, аргасы түгөгөн кыргыздар түрк кожоюндарына кайрылгандан майнап чыкпаганда Кыргызстандын Баш прокуратурасына, Кыргызстандын Акыйкатчысына жана кыргыз президенти К. Бакиевге кайрылууну ылайык табышкан. Эгер бул маселеге президент да жардам бербесе алар акыркы иш-чараларды көрүүгө чейин барышарын, анткени айласыз абалга кептелгенин кабардар кылышкан.

Гезит ошону менен бирге эле “Ишенбай Кадырбековду шарттуу түрдө жазага тартышты. Ал мамлекетке 1 млн. 113 миң сом төлөмөй болду” деген темадагы макаласын окурмандарга тартуу кылды. Макалада Мамкурулуштун башында турган И. Кадырбековдун иши тууралуу кенен кеп болот. “Өкүм угузулду, бирок Кадырбеков буга макул эмес жана өзүнүн толук акталып чыгышы керектигин талап кылууда, демек сот мунун менен бүткөн жок, эми ал Бишкек шаардык сотунда улантылат” деп жазат аталган жумалык.

“Дело №...“ жумалыгы ошондой эле Европа Коопсуздук жана Кызыматташтык Уюмунун туруктуу кеңешинин 791-кеңешмеси журналист Г. Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кайрадан билдирүү таратып, Казакстан менен Кыргызстандын бийликтерин бул боюнча иликтөө иштерин тез арада жүргүзүү менен кылмыштын бетин ачууга жана кылмышкерлерди жазага тартууга чакырганын да маалымдады.
XS
SM
MD
LG