Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Б.Ааматов: “Элди бир эле Бакиев эмес, оппозиция да алдады”


Гезиттердин башкы темасы курултай, генерал И. Исаковдун камалышы, өлкөдөгү саясий кырдаал бойдон кала берүүдө.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргыз президентинин аппарат башчысы Каныбек Жороевдин “Азаттык” радиосунун кабарчысы Венера Сагындык кызы менен курган маегин басып чыкты.

Курултайдын чакырылышын – Президенттин Кыргызстанда жашаган улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо, коомдогу диалогду өркүндөтүү, коомдун ар кайсы күчтөрүн баш коштуруу максатында жасаган чоң демилгеси деп түшүнсө болот деп мүнөздөгөн аппарат жетекчиси, президент жүргүзүп жаткан реформага ылайык 3 миңге жакын кызматкерлер кыскарып, каражат үнөмдөлгөнүн, ал казынага 1 млрд. сомдон ашуун акча киргизгенин... Ынтымак Курултайына катышууга ар кимдин укугу бар экенин тастыктаган.

“Кыргыз туусу” “адабият” деп аталган бетине жазуучу Мамат Болоттун Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун тарыхый жаңы романы жөнүндө пикирин билдирип: “Өмүрүнүн туу чокусунда орошон эрдик жасады. Ал эбегейсиз зор теманы – калмак-жоңгордун Чынгызхандан кийинки бүтүн кыргыз-кыпчакка, түрк элдерине жасаган 200 жылдык жортуулунун урунттуу мезгилин нагыз эпостун деңгээлинде, батыл, баатыр салт, каада менен тартып берди. Баалап атышат кылымда бир жаралчу чыгарма деп, эпос деп...” деп сыпаттаган.

Ушул эле бетте көрүнүктүү акын Түмөнбай Байзаковдун жубайы Софья Султанованын акын тууралуу айтып бергендери да бар.

Баяндамачы Папан Дүйшөнбаев Кыргыз эл баатыры Мамбет Мамакеев менен аңгемелешти. Ынтымак Курултайынын маани-маңызы зор экендигин белгилеген Мамакеев калыс сөз айтса эле аны бурмалап ийгенге уста ажаан, тажаалдар көбөйгөнүнө нааразы болуп: “Буга бир мисал. Мурдарак силердин гезит аркылуу Максим Бакиев жөнүндө пикирим чыккан. Мен ал баланы тааныбайм. Анан бир жолу телевизордон сүйлөгөн сөздөрү аябай жакканынан пикиримди жазып койсом, эмнелерди гана айтышпады. Өткөндө бир радиодон бул курултайга жалаң дүжүрлөр шайланат деп какшап жатат. Ошондой болушу да мүмкүндүр. Кыргызда “кой аксагы менен жүз” деген жакшы сөз бар эмеспи” деп айтты.

“Назар” гезити, 6-февраль күнү маркум Шерали Назаркуловдун ачкачылыктан көз жумганына 8 жыл болорун, ал ачкачылыктын 22-күнүндө каза тапканын, кийин Аксы окуясына байланыштуу курман болгон азаматтардын жакындары өкмөттөн жардам алганын, бирок Шералинин жакындарына мамлекет бир тыйын да бербегенин, өткөн жылы маркумдун жубайы 7 жашар Азимбегин жетелеп, оор турмуштун айынан Орусияга ооп кеткенин кабарлады.

Алайдын тың чыкма азаматтары, атап айтканда өлкөнүн баш салыкчысы Келдибеков менен ЖК депутаты А. Сулайманов Сокулук районунун бир айылында улак тартыш уюштуруп беришкенин, көрсө аталган айылда 200 түтүн алайлык адамдар жашарын кабарлап: “Бул жөн эле учурда жердештеринин көңүлүн алып коюбу же генерал Исаковдун камалышына нааразы болгон Сокулуктагы айлайлыктарды пас-пас кылуунун амалыбы?” деген суроо таштады.

“Улам эле башыбыз менен дубал сүзө беребизби?”

Белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов 94-жылдын октябрь айындагы референдумдан берки бекиген мыйзамдардын баары элдик мыйзам болбой, ошол күндөн баштап Конституция бурмаланганын, муну юрист депутат Ч. Баекова да моюнга алышы керектигин белгилеген. Оппозиция тууралуу оюн Б. Ааматов: Азыркы оппозиция элди тажатып бүттү. 2005-жылы бийликке келген оппозиция эмне кылды? Бардыгы бирден портфель кучактады да үндөбөй олтуруп калды. Эмне үчүн оппозиция 24-марттан кийин өзгөрүүлөрдү киргизген жок? Бакиевди бийликке отургузардан мурда Конституцияны ордуна келтириш керек эле. Булар антишкен жок, анткени Бакиев менен бийликке келгендер биз да алып калалы, биз да жеп калалы деп келген. Эмне үчүн алар Акаевди, анын жан-жөкөрлөрүн жеди-ичти деп сотко беришкен жок? Акаев тушундагылардын бири да кускан жок. Алар кайрадан Акүйгө, Жогорку Кеңешке, башка мекемелерге топтолду. Элди бир эле Бакиев эмес, оппозицияда жүргөндөр да алдады” деп айтты Б. Ааматов.

“Эл сөзүн” меймандап келаткан “Форум” гезити өткөн жылы белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу жанчылып, айыгып чыккан соң башпаанек издеп чет өлкөгө чыгып кеткен журналист Сыргак Абдылдаевдин электрондук маалымат каражаттары аркылуу таратылган: “Павлюктун өлүмү акыркысы эмес. Биринчи айлампа аяктап, экинчиси башталды...” деген орус тилиндеги ачык катын көчүрүп жарыялады. Буга улай аталган басылма айрым атуулдарга: “Швециядан жазган Сыргак Абдылдаевдин ачык катына көз карашыңыз?” деген суроо салды.

Э. Каптагаев: - Менин оюмча, Сыргак өз катында айткан бул өлүмдөрдүн байланышы бар. Ал байланыштын баары келип эле бүгүнкү бийлик режимине такалат.

Т. Тургуналиев: – Бүгүн элдин 90-95 пайызы Бакиевдердин экономикалык, социалдык агрессиясына, саясый терорруна каршы чечкиндүү күрөшкө күн сайын даяр боло баштаганы үй-бүлөнү, Акүй ээлерин ажалдай коркута баштады. Азыр Кыргызстандагылар эле эмес, 60тан ашуун башка өлөлөрдө көбү кор болуп, кул болуп жүргөн жердештерибиз бул бийликке каршы уютку топторду түзө баштады. Ал эртең сөзсүз кубаттуу эл толкунан айланат деген Сыргактын сөзүнө кошулам.

А. Абдрасулова: - Катында айтылган адамдарды ким өлтүргөнүн “билем” деп туруп, бирок “айтпайм” дегени туура эмес. Андай болсо коомчулукка ачыкка чыгарбаш керек эле. Ушунун баары курулай сөз болуп жатат, балким фактылары бардыр, бирок айтпай жатпайбы.

Ө. Текебаев: -Тоталитардык системаны кармап турууга, коркутуп-үркүтүү жолу менен бийликти кармап турууга болот. Азыркы бийлик ушул жолду тандап алган. Эгер нааразылык чыкса, Сыргак Абдылдаев айткан экинчи этап сөзсүз башталат.

М. Ниязов: - Сыргак Абдылдаевдин маалыматын терең текшерип, ийне-жибине чейин изилдеш керек. Муну күч оргнадары четке
какпай, тыкыр иликтөөлөрү зарыл. Бирок буга алардын чамасы жетпейт, анткени алар бийликтин гана айтканын аткарып калды. Сыргактын кайрылуусу чындык болсо, Кыргызстандын бийлигин кара күчтөр басып алганынан кабар берет. “Бийликти биз башкарабыз. Бирөө кыңк дебесин” деген максатты туюндурат. Элди бутунун алдына чөгөлөттүргүсү келет. Парламентке болсо мурдунан жетелеткендер толуп алып, маңкурттун кейпин кийип жатат.

Ушул эле гезитке Чоң-Алайдын 230 адамы кол койуп, президенттин атына жөнөткөн кат жарык көрдү. Кат “Эмне үчүн Абышкаевди камакка алган жоксуз?” деп аталат.

“Күнөөсү жок генерал И. Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, камакка алынгандыгы үчүн биз сизге кыжырдануу менен нааразылык билдирип олтурабыз. Эмне үчүн сиз бийликке келгенде элдин байлыгы болгон жерди, сууну, кенди саткандарды, өз элин аткандарды, алардын ичинде сиз генерал деген чинди берген Абышкаевди камакка алган жоксуз? Элдин көзү сокур эмес. Мындай азапка эч ким чыдай албайт. Эгерде Исаков эркиндикке чыкпаса, биз дагы бийликтегилер бузган мыйзамды бузуп, Акүйгө карай сапар алууга мажбурбуз, жөө жүрүш, ат жүрүш, авто жүрүш кылууга даярбыз” деген талап коюлат катта.

Журналист Баратбай Аракеевдин "Бакиев Манас эмес, Курултай "Чоң казат" эмес" деген аталыштагы макаласы жарыяланды.

Кымбатчылык, жакырчылык, үй-бүлөлүк башкаруунун жетер жерине жеткени талдоого алган Аракеев курултай маселесине токтолуп, курултайга баары бир Текебаев менен Атамбаевди катыштырбайт, баары бир курултайда: “Мырза Бакиев, сиз эмне үчүн бүтүндөй бийлик бутактарын мыкчып алдыңыз, мамлекеттин акчасын эне сүтү оозунан кетелек уулуңузга карматып салдыңыз?” өндүү сөздөр айтылмак беле, анын ордуна: “Сиз деген 100 жылда бир туулчу инсансыз, иштей бериңиз” деген кептер айтылат: “башкасы да мейли эле, президенттин саясый оюндарга кумар артып алышы элинин жашоосун жакшырта албайт” деген жыйынтыкка келет.
XS
SM
MD
LG