Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Кыргызстан - “Мамайдын көрүбү?”


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Баяндама “Учур” жана “Алиби” гезиттери аркылуу жасалды.

“Учур” гезитине ЖК депутаты Роза Отунбаеванын “Мага кол салса элдин сели токтобойт” деген ат менен көлөмдүү маеги басылды. Роза айым орус Думасындагы кездешүүлөр, Медведев менен Путин башкарган мамлекет, Маскөөдөгү ар тараптуу жолугушуулар жөнүндө аңгеме куруп, Украинадагы шайлоо тууралуу көз карашын билдирген. Бул өлкөнүн шайлоосу таза, эркин, кысымы жок өткөнүн, алтургай андан мурдагы шайлоодо мыйзам бузууларды жасагандыгы үчүн бир нече адамдар соттолуп кеткенин мисалга тарткан.

Депутат Кыргызстанга токтолуп: “Бакиев оппоненттерин адилетсиз соттор аркылуу түрмөгө тыгып атат, башкаларга сабак болсун деп элди коркутуп-үркүтүп, басмырлап кирди. Бийликтин Курултай деп элди бөлүп-жарып, өздөрүнө жаккандарын тандап, жакпагандарды жыйынга жолотпой, элдин акчасынан түзүлгөн бюджетти жумшап, бузуку иштерин жасап жатканына жалпы эл кандай баа бериши керек? Кээде мага да “жөн жүрсүн” деп дубай салам айттырып жибериптир. Ошол эле Өнүктүрүү фондунун балдары: “Биз Роза эже үчүн коркуп атабыз, бир нерсе болуп кетпесин, этият болсун” деп айттырышыптыр. Мени жок кылып койсо эле эл тынчып калбайт да. Мага тийсе, аскадан кулаган таш сыяктуу аркаман элдин сели ошол замат буларды жууп кетпесе болду. Мен Бакиевдин бийлигине, анын “жоокерлерине” кулак кагыш кылып койгум келет, мен саясатка Фрунзе шаарынын Ленин районунун 2-секретары болуп, тээ 79-жылы Усубалиевдин тушунда келгемин, ал убакта Бакиев Куйбышев шаарында электромеханик болуп иштеп жүргөн экен. Ал киши Көк-Жаңгакта заводдо жүргөндө мен Апсамат Масалиевдин саясый бюросунда мүчө болуп иштеп жүргөмүн. Бакиев ошол эле кымындай шаарчанын биринчи катчысы болуп иштеп жүргөн кезинде мен Советтер Союзунун элчиси болуп, СССРдин Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы, коллегиянын мүчөсү болуп жүргөм. Ошондон кийин мен өлкөнүн 3 жолку Тышкы иштер министри, Кыргызстандын Америкадагы, Канададагы, Британиядагы элчиси болдум. Анан мени Бакиевдин бийлиги жок кылат бекен? Элчи менен ырчыга душмандын колу кыска” деп айтты.

Андан кийинки сөзүндө депутат Отунбаева Бакиев азыр Оксана Малеванаяны бооруна тартып, Зайнидин Курмановду спикер кылып, Медет Садыркуловдун адамдарын өзүнө иштетип атканын, азыркы бийликтин бүгүнкүдөй татаал шартка сабаты, билими жетпей жатканын, анысы Ак үйдө иштегендердин даярдаган документтеринен, сүйлөгөн сөздөрүнөн көрүнүп атканын кеп кылды.

Роза Отунбаева Исмаил Исаков боюнча сүйлөшөйүн деп Бакиев менен жолугууну эки ирет ырасмий түрдө суранганын, бирок кабыл албай койгонун кошумчалаган. Саясатчы сөзүн ары улантып, бийлик стратегиялык объекттерди арзыбаган тыйынга сатып атканын, ошол эле “Түндүкэлектрону” 3 млн. долларга сатып алды деген сөз ээрчитип келаткан Ширшовдун жеке менчик вертолету эле 9 млн. доллар турарын, генерал Исаков уулуна бир квартира берсе, Бакиев уулуна республиканын баарын карматып койгонун, оппозиция өткөрө турган 17-марттагы Элдик Курултайда ушу ж.б. маселелер тууралуу сөз болорун, анын күн тартиби келаткан 20-февралда такталарын кошумчалады.

“Учурдун”
ушул эле санына Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Улугбек Ормоновдун интервьюсу да жарыяланды. Ормонов Каркыранын казактарга кетишинде эл өкүлдөрүнүн эч кандай күнөөсү жоктугун, Кыргызстан бизнести өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк банктын баасына ылайык 41-орунга чыкканын белгилөө менен көбүнчө парламенттин ичиндеги өзүнө байланышкан өөдө-төмөн сөздөр тууралуу кабарчынын суроолоруна жооп берген.

Кабарчы: И. Исаков боюнча “саясый куугунтук” дегендерге оюңуз кандай?

У. Ормонов:
“Саясый куугунтук” дегенге кошулбайм. Коюлган айыптагы статья боюнча 8ден 12 жылга чейин деген жери бар. Мына ушунун аз гана мөөнөтүн Исаковго беришкен. А кылган иши жөнүндө эми тергөөчүдөн, соттон сурашыбыз керек. Эми соттор көз карандысыз чечим чыгарат да.

“Алиби”
гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Айтылбай жүргөн сөз эле” деген макаласына окурман көңүлүн буруп, жакында парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн Башпрокурору Нурлан Турсункулов кылмыш иштерин байланыштуу тергөө амалдарын жүргүзүүдө күч органдары тарабынан кыйноо фактылары болуп келгенин моюнга алган билдирүү жасаганын, фактылар көрсөткөндөй Кыргызстанда адамдарды кыйноо жылдан жылга өсүп баратканы байкалаарын, бирок Турсункуловго чейинки Башпрокурор Э. Сатыбалдиев мындай билдирүүлөрдү жасабаганын же кыйноо фактылары ачыкка чыгарылбай, жаап-жашырылып келгенин талдоого алат. Автор бул эки принципиалдуу айырмачылыкка токтолуп, Турсункуловдун мындай билдирүүсүн чечкиндүү кадам деп эсептейт. Автор азыркы Башпрокурор менен азыркы коргонуу, коопсуздук, тартип иштери боюнча мамлекеттик кеңешчи Э. Сатыбалдиевдин ортосунда ич ара тирешүү келип чыкканы байкалып калганын, эми кимисинин мөрөйү үстөм болорун убакыт көргөзөт деген жыйынтыкка келет.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбековдун океандын ар жагынан жазган каты “Биздин келечегибиз…” деген ат менен жарык көрдү. Дүйнөлүк маалымат айдыңында кыргыз бийлигин “криминалдуу бийлик” деп атап калганын, ошол эле убакта жер шарындагы өлкөлөр, элдер татыктуу жашоого умтулуп атса, Кыргызстанда өз жеринен иш таппай чет өлкөгө кеткендердин саны өсүп атканын, ооруканаларынын шейшеби жок болсо, мектептеринин китеби жоктугун, баткакка баткан жолдорунун 90 пайызы оңдолбогонун, ошол эле убакта Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд. долларга жакындап калганын кеп кылып, Кыргызстан 21-кылымда өзүн өзү багалбаган, башка мамлекеттердин эсебинен күн көрүп калган жанбакты өлкөгө айланганына кейиген.

“Интеллигенция, улуттун каймагы дегендердин деңгээли кошоматчылыктан, “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деңгээлинен өйдө көтөрүлө алган жок. Кыргызстан үчкө бөлүнүп, бир бөлүгү Өзбекстанга, бир бөлүгү Казакстанга, бир бөлүгү Кытайга кеткенде бүгүн байлык топтоп, бийлигин мыкчып олтургандар заматта баарынан кол жууп каларын сезбей келатканына жаны кашаят саясатчы Равшан Жээнбековдун.

“Алиби” гезити ошону менен бирге эле “Петровкадагы сот” тууралуу макалага окурман назарын бурду. Макаланын алдына “Молдомуса мырзанын бир билгени бар чыгаар…” деген чакан маалымат сунушталды. Ал маалыматта эгер ошондо Петровка айылы көтөрүлүп чыкпаганда 4 жашар кызды зордуктаган күрт Абдулло жазасыз кала бермегин, мына ошол наристе кыздын тагдырына түкүрүп койгон Москва раймилийсасынын ошондогу начальниги Жыргал Жоробеков бүгүн кайра эле Тогуз-Торо раймилийсасынын начальниги болуп дайындалганын: “Министр Молдомуса Конгантиев өкмөттөн сөгүш алганына карабай Жоробековду жогорку кызматка койгонуна караганда Петровка окуясы боюнча атайын иш чара, убада беришүү, макулдашуулар, а балким таасирдүү “күчтөрдүн” кысымы болгон чыгаар, айрым маалыматтарга караганда Петровкадагы күрттөрдүн колунан чыккан баңгизаттар Кыргызстандагы түрмөлөргө таратылары айтылууда, болбосо министр мырза балакатка жетелек, эне сүтү оозунан кетелек 4 жашар наристенин тагдырына кантип кайдыгер карап койсун…” деп жазды.

Бул санда булардан тышкары “Кылмыш көшөгөсүндөгү көлөкө ким?”, “Ысымың ким, ага лейтенант?” , “Соттун да болот акыры”, “Детективдин башкы сапаты – күчтүү интуиция жана кыраакылык” деп аталган макаалаларды ж.бэ окууга болот.
XS
SM
MD
LG