Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

"Дело №...": Саясий качкындар тизмеси


Эдил Байсалов 2007-жылкы шайлоодо шайлоо бюллетенин интернетке көчүрүп жарыялап жибергендиги үчүн кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон.
Эдил Байсалов 2007-жылкы шайлоодо шайлоо бюллетенин интернетке көчүрүп жарыялап жибергендиги үчүн кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон.

"Дело №..." гезитинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыр чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Кубанычбек Кадыровдун “Азаттыкка” берген маеги көчүрүлүп тартууланды. Макаланын алдына мына ушул күндөрү өз өлкөсүнөн сыртта баш калкалап жүргөн кыргыз атуулдарынын тизмеси жарык көрдү. Биз да аларды атай кетели.

УТРК журналисти Кайрат Биримкулов. 2007-жылы катуу токмок жегенден кийин Кыргызстанды таштап чыгып кеткен. Ал өзүнүн сабалганын Кыргыз темир жолуна байланыштуу көрсөтүүнү экранга чыгаргындыгынан көргөн. Азыр Швейцарияда жашайт.

Таласты таштап кеткендер – Улугбек Осмонов, Лира Тантабаева, Шумкарбек Жумакеев, Азимкан Жунушалиев. Талас облусундагы Жерүй жана Андаш алтын кендерин ошол кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев кыдырып барганда машинасына таш ыргыткандарды уюштургандар деп камакка алынарда качып кетишкен. Улугбек Осмонов уулу менен жана Лира Тантабаева Швециядан баш калканч алышкан. Калган эмигранттардын дареги редакцияга белгисиз.

Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, укук коргоочу Эдил Байсалов. 2007-жылкы шайлоодо шайлоо бюллетенин интернетке көчүрүп жарыялап жибергендиги үчүн кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон. Байсаловго шайлоого тоскоолдук кылган жана мамлекетке өтө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген деген айып кюолган. Азыр ал Швецияда жашайт.

“Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова. Президент Курманбек Бакиевдин үкаларынын бири киши өлүмүнө алып келген жол кырсыгына катышы болушу мүмкүн деген жалган макала жарыялаган деп күнөө коюлгандан кийин Кыргызстанды таштап кетүүгө аргасыз болгон. Азыр Швейцарияда жашайт.

“Репортер-Бишкек” гезитинин штатсыз кабарчысы, Жашылдар партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Хабира Мажиева. 2008-жылы үйүнө кирип келген эки эркек гезитке чыккан макаланын фактыларын каяктан алгандыгын айтып берүүнү талап кылышкан. Мажиева Швецияда өтө турган эларалык жыйынга катышуу үчүн жөнөп кетип, ошол бойдон башпаанек сурап калып калып калган.

Акаев доорундагы аткминерлердин көрүнүктүүлөрүнүн бири, 2005-жылкы революциядан кийин Бишкек шаар башчысынын милдетин аткарган жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп турган Равшан Жээнбеков. АКШнын Массачусет университетинин технологиялык институтуна окууга кирген. 2008-жылы ага Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы болуп иштеп турганда кызмат абалынан пайдаланган деген айып тагылып, эларалык издөө салынды деп жар салынгандан кийин АКШда калып калган.

Оппозициядагы ишкер Өмүрбек Абдрахманов. “Бириккен фронттун” жигердүү мүчөлөрүнүн жана 2007-жылдагы апрель митингин уюштургандардын бири. Митинг таратылгандан кийин камакка алынып, биз күн абакта отуруп чыккан. 2008-жылы анын аялынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу финансы полициясы кылмыш ишин козгогондо Абдрахманов башпаанек сурап Америка Кошмо Штаттарына кайрылган. Азыр ошол жакта.

Парламенттин мурдагы депутаты, мурдагы чекисттердин бири Кубатбек Байболов. 2008-жылы саясый ишмердүүлүгүн токтоткондугун ачык жар салып, 2009-жылы АКШга көчүп кеткен.

Парламенттин депутаты, Социал-демократиялык партия лидерлеринин бири Бактыбек Бешимов.

Вашингтондогу Жонс Хонкин университетиндеги Борбор Азия жана Кавказ институтунун студенттерине лекция окуп атып Кыргызстандан Казакстандын аймагы аркылуу жашыруун чыгып кеткендигин жарыя кылган. Кийинчерээк: “Мени жок кылабыз деп коркуткандыктары үчүн өлкөмдү таштап кетүүгө мажбур болдум” деп билдирген. Азыр АКШда жашайт.

Аскер чалгынчысы, коопсуздук кызматынын ветераны жана “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Сыргак Абдылдаев. 2009-жылдын март айында 30 жерине бычак сайылып, эки колу талкаланып, канын көп жоготкон жеринен ооруканага түшкөн. Айгып чыккандан кийин Кыргызстанды таштап кеткен. Азыр Швецияда жашайт.

“Дело №...”
гезити мындан тышкары Бишкекте муздак суу менен ктүтүк аркылуу кетчү таштанды сууларга да баа кымбаттаганын, кымбаттоо 4 күндөн кийин же 1-марттан тартып ишке кирерин, буга чейинки тариф бааларынын өсүшүнө байланыштуу азык-түлүк баалары да өскөндүгүн кабарлады.

Ушул эле гезит: “Бишкектин көчөлөрүндө түнкүсүн жүргөндөн коркпойсузбу?” деген суроо менен кайрылды.

Акыйкатчы Турсунбек Акун:
-Мен түнкүсүн жүргөндү аябай жакшы көрөм. Коркпойм.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова:
- Албетте коркунучтуу. Бишкек түнкүсүн эле эмес, күндүз да опурталдуу.

Юрист Юрий Белегорцев: - Кээде корком. Өзүм шаардын чет жагында жашайм, Бирок шаар өтө коркунучтуу.

Врач Татьяна Свешникова: - Мен догдур катары айтсам уруп-сабоолордун, зордуктамайлардын баары түнкүсүн болот. Милийсалар кылмыштуулук азайды деген кагаз тапшырган менен зордук-зомбулуктун айынан ооруканага түшкөндөрдүн саны өтө көп.

Пенсионер Лира Драгунова: - Кантип коркпойсуң. Чаламандын чак түшүндө сабап, өлтүрүп кетип аткан өлкөдөн, албетте корком.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: - Корком, корккондо да аябай корком. Эң эле коркконум бандиттер менен милийса. Анткени так ошолор кармап алып, ур-токмокко алып, акча өндүрүшөт.

Котормочу Ирина Карелина: - Бирөөлөрдүн коштоосуз көчөгө чыккандан корком. Шаар ичи кылмышка толтура. Анын үстүнө ким бирөө кол салганда милийса жардамга келет деп ишенүүгө болбойт. Коомчулукта да милйисага ишеним жок.
XS
SM
MD
LG