Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Ынтымак курултайына - ак жол, Элдик курултайгачы?


2-марттагы гезиттерде мамлекеттүүлүк, миграция көйгөйлөрү, баш мыйзамдын 9 ирет өзгөртүлүшү негизги тема болду.

«Назар»

2-мартта «Назар» гезити «Таш күзгү» деген түрмөктө премьер-министр Данияр Үсөновдун Москвага барып, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышып келгенин, иш сапардын жыйынтыгын өкмөт расмий маалымдай электигин жазды.

«Албетте адаттагыдай эле бул сапарын өкмөттүк маалымат каражаттары «жогорку деңгээлде» өттү деп көкөлөтө мактаары бышык. Бирок айрым маалыматтарга караганда Данияр Үсөновду орус премьери Владимир Путин бул ирет да кабыл алган эмес.

Ал өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы, энергетика министри Сергей Шматко менен отун-энергетика жаатында кызматташтыкты кеңейтүү макулдашуусуна кол койгон.

Айрым маалыматтарга караганда, орус тарап буга чейин кыргыз өкмөтүнө берилген ачкалардын дайынын эл аралык аудит менен текшерүүгө белсенип жатат. Ошондон кийин гана олуттуу мамилгеге өтүшөөрүн белгилешиптир.

Кыргызстандагы баалардын, тарифтердин көтөрүлүшүн Максим Бакиев жетектеген борбордук агенттик эл аралык аудиттин жардамы менен кайра карап чыгабыз деп жатты эле, эми орус өкмөтүнүн сунушуна эмне дешээр экен?" деп суроо коет «Назар» гезити.

Кабарчы Заирбек Бактыбаевдин «Мамлекеттик коопсуздук» деген макаласында кыргыз мамлекетинин түптөлүшү, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 85 жылдыгы, мамлекеттүүлүк, миграция көйгөйлөрү, аймактык бүтүндүк, баш мыйзамдын эгемендүүлүк алгандан бери 9 ирет өзгөртүлүшү, Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин Конституцияда жоктугу, бирок Максим Бакиевдин өкмөт башчысы Данияр Үсөновдон жогору турушу талдоого алынган.

"Улуттук стратегиялык маанилүү ишканалардын сатылышы, алардын чет өлкөлүк жарандардын колуна, башкаруусуна салып берилиши - Ата мекенди сатканга барабар. Бүгүнкү ааламдашуу шартында мамлекеттин жок болуп кетүү коркунучу алыс эмес. Бүгүнкү кыргыз бийлигинин так аныкталган стратегиялык саясаты, мамлекеттүүлүктү ары калыптандырып, өнүктүрүү багыттары жок. Үзөңгү-Куушту берди эле, эми Аксай, Арпа, Жетим-Тоо аймактарынын жең ичинен сатылып кеткени жөнүндө да кептер айтылууда" деп жазат кабарчы Заирбек Бактыбаев.

«Форум»

Бул гезит өкмөт башчы Данияр Үсөновдун Орусияга болгон иш сапары оңунан чыкпай калганын, экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго мамлекеттик айыптоочулар 4 жылга эркинен ажыратууну сурап жатышканын, электр тармагынын сатылышынын сырларын, элдик курултай, журналисттердин коопсуздук маселелери тууралуу кеңири жазды.

«Ак шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариевдин бийликтин ынтымак курултайына барбай тургандыгын ырастаган пикирине орун берилди.

«Ынтымак курултайына бийлик менен көз караштары кайчы келген саясый партиялар, саясый күчтөрдү чакырып, алардын ойлорун укса жөндүү болмок. Тилекке каршы андай сунуштар болгон жок. Президент өзү каалагандай квотаны өзү бөлүп, өзүн гана колдой турган адамдарды чогултуп жатканы айкын болуп калды. Ушундай курултайга «Ак шумкар» партиясынын мүчөлөрү катышпайт жана колдоого албайт деген чечим кабыл алдык» деп расмий билдирген Темир Сариев.

Ушул «Форум» гезити Элдик курултай өткөрүүгө бийлик тарап Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайын, же Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрын, «Ак кула» ат майданы баштаган бир нече имараттарды бербей жатканын жазып, "Элдик курултай ээн таалада өтөбү?" деп суроо коет.

«Форум» гезитине «Кут» партиясынын төрагасы Болот Жанузаковдун көлөмдүү маеги жарыяланды.

Анда ал өлкөнүн коопсуздугу, тышкы саясатынын начарлашы, эгемендүүлүктүн баа-баркы, баш мыйзамдын бузулушу, туңгуч президент Аскар Акаев, жакында эле өзүнө болгон кол салуу, саламаттыгы тууралуу кеңири кеп кылган.

"Аскер адамы катары кесиптешиңиз Исмаил Исаковдун камалышына көз карашыңыз кандай?" деген кабарчы Эрнис Балбаковдун суроосуна Болот Жанузаков төмөнкүдөй жооп берген: "Исмаил Исаков кыргыз армиясына өтө көп жакшы иштерди жасады. Кыргыз армиясынын деңгээлин бир топ эле жогору көтөрүп койду. Мен ага профессионал, өз ишин мыкты билген чыныгы аскер адамы катары жогору баа берип келем. Болбогон эле нерсе үчүн анын генералдык чинин алып, 8 жылга эркинен ажыратылышы бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш".

«Ачык саясат»

Гезит «Энергетика тармагынын эмки курмандыгы ким?" деген суроого жооп издейт.

"Эми дагы бир чет өлкөлүк компания электр энергиясын кымбаттаткан Данияр Үсөновдун чечимин жокко чыгарып, анын жетекчилик дооруна чекит коюшу мүмкүн. Мында бийлик бир ок менен эки эмес, үч коен атат. Биринчиси, 2000-жылдан бери эле президенттикке дымагы бар Данияр Үсөновду элге мокочо көрсөтүү менен өкмөт башчылыктан узатат. Экинчиси, тарифтерди кайра төмөндөтүү менен президенттин эл алдындагы жүзү кандайдыр бир деңгээлде кайра жарык боло түшөт. Үчүнчүсү, борбордук агенттиктеги эрке уулу Максим Бакиевдин кадыр-баркы көтөрүлүп, Ак үйдүн «саясый генпланын» мындан ары ишке ашыра баштоого жол чабылат» деп жазат кабарчы Чолпонбек Сыдыкбаев.

Ушул гезитке берген маегинде саясат таануучу Марат Казакпаев бийликте кризистик абал өкүм сүргөнүн, ажо баштаган реформаны эл колдобой жатканын, президенттин мураскер даярдоосу, дүйнөлүк уюмдар кыргыз бийлигин сынга алып жатышы жана Исмаил Исаковдун соттолушу тууралуу өз пикирин билдирген.

«Кыргыз туусу»

Гезит жаз келгенин сүйүнчүлөп, өкмөт башчы Данияр Үсөновдун Москвадагы иш-сапарында 13 маселе ийгиликтүү каралганын, Ынтымак курултайынын делегаттарынын сунуштарын, өлкөнүн айыл чарбасынын көйгөлөрүн жана Кыргыз Эл артисти Роза Аманованын чыгармачылыгы тууралуу макалаларга орун берди.

«Эркин тоо»

Президенттин расмий порталынын ачылышы, туристтер кызыккан Калмак-Ашуу айылынын сыры, белгилүү мамлекеттик ишмер, маркум Исхак Раззаковдун кадыр-баркы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун балалык, жаштык курагы тууралуу сүрөттөмө жана башка макалалар жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG