Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Таянарың ким, Кыргызстан?


Максим Бакиев
Максим Бакиев

Бүгүн жарык көргөн басылмалар эмнелер тууралуу жазышты?

“Жаңы ордо” гезитинде “Спецполиклиника” деген ат менен эл-журтка белгилүү мекеменин, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу дарылоо бирикмесинин башкы дарыгеринин орунбасары Игорь Сурлевичтин өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген жоруктарына нааразы болгон үч макала жарык көргөн. Дарыгер Эгемберди Туманбаевдин айтымында, Игорь Сурлевич аталган дарылоо мекемесин аз эле мезгилдин ичинде 2 млн. сом чыгашага учураткан.

Ошол жерде дарыланган көрүнүктүү коомдук ишмер Роза Айтматова Игорь Сурлевичтин кыргыздарга, анын ичинен ага кордоо менен мамиле кылганына нааразы болгон. Роза Айтматованын макаласы “Кыргызстанда мындай мамиле жасалса - мен чет өлкөгө кетем” деген ат менен жарык көргөн.

Президенттин көзөмөлүндөгү дарылоо мекемесине чындап көзөмөл жүргүзүү жагын президент К. Бакиев менен өкмөт башчысы Данияр Үсөновдон өтүнгөн ачык кат да ушул гезитке жарыяланды.

“Дело №...”
гезити Жалал-Абад дубанынын Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында жашаган Хамза Шаруев 8 жашар окуучу кызды зордуктаганы үчүн өмүр бою түрмөгө кесилгенин, эмнегедир тергөө жана сот иштери демейдегидей чоюлбастан, тез арада жүзөгө ашырылганын маалымдады.

”Эмне себептен Дубай-Бишкек авиакаттамын Ирандын атайын кызамттары токтотуп койду?” Мына ушундай ат менен жарык көргөн макалада ушул жылдын 23-февралынын түнүндө Кыргызстан арендалап жүргөн “Исток-Авиакомпаниясынын Боинг – 737 учагы 119 жүргүнчүсү менен Ирандын атайын кызматтары тарабынан Дубай шаарына конууга мажбурланганын, учакта өзүн “Кудайдын жоокери” деп атаган сеператчыл суннит уюмунун лидери Абдулмалик Риги аттуу жаран болгонун баян кылды.

Ушул эле гезит дагы бир макаласын өлкө турмушуна арнап: “Эл бийликке да, оппозицияга да, эч кимге ишенбейт” деп атады. “Ислам тууралуу аңгемелешүү” деген рубрика алдындагы интервьюда белгилүү ислам таануучу Кадыр Маликовдун жооптору басылган.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити гезиттин жаңы санын журналист Елена Агееванын “Жыйынтык” аттуу каты менен ачып, өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун Маскөө сапары тууралуу баяндады. Автор орус маалымат булактарынын биринде жазылган сөздү шилтеме кылат. Анда: “Ошого карабастан Данияр Үсөнов Кыргызстан дагы карыз акча аларын жар салды” деп жазып чыкты. Биз кыргыз-кытай темир жолунун курулушу үчүн Кытайдан 3 млрд. доллар алабыз деп айткан элек. Мындан башка 300 млн. долларды Евразия кризиске каршы борборунан, дагы 75 млн. долларды ошол эле Бүткүл Дүйнөлүк Валюта Корунан алмакчы болуудабыз. Кандай болобуз, биздин өлкө келген жыйынтык ушубу, Курманбек Салиевич?!” деп суроо койду.

Аталган гезиттин кабарчысы Рустам Кадыров “Тариф бунту” деп аталган макаласында кымбаттоолорго каршы 24-февралда Нарын шаарында болуп өткөн нааразылык акциясы тууралуу кеп кылды.

Митинг эч кандай чыр-чтагы жок өткөнүн, милийса эч кимди кууп таратпаганын, облус аткаминерлери айтылгандардын баарын жогор жакка жеткирүүгө убадаларын бергенине басым жасады.

Лондондо Британ принци Чарлз жана Кыргызстандагы “Манас-Банкын” уюштуруучулардын бири, латвиялык ишкер Валерий Белоконь ээлик кылган эл аралык компания пайда болду, ошентип, Максим Бакиевдин бизнес боюнча шериги, Борис Березовскийдин санаалашы эми мындан ары ар кандай профилдеги бир канчалаган фирмалардын да кожоюну болуп калды” деп маалымдаган “МК Кыргызстан” жумалыгы, Валерий Белокондун айтымында, анын жаңыдан түзүлгөн биргелешкен ишканасы экологиялык курулуштарга жана шаарларды пландоого жардам бермекчи, ошону менен бирге компания өз ишмердүүлүгүн Европа, Түндүк Америка жана араб өлкөлөрүн көздөй багыттамакчы.

Баса, Белеконь мырза биздин республикадагы бизнес-активин ошо кезде банкрот деп табылган “Инсан” банкын калыбына келтирүү үчүн жарыяланган тендерди жеңип алган 2007-жылы баштаган. Ошондо Белеконь өз инвестицияларын Кыргызстандан баштап жатканына кубанып турганын, калкынын саны боюнча да, жалпы менталитети боюнча да Кыргызстан менен Латвия көп жагынан окшош экендигин белгилеген.

“24 kg “ маалымат агенттигине мындан эки жыл мурун берген бир интервьюсунда ал: “Менде күчтүү коңшулар менен иштешкен кезде алардын эң мыкты дегендерин алып келип, мамлекеттин пайдасына салуу ишинде чоң тажырыйба топтолгон. Демек дал ушул ишкерлик философиясын Кыргызстанга кийирүү мүмкүндүгү бар. Бизде кандай болгон күндө да бул өлкөдө көпкө чейин эмес – биротоло калуу планы бар” деп айткан болчу” деп жазды аталган гезит.
XS
SM
MD
LG