Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Адегенде аялзат, андан кийин калганы...


Бүгүн кыргыз тилдүү сегиз гезит жарык көрдү.

Жарыккка чыккан гезиттердин баары Улуу Аялзатына таазим кылып, куттуктоолорун арнады. Бул куттукттоолорго “Азаттыктын” жамааты да кошулуп, канча жылдан бери Кыргызстанды эки ийнине көтөрүп келаткан АЯЛДАРГА бекем ден соолук, ак сүйүү, бакты-таалай кааламакчыбыз.

“Аялдар – биздин кутубуз” деген баш тема менен куттук арнап чыккан “Кыргыз туусу” гезити адаттагыдай эле алгачкы бетин айыл окурмандарынын каттары менен баштаган.

Гезит “Сегиз Роза” деген аталыш алдында кыргыздын Роза аттуу сегиз чыгаан кызы тууралуу жылуу сөздөрүн жазды

Элибиздин дагы бир сыймыктуу кыздарынын бири – окуу үйүнүн башчылыгынан тартып, колхоз башкармалыгына чейинки жооптуу жана татаал кызматтарды аркалап келген ардагер Күмүш Суранованын “Согуш, биз жана Жеңиш” аттуу макаласы, Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын кызыктуу маеги, тарыхый, маданий темаларга арналган салттуу баяндар, макалалар, өлкө турмушу тууралуу кабарлар менен маалыматтар да ушул гезитте.

“Агым” гезити “Оңго бассаң өзүң, солго бассаң атың...” деген ат менен журналист Келдибек Назировдун макаласын тартуулады. Мындан бир жыл мурда президент Курманбек Бакиев Маскөөгө барганда Кыргызстанга финансы жардамын бермекчи болгон Орусия маселесин кепке алган.

Алакандай кабарларынын биринде Ынтымак Курултайынан кийин айрым өкмөт мүчөлөрү, тагыраак айтканда билим берүү министри Абдылда Мусаев, энергетика министри Ильяс Давыдов, финансы министри Марат Султанов ээрден шыпырылышы мүмкүн деген кеп эшиттик деп, белгилүү коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаев бүгүн-эртеңден коомчулукка бийлик-оппозиция тиреши жакшылыкка алып барбастыгы, элдин бейпилдиги, өлкө келечеги үчүн эки жээктин ынтымакка келиши жөнүндө кайрылуу жасаган жатат деп, коомдук ишмерлер Мукар Чолпонбаев менен Бегиш Ааматовдун “Элдик кеңеш” кыймылы жана Башмыйзам тууралуу айтып бергендерине жана көптөгөн башка мазмундагы макалаларга орун берген.

“Алиби” гезитинен ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальник орунбасары Ыманалы Саркулов менен маекти, кабарчы Назгүл Мамытованын “Милиция менен прокуратуранын мышык-чычкан оюну” деген журналисттик иликтөөсүн, Алмазбек Садырбековдун “Бүргөндү – нефтинин” пайдасын өзбектер көрүүдө” деген макаласын, милийса ардагери Имарали Кушматовдун “Мыйзам жана тартип” аттуу макаласынын корутунду бөлүгүн, адвокаттык кеп-кеңештерди, ж.б. маалыматтарды окуйсуздар.

“Ачык саясат”
гезити мурдагы депутат Бакыт Бешимовдун “Кыргызстан абийирсиз, эки жүздүү жана жырткыч кландын эзүүсүндөгү эркиндигин уурдаткан өлкө” деген ат менен жарык көрдү. "Криминалдык клан башкарган криминалдык Кыргызстандын жакынкы он жылдыкта укуктук мамлекет болушунан" күмөн санаган Бешимов: “Кокончулдук – бийликти күч менен кармап туруу эле эмес, бул элди уруу-урууга бөлүп, этникалык топторду бири-бирине каршы коюу далалаты. Бул – башкаруучу кландын, эл аралык авантюристтердин, аткаминерлердин бир ууч тобунун жана кылмыштуу чөйрөнүн мамлекеттин болгон байлыгын бөлүп алуусун ишке ашыруучу өтө зыяндуу план” деп айтты.

“Ачык саясатта” мындан сырткары мурдагы министр Равшан Жээнбековдун “Авторитардык бийлик – улуттун трагедиясы” аттуу маеги басылган.

Айтылуу коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин “Томсоргон Сопу-Коргон” деген аталыштагы макаласы генерал Исмаил Исаков жөнүндө. А. Эркебаев жакында уулун алып Сопу-Коргонго, Кызыл-Коргонго, Гүлчөгө барып, генералдын апасы, эже-карындашы, иниси, тууган-туушкандары менен жолугушуп келгенин, генералдын иши ак экенин, жерден да, жүрөктөн да кыш кетип, жаз келерин, Исаков баары бир акталып, адилеттик жеңерин баяндап жазган.

Басылмада мындан тышкары “Ата мекен” партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун “Президент ыйгарым укуктарын дагы көбөйткөнү жатат” деген интервьюсу, аялзатын куттуктоолор бар.

Аялдарды жаз майрамы менен куттуктап жаңы санын ачкан “Кыргыз руху” гезити 2-бетине майда маалыматтарды берип, 3-бетине журналист Айзада Абазованын “Свежий “дүжүрлөрдү” шайлады!” деген макаласын жарыялады. Автор анысында алдыдагы Ынтымак Курултайы тууралуу ой калчап, мурдагы бийлик калтырган дүжүрлөр да эскирип бүткөнүн, азыркы бийликке жаңы дүжүрлөр керек болуп жатканын, мындай дүжүрлөр “шайланып” да калганын кеп кылган.

Гезит баяндамачысы Азизбек Келдибековдун макаласынын аты “Өкүнөм кыргыз болуп калганыма” деп аталганы менен саясаттагы ачкөздүк, зулумдук да акыры тарыхта таш-талканы чыгып жоголорун мисалдап келип: “Каракүл тумакчан түркмөндөргө окшоп тизе бүкпөгөн, ала топучан өзбектерге окшоп ийилбеген, кердегей сакал тажиктерче бүгүлбөгөн, шуңшугуй калпак казактарча баш көтөрө албаган элдерден эмеспиз. Биз дайыма баш көтөргөн кыргызбыз. Мен кыргыз болгонум үчүн өкүнбөйм, сыймыктанам!” деп айткан.

“Назар” гезити “Бийлик менен оппозиция тиреши жакындап калдыбы?”, “Мамлекеттик деген аталыш ыроолонгон кеңешме президенттикти ким экени белгисиз бирөөгө өткөрүп берүүгө неге шашылып жатат?” деп жазып чыкты.

Журналист Асылкан Шайназарованын макаласынын аты “Мамлекеттик “медиа-холдинг” жаралганы калдыбы?” деп аталат. Журналист “Белый парус” интернет гезитинин билдиргенине шилтеме кылып, Кыргызстанда бир кол менен башкарылчу медиа-холдинг түзүлгөнү калганын, анын алгачкы аракети “Слово Кыргызстана” гезитин акционерлештирүү жана кайра түзүү менен башталганын, башкы максаты – Максим Бакиевди мактоо өнөктүгүн жүргүзүү деген кеп барын, “жаңыланган” “Словонун” башына Катчылык башы О. Малеваннаянын курбусу Асел Оторбаева келип олтурганын белгиледи. Медиа-холдингдин курамы Александр Ким башында турган “Вечерний Бишкек”, “Моя столица”, “Агым” гезиттеринен турарын да кошумчалады.

“Форум” гезити айтылуу парапсихолог Мелис Карыбеков Асантегинин “Каргалар кабар айтышат” деген сөзү менен жарыкка чыкты.

Гезит журналисттер Рыскелди Момбековдун “Нарындагы нааразылык же Чекиевдин чекилиги", Жылдыз Мусабекованын “Айныкей” аттуу макалаларын тартуулады. Жылдыз айым өлкө өкмөттөрүнүн жүргүзүп келген саясатын, азыркы саясатты жиликтеген. Айрыкча макалада акыркы ирет эки жолу Маскөөгө барып, эки жолу куру кол кайткан Данияр Үсөнов сынга алынган.

Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин өлкө саясатын, Бакиевдердин жасап аткандарын сындаган макаласынын аты “Курмандык” деп аталып, анын корутунду бөлүгүндө бийликти кетирүүнүн мыйзамдуу жолдорун сунуш кылган.

Баяндамабыздын аягын парапсихолог Мелис Карыбековдун айткандары менен аяктайлы. Ал: “Акүй биздин мамлекеттин негизги имараты. Каргалардын Акүйдүн үстүндө айланып-учканы электр жылуулугу эмес экен. Орус эли каргаларды жакшылыктын белгиси катары санашат. Бул элдин жомок-уламыштарында каргалар тууралуу көп айтылат. Каргалар Батыштын энергиясын Чыгышка, тагыраак айтканда орустардын энергиясын биздин элге кабарлап аткандай сезилет. Каргалар кабар айтышат.

Элим да, жерим да титиребей тынч болсо экен...” деп бүткөн.
XS
SM
MD
LG