Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Калк кайнай баштады


“10-март күнү Исмаил Исаковго 19- колониядан “туугандарыңа, жакындарыңа айт, Алайдагы, Нарындагы элдик толкундарды басышсын. Болбосо көргүлүктү көрөсүң!” деген талап коюлганын бүгүнкү санында “Ачык саясат” гезити жазып чыкты. “Форум” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Курултай быякта” деген макаласын сунуштады. “Агым” гезити Нарын дубанына жаңыдан дайындалган губернатор Алмаз Акматалиев менен маек курган.

Ынтымак Курултайын уюштуруу комиссиясынын төрагасы, президенттин аппарат жетекчиси К. Жороевге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына Жумгалдык карыя жазуучу Канболот Бердикеевден кайрылуу кат түшкөн. Анда минтип жазылат: “Ашынган уруучул кландын лидери, Жумгал районунун акими Т.Касмамбетовдун Ынтымак курултайы боюна жасаган иши жөнүндө төмөнкү фактыларды билдирем: 1-факт, 13-февраль, 2010-жылы Чаек айлынын курултайын өткөзүштү. Ал курултайды аким Т. Касмамбетов өзү башкарды. Касмамбетовдун бир тууган күйөө баласы Кубат Шейшеналиев жана анын 1-орунбасары, 70 жаштагы кемпир Эрке Акматжанова курултайды алып барды. Чаекте иштебеген Бишкектик Съездбек дегенди делегат кылышты. Ушул мыйзамдуубу?” деп буга К. Жороевден чара көрүүнү жана Ынтымак Курултайына делегат кылып өзүн катыштырууну сураган.

Бул кат бүгүн жарыкка чыккан “Кыргыз руху” гезитине жарыяланды.

Ушул эле гезитке Жогорку Кеңештин депутаты Турдукан Жумабекова маек курган. Маектин аты: “Бошогондо сайма саям” деп аталса, Бекин Жумабай уулунун макаласы “Соодагердин мекени – базар”, журналист Азизбек Келдибековдун макаласы “Мыйзамдын берген бешиги” деп аталат.

“Пресс кg” гезити “Жетим тоону жетимдей кордогондор же желкеге 30 млн. доллар берилгенби?” деген ат менен Калысбек Боронбаев аттуу автордун макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Анда Нарындагы кен байлыктарынын абалы тууралуу сөз болот. Ушул эле гезиттеги дагы бир макала “Кыргызстанды мөөнөтсүз митинг каптайбы?” деп аталат. “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Ош облусу боюнча төрагасы Бактыбек Калмаматовдун: “Бийликке Чаушескунун тагдырын эскертебиз” аттуу интервьюсу басылды.

“Агым”
гезити Нарын дубанына жаңыдан дайындалган губернатор Алмаз Акматалиев менен маек курган.

Ал эми Ынтымак Курултайын уюштуруу комитетинин мүчөсү Илим Карыпбековдун интервьюсу “Оппозициянын эмес, жалпы элдин көйгөйү талкууланат” деп аталат. Илим мырза бийлик уюштуруп аткан Курултай өз максатына жетерин, радикалдуу оппозиция өкүлдөрү катышпаса эле ынтымак курултайы өтпөй калбастыгын, анда республикалык масштабдагы маанилүү деген маселелер караларын, бирок азырынча курултайдын күн тартиби тактала электигин, андыктан кандай маселе караларын айталбастыгын билдирген.

17-мартта Элдик Курултай өтөт. Анда коюлган талаптарга бийлик көңүл бурат деп ойлойсузбу?
“Агым” гезитинин мына ушул суроосуна коомдук ишмерлер жооп беришти.

Т. Өмүралиев: - Акүй оппозициянын пикирин угуш керек деп ойлойм.
Генерал К. Дүйшөбаев: - Оппозиция уюштурган курултайда 10-20 адам эмес, миңдеген атуулдар көйгөйүн айтып чыгат, демек бийлик алар менен эсептешүүгө аргасыз.
ЖК депутаты А. Байтиков: - Таптакыр жүзөгө ашпай турган маселелерди көтөрүп, карапайым калктын тынчын ала берүүнүн кандай зарылдыгы бар?
Коомдук ишмер Ч. Султанбаева: - Каршылашкан эки тарап бетме-бет сүйлөшүп, мунасага келиш керек.
Журналист Семетей Талас уулу: - Бийлик электр энергия, жылуулук жана ысык сууга төлөмдөрдү кичине арзандатып, элдин көзүн будамайлашы мүмкүн, оппозициянын калган радикалдуу сунуштары суу кечпеси турган иш,-деп жооп беришти.

“10-март күнү Исмаил Исаковго 19- колониядан “туугандарыңа, жакындарыңа айт, Алайдагы, Нарындагы элдик толкундарды басышсын. Болбосо көргүлүктү көрөсүң!” деген талап коюлду” деген сөздөр менен бүгүнкү санын ачкан “Ачык саясат” гезити бул кабарды кечээ Саясый куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев билдиргенин, 17-мартта өтө турган Элдик Курултайга Кыргызстандын аймагынан 2,5 миңден ашуун жаран катышарын, Бишкек мэри же филармонияны, же спорт сарайын алып берейин деп убада бергенин маалымдады.

Гезит буга улай эле Элдик Курултайдын күн тартибине коюлган маселелерди, Саясый куугунтукка каршы комитеттин билдирүүсүн, Нарын облусунун калкынын кайрылуусун жарыя кылган.

Нарындыктар 10 талап коюу менен президент К. Бакиевге кайрылуу жолдогонун, бул талаптар тез аранын ичинде аткарылбаса 17-мартта “Президент жана анын составы бийликтен кетсин!” деген талап менен Бишкекке карай жүрүш жасары айтылган.

Баяндамачы Сабыр Муканбетовдун макаласы “Тескери бата” деген рубрика алдында жарык көрдү. “Кечээ эле 2-мөөнөткө шайланып, реформа баштап, күпүлдөп ишке киришкен Курманбек Бакиевдин аброюнун кескин төмөндөп кетишинин себеби эмнеде? Албетте, буга 1-ирээтте мыйзамдарды көзгө илбеген, жакындарын кой-ай деп тыйганга жарабаган мамлекет башчысынын өзү күнөөлүү десек болот. Адегенде баласын актап: “Менин баламды жөн эле жаманатты кылып жатышат, ал чет жакта бизнес жасайт, мамлекеттик иштерге кийлигишпейт” деген сөздөрдү айтып көрдү. Анан тажадыбы же билгениңерди кылгыла дедиби, мыйзамды одоно түрдө бузуп туруп, баласына “супер агентство” ачып берип, 7-кабатка, жанына отургузуп алды.

“Форум” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Курултай быякта” деген макаласын сунуштады. Журналист Жылдыз Мусабекованын макаласы “Акүйдү “алдамчылар” басып алганбы?” деп аталып, Рим соту камоого санкция берген, чуусу убалып чыккан Евгений Гуревичти жана анын досторун кеп кылган. “Гуревичти биздин атайын кызматтар Италияга кармап беришеби же жокпу?” деп суроо берейин десем, ал эбак Кыргызстандан куйрук түйүптүр, өзүңдү эле ала качпай бала Бакиевди кошо ала кеткениңде кыргыздар кандай күнөөңөрдү болсо да кечмек да” деп жазса, Рыскелди Момбеков MGN GROUN деген жабык акционердик коомдун баш тамгалары – Максим, Гуревич, Надель деген киши аттары менен чечмеленерин, бул коом Кыргызстанда кандайча пайда болгону белгисиз болгон менен акырындап азыркы бийликти алыкмдап, байлыктарыбызды кантип басып алганын баяндаган.

Андан ары кыргыз бийлиги Евгений Гуревичке 2008-жылдын 3-ноябрында Кыргызстандын инвестициялык фондун башкарууга уруксат бергенин, андан ары Гуревич өлкөнүн стратегиялык ири ишканаларына өз адамдарын кантип киргизип олтурганын жана башка жагдайларды кейиш менен кепке алган.

“Форумдун”
бул санында Нарындагы нааразылыктын жүрүшүн сөз кылган “Ата Мекен” партиясынын аппарат жетекчиси А. Шыкмаматовдун маегине да орун берди.

“Көпчүлүгү Нарын эли саясат менен иши жок, өз оокаты менен алек болгон момун эл деп баа берип келген. Бирок бүгүнкү бийликтин элдин жонунан кайыш тилген, элдин убал-сообун ойлобогон, ачкөз саясаты карапайым калктын кыжырын болуп көрбөгөндөй кайнатып олтурат. Кышы 8-9 айга созулган элдин түрү башка” деп айтты А. Шыкмаматов.
XS
SM
MD
LG