Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Эртең элдик курултай


Гезиттер эмнелер жөнүндө жазышты?

“Форум” гезити “Оппозиция уюштуруп жаткан Элдик Курултай эртең саат 10до Бишкек шаарынын Шабдан баатыр көчөсүндөгү “Медиа форумдун” имаратынын короосунда өтөрүн жар салды. Гезит ошондой эле эртең Нарында 10 миңдей адам митингге чыкканы жатат деп, Элдик курултайга эл көп чогуларынан чок баскандай чочуган бийлик Акүйдө чоң чогулуш өткөрүптүр, күч түзүлүштөрүнүн бирин жетектеген адам “күч колдонуп басып салабыз” десе, экинчиси “андай кылсак күчөтүп алабыз” деп, айтор 6-7 вариантка токтолуптур, такталбаган маалыматтарга таянсак атайын кызматтагы 200 баланы аябай даярдашып, аларга оппозициянын аттуу-баштуу адамдарын алеки заматта уурдап кетүүгө айтайын буйрук беришкен имиш, ал ортодо бир топ милиция чиновниктери эл тарапка өткөнү жатыптыр деп, “Фергана ру” маалымат агенттиги дагы бир макаланы жарыя кылды, макалада Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин орунбасары Алексей Елисеев Гуревич менен бирдикте Орусиянын “Еventis Telekom” компаниясына тиешелүү “Бимокомдун” акцияларын тартып алыптыр деп, кечээ редакцияга “Азияуниверсалбанк” менен Улуттук банктын кызматкерлери чалып, жума күндөн бери атайын акча ташыган машиналар банктын акчаларын жүктөп, белгисиз адамдар алып кетип атат деп айтышты деп кабар таратты.

Аталган басылма булардан тышкары ИИМдин пенсиядагы майору Шабдан Жумалиевдин кыргыз милиция кызматкерлерине кайрылуу катын жарыялады. Катта: “Урматтуу милиция кызматкерлери! Силерде “результат” деген балээ бар, ошол балээ силерге кармалгандарды сабаганга, кыйнаганга, акча алганга, жалган жалааны мойнуна алдырганга алпарып, элдин ишеничинен ажыратты. 2002-жылдын март айында Аксыда тынчтык митингге чыккан адамдарды милиция кызматкерлери атып өлтүрүшкөн. Силерден суранарым элиңерге каршы ок чыгарбагыла!”- деп жазылган.

Ушул эле санга журналист Баратбай Аракеевдин “Аксы окуясы” аттуу макаласы, ага улай Аксы окуясында окко учкан Эркинаалы Четинбаевдин иниси Самсаалы Четинбаевдин “Аксы окуясы саясый баасын алган жок” аттуу маеги, саясатчы Темир Сариевдин “Бакиевге биз эмес коңшу өлкөлөр ишенбей калды”, ЖК депутаты Роза Отунбаеванын “Бакиевчилик өлкөгө бизнес-ишканадай мамиле жасоодо” деген интервьюлары да жарык көрдү.

“Назар” гезити бул санын баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Максимдин финансылык империясынын күнү бүтүп баратат” деген макаласы менен ачты. Макалада Максим, Гуревич, Елисеев тууралуу сөз болот. Буга улай эле гезит өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун “Гуревичти бизге жабыштырбагыла” дегенин да шардана кылды.

“Интербилим” борборунун деректири Асия Сасыкбаеванын маеги “Кыргызстан – криминалдык өлкө” деп аталып, өлкөдөгү адам укуктарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын азыркы абалына токтолгон.

Акын Акимов аттуу автордун макаласы “Роза Отунбаеванын ооматы келдиби?” деп аталып, саясатчынын ишмердүүлүк жолун баяндаган.

“Ачык саясат” гезити Өмүрбек Текебаевдин: “Максим Бакиев эл аралык мафиялык өнөктөштөрү менен бирге жоопко тартылууга тийиш” деген, саясатчы Равшан Жээнбековдун “Бүгүнкү бийлик К. Бакиевге жана анын кылмыштуу тобуна кызмат кылган бийлик” деп айткандары менен жаңы санын ачты.

“Курултайдын күн тартибине” деген рубрика алдында саясатчы Равшан Жээнбеков сунуш кылган жобонун бир беренесинде “Элдик Курултайдын чечимдеринин бир пункту болуп Бакиевдин жана анын бала-бакырасынын, ага-туугандарынын, жан-жөкөрлөрүнүн бүгүнкүгө чейинки жасаган кылмыштары белгиленип, коомчулукка жарыяланып, жасаган кылмышына жараша, качан гана болбосун жоопко сөзсүз түрдө тартыла тургандыгы жөнүндө жобо киргизилиши тууралуу сунуш кылам” деп жазылган.

Бул санда “Азаттыктын” кабарчысы Айнура Жекше кызынын Италиялык “ la Stampa” гезитинин кабарчысы Якопо Якобони менен курган маеги көчүрүлүп басылган, аталышы: “Евгений Гуревич бриллиант соодасы менен шугулданган” деп аталат. Маекте Гуревич менен 55 кишини камакка алуу ордери чыгарылганын, бул уюшкан топ Италиядан 2,7 млрд. долларды сыртка алып чыгып кеткенин жана 40 миллионго жакын еврону салыктан жашыргандыгы маалымдалган.

Журналист Күнболот Момоконвдун макаласы “Эл аралык аферист Гуревичти Максим Бакиев каяктан таап келген?” деп аталат.

“Кыргыз туусу” гезити адаттагыдай эле айылдык окурмандардын редакцияга кайрылган каттарын тартуулаган. Андан кийинки бетинде окурмандардын көңүлүн өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун “Электр энергиясына бааны арзандатуу мүмкүн эмес” деген аталыштагы макаласына бурду. Данияр Үсөнов “Электр энергиясына болгон баа төмөндөбөйт. Себеби учурда өлкөдөгү электр тармагы абдан оор абалда турат. Ошондуктан биз тарифтерди жогорулатууга мажбур болуп жатабыз. Эгерде мындай чараны колдонбосок жакынкы 2-3 жылда электр энергиясыз калуубуз мүмкүн” деп айтткан.

Акжолчу депутат А. Салымбеков кыргызстандыктарды айлананы акыр-чикирден тазалап, бак тигип, ишембиликке чыгууга чакырса, Финансы министри М. Султанов мамлекеттин ар бир тыйыны натыйжалуу чыгымдаларын, Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Борбордук агенттиктин бюджеттик кызматынын жетекчиси Канат Асангулов милдеттер такталганын, эми аны аткаруу гана калганын кабарлашкан.

Кыргызстанга Россия тарабынан берилген 300 млн. доллар кредиттин айланасында ар кандай кеп тарап атканын маалымдаган “Кыргыз туусу” гезити бул боюнча Максим Бакиевдин орунбасары Алексей Елисеев менен аңгемелешкен. Елисеев мырза Өнүктүрүү фонду Гуревич башында турган компания менен келишимди бузганын сөз кылган.

Кабарчынын “330 млн. доллар кредиттен тышкары Россия грант түрүндө 150 млн. доллар которду. Камбар Ата 2 ГЭСинин курулушу үчүн 1,7 млрд. доллар берүү жөнүндө келишим болгон. Бул каражаттар эмне болду?” деген суроосуна А. Елисеев “Бул Өнүктүрүү фондунун компетенциясында эмес. Гранттык каражаттар бюджетти колдоого пайдаланылган жана ал үчүн Финансы министрлиги жооп берет. ГЭС курулушуна байланыштуу сурооңузга келсек, аталган каражат Өнүктүрүү фондунда жок” деген жоопту берген.
XS
SM
MD
LG