Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

Жетисиби?


Нарындагы нааразылык акциясы, 10-март, 2010-жыл
Нарындагы нааразылык акциясы, 10-март, 2010-жыл

Бүгүнкү гезиттер өлкөнүн ички турмушу тууралуу макалаларга басым жасашты.

“Учур” гезити кечээ гезит басмага кетип аткан кезде “Форум” гезитине кысым жасалганын, прокуратура тарабынан аталган гезитке санкция берилип, ошол замат сот тарабынан жабуу чечими чыкканын башкы редактор Рыскелди Момбеков кабарлаганын маалымдаган.

Гезит андан ары “Эл толкуну Чүйдөн башталат” аттуу кабарында, Бириккен Элдик Кыймылы уюштуруп аткан эмдиги Курултай Чүйдө өтө турган болгонун, аны уюштуруу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловго жүктөлгөнүн, нарындыктар 7-апрелде кайрадан нааразылык митингине чогулганы жатканын, анткени 29- март күнү өкмөт башчысы Данияр Үсөнов эл менен жолукканда Нарын элине 50 пайыз жеңилдиктер болот деп айтканын, бирок бул куру сөз бойдон калганын, анткени арзандатуу тууралуу эч кандай жарлыкка президент кол койбогонун, ошондуктан эл кайра толкуп чыга тургандыктарын кыймылдын мүчөсү Эркин Асаналиев билдирди деп жазып чыкты.

Муну менен бирге эле экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун 5 жылга шарттуу түрдө кесилишине эл аралык коомчулук катуу кабатыр болуп, өзгөчө Орусия, Казакстан жана Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары кыргыз бийлигинин мындай жоругуна баш чайкап атышканынан кабар алдык деп, 8-апрелде ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиев АКШга барганы жатса, ал жактагы кыргыздар аны каршылык акциясы менен тосуп алуу үчүн катуу даярданып жатышыптыр деп, Акаев кызы Бермет Акаеваны бийликке алып келүүгө ниеттенип калыптыр деп, белгилүү ишкер Урмат Барктабасов жакын арада Кыргызстанга келип саясый иш чарасын баштаганга киришет имиш деп кабарлады.

“Айат пресс” гезити, Нарын калкынын жаалынан сестенген акимдер алдастап жатканын, балким эртең-бүрсүгүндөн баштап далай аким кызматынан кол жууганы калганын, бул арада нарындыктардын нааразылыгына таластыктар атаандашып, Акүй амалын кетирчүдөй болуп турганын, Талас дубаны да 7-апрелде бүтүндөй козголуп, күтүүсүз аракеттерге барары айтылууда деп маалымат таратты.

Ушул эле гезит:

- Буга чейин АКШга таянган оппозиция эмне үчүн Орусияга таянууда? Натыйжасы кандай болот?-деп суроо салып төмөнкүдөй жоопторду алды.

Коомдук ишмер М. Ниязов: - АКШ авиабазадан кийин Кыргызстанга кайдыгер караганы көрүнүп турат. Орус бийлигинин Кыргызстанга болгон кызыкчылыктары болсо керек, ошондуктан оппозиция орус бийлигине ыктап атат.

Коомдук ишмер Б. Ааматов:
- Оппозиция АКШ менен орус бийлигине эмес, элге таянышы керек эле.

Саясат таануучу Чолпонбек Сыдыков: - Сырткы күчтөргө таянуунун арты жакшы болбойт.

Коомдук ишмер Б. Мамырова: - Бул суроого кошулбайм. Оппозиция акыйкат менен чындыкка таянып келген.

Саясат таануучу О. Молдалиев: - Оппозициянын сырткы күчтөрдүн таасирине кирип алуусу өтө опурталдуу. Демек кийин сырткы күчтөр да Кыргызстанды өз нугуна буруп алат. Биринчи кезекте улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын унутпашыбыз зарыл.

Бул басылма ошону менен бирге эле мамлекеттик жана коомдук ишмер И. Абдуразаковдун “Саясат ыплас эмес, аны саясатчылар ыплас кылат” деген ат менен, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Сулайман Кайыповдун “Акын болсом жаанда калган самындай эзилмекмин” деген ат менен маектерин жарыялады.

“Жаңырык апта” гезити жердин жаракасынан чыга калгансып, оппозиция лидери Алмазбек Атамбаев эми 7-апрелде көрсөтөбүз деп жерден табылбаган муштумун көрсөттү деп, “үй-бүлөгө жакын адамдардын айтымында, Гуревичтин дүйнөнү дүңгүрөткөн чатагынан соң так талаш маселесине чекит коюлуптур, марттын кап ортосунда адатынча Германияда дарыланып жүргөн президентке жакындары телефон чалып, Гуревичтин чатагын маалымдашат. Бакиев дарылануу курсу бүтөлектигине карабай Кыргызстанга учуп келип, шашылыш түрдө “семейный совет” өткөрүп, айрыкча кичүү уулу Максим менен катуу кырдаалда сүйлөшкөн имиш. Ошентип “семейный советте” өзүнүн мураскору катары Жанышты жарыялаптыр. Учурда Адыл менен Жаныштын офистери биригип, чогуу иш алып барууга даярдана баштаптыр. Жакында Жаныш мамлекеттик күзөт кызматын өткөрүп, бир үлкөн орунду ээлеп, саясый карьерасын жаңы өңүттө баштайт дешүүдө” деп кеп кылды.

Аталган гезит андан ары журналист Алым Токтомушевдин “Хлестаков?” деген макаласын окурмандарына сунуштаган. Макалада бийлик менен оппозиция өткөргөн курултайлардын маани-маңызы, “мекенчилдик” тууралуу сөз жүрөт. Автор мекенчибиз деп төш каккандар кыргыз жери Кытайга, Өзбекстан менен Казакстанга өтүп атса да үн катпайт да, “кокуй өлдүк, "Манасыбызды" кытай алып кетти!” деп жер тепкилеп өкүрөт, өлкөбүз таланып жатат, тонолуп жатат, алардан туулган балдарынын эртеңи эмне болот?” деген тагдыр чечер маселелерге үн катпаган мекенчилди байкай албайсың” деп белгилеген.

Алым Токтомушев саясатчы Дастан Сарыгуловду сындын бутасына алып: “Дастан Сарыгуловдун сайраганына караганда кыргыз элинде кул-кутан деген болбоптур, карандай бай менен манап экенбиз. Анан эмне үчүн бүгүнкүдөй эшейген абалдабыз десең, совет бийлигин, орус шовинизмин сөгөт. Аларга жан аябай кызмат кылып, ушул үлкөн байлыкка кантип туйтунганын унутат, Акаевдин аркасын унуткандай эле” деп кошумчалаган. Макаланын улундасы кийинки санга калтырылган.

Журналист Семетей Талас уулунун макаласы “Кыргызстан кумарканалардын бейиштөрү” деп аталып: “Кыргызстанда дүйнөлүк каржы кризисинин капшабы такыр тийбеген тармактар бар. Ал – казино жана ойномо автоматтар тармагы. Саны жылдан жылга өсүп барат. Экономикасы чабал, турмушу оор деген алыскы Баткен дубанында казинолордун ачылып жатышы – бул тармактын канчалык кирешелүү экенинен кабар берет Ал ортодо кумар оюнунун азгырыгына кирип, канчалаган үй-бүлө талкаланып, канчалаган ишкерлер бар жыйганын бир түндүк кумарга алмаштырып, сызга отурганы менен кумарканаларды жабуу бүгүнкү бийликтин эч оюнда жоктой “ деп жазды.

Андан ары мыйзамда ЖК депутаты бизнес менен шугулданууга болбойт деп жазылып турса дагы депутат Роман Шин казинонун кожоюну экендигин, казино ээлери кезинде алардын ишмердүүлүгүнө каршылык кылган генерал Ө. Суваналиевге кантип “чабуулга” өткөн мисалын баяндоого алган.
XS
SM
MD
LG