Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Базарбай Мамбетов: “Камбар-Атаны бирге курабыз деп кыйкырышкан”


Базарбай Мамбетов
Базарбай Мамбетов

Гезиттер эмне дейт?

“Эл сөзү” гезити аркылуу экономика боюнча эл аралык эксперт Базарбай Мамбетов Камбар-Ата ГЭСин эл аралык экспертизадан өткөрүүнүн эч кандай негизи жоктугун баса белгилөө менен бул деген регионалдык геосаясат экендигин, тилекке каршы кыргыз бийлиги коңшулардын “экспертизадан өткөзгүлө!” дегенине макул деп койгонун, ал жерде экологияга терс таасир тийгизе турган эч нерсе жоктугун, дегинкиси эле эмне кылыш зарлдыгын өзүбүз чечишибиз керектигин кеп кылган.

Эксперт андан ары ошол эле бүгүн каршы чыгып аткан казактар менен өзбектер 12 жыл илгери Чолпон-Атада олтуруп: “Камбар-Ата-1 менен Камбар-Ата-2ни бирге курабыз!” деп кыйкырышканын мисалга тартып, аталган эки мамлекет Тажикстанга да кысым көрсөттү эле Тажикстандын Коопсуздук кеңшинин төрагасы Азимов кечээ: “Эл аралык экспертиза болобу, болбойбу, ишибиз жок. РОГУН ГЭСи эч кандай көрсөтмөгө баш ийбейт. Бул маселе – Тажикстандын өз иши” деп жар салды. Мына жооп деген. А бизде ушинтип айтаар жүүнү тирүү бирөө жок. Эгер биз Камбар-Ата-1 да, РОГУНду да биргелешип курсак, бул эки ГЭСтин Борбор Азияга энергетикалык жана суу ресурсу боюнча пайдасы абдан чоң болмок” деп айтты.

Гезит андан ары журналист Жылдыз Мусабекованын өлкөнүн саясый аба ырайын талдоого алган “Кара булут качан тарайт?” аттуу макаласын окурманга тартуулады.

Өткөндө Сузактын Ырыс айыл өкмөтүнүн чыга беришине чоң таштар менен “Бакиев кетсин!” деп жазылып турганын көргөн айыл өкмөтү ал таш жазууну тез арада жок кылганын, андан көп узабай Боом капчыгайынын ичиндеги “Бакиев кетсин!” деген жазууну да өчүрүшкөнүн, эми кечээ күнү – 5-апрелде президент жашаган Ала-Арча резиденциясынын жанынан өткөндөр жакасын кармашканын, мамлекеттик кайтаруудагы дубалдын бетине “Долой воровский режим!” деп жазылып турганын көбү окуй электе өчүрүп тынганын маалымдап, 2005-жылы да Акаев эзүүсүнө чыдабаган кыргыздар Бишкектин туш тарабына, айыл-кыштактарга “Долой Акаев!” деп жазып, бийлик аны өчүрүп бүтөлбай айласы кетти эле деп кабарлады.

Гезиттин бул санына Коомдук палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаев маек куруп, Бакиев жүргүзүп келаткан бийликти сынга алган. “Өзү жол тосуп, Акүйдү, банктарды басып алып келсе революция, а башкалар нааразычылык айтып чыкса аларды камаган кандай мораль? Турмуш жакшы болуп, бийлик акыйкат иш жүргүзсө, ким көчөгө чыкмак эле? Демек элдин нааразылыгына бийлик өзү негиз түздү” деди академик Эркебаев.

Буга удаа эле БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров интервью берип: “жалалабаддык, оштук саясатчылар да биригишти” деп билдирди. Бекназаров Жалал-Абаддын Токтогул, Аксы, Базар-Коргон жана башка ар бир райондорунда Элдик Курултайдын уюштуруу комитетинин филиалдары түзүлгөнүн, ал эми Дүйшөн Чотонов төрагалык кылган Анвар Артыков, Бөдөш Мамырова, Алмамбет Матубраимов, Исмаил Исаковдун жактоочулары жана оштук саясатчылардын башын бириктирген уюштуруу комитети Ошто да түзүлгөнүн, мындан сырткары Ысык-Көлдө да түзүлүп бүтүп калганын белгиледи.

“Кыргыз туусу” гезити “Өлкөбүздүн кооздугу БУУнун башкатчысын суктантты” деген ат менен президент К. Бакиев менен Пан Ги Мундун сүрөтүн коштогон макала менен жаңы санын ачып, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын келип-кеткени, андагы сүйлөшүүлөр тууралуу макалалардын топтомун сунуш кылды.. Пан Ги Мунду айрыкча суу маселеси кызыктырганы да белгиленген.

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган ырлар, эскерүү баяндар, Ынтымак Курултайында айтылгандарды ишке ашыруу боюнча кандай иштер жасалып жатканын сөз кылган макалаларга да орун берилген.

Март айынын аягында президент Курманбек Бакиев мамлекеттик символиканын авторлоруна – Насыр Давлесов, Жалил Садыков, Асеин Абдраев, Шабданбек Кулуевдин ар бирине 40 миң сомдон материалдык жарадам көрсөтүү буйругуна кол койгондугу да кабарланган.

Гезит анадан ары маданий, тарыхый макалаларды, атап айтканда жазуучу Ильгиз Талиптин эл акыны Э. Ибраев, жазуучу Канболот Бердикеевдин журналист Э. Калдаровду эскерүүлөрү, тарыхчы, профессор Дөөлөтбек Сапаралиевдин “Жайыл хан”, профессор Б. Абытов менен окутуучу Г. Бекмурзаеванын мамлекеттик ишмер А. Орозбеков тууралуу баяндары басылган.

“Ачык саясат” гезитинин жабылганына 18 күн болгонун кабарлаган “Алиби” гезити бүгүнкү санын “Өлкөңдү талап-тоногонду токтотууга жардам бер!” деген аталыш алдындагы чакырык менен ачып, баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Россиянын 300 млн. долларлык кредитинин чоо-жайы” деген макаласын сунуш кылды.

Мындан тышкары гезит, эртең 7-апрелде Кыргызстандын жер-жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көлдө оппозиция лидерлери жетекчиликке алган комитеттер башында турган Элдик Курултайлар өткөн жатат деп, 3-апрель күнү Казакстандын “7-канал” телеберүүсү бир сааттын тегерегиндеги эфирдик убактысын Кыргызстандагы саясый кырдаал, социалдык-экономикалык жагдай, “Манас” эпосу, Е. Гуревич окуясы, журналисттердин өлүмү жана басма сөздүн муунтулушу тууралуу баянга арнаганын, мунусу аркылуу кыргыз бийлигинен казактар да түңүлгөнүн көрсөттү деп, кечээ күнү Азимбек Бекназаров эч кандай күнөөсү жок генерал И. Исаков мунапыс менен бошоого каршы экендигин билдирди деп айтты деген маалыматтарды таратты.

Аталган гезит ошону менен бирге эле БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун “Президент К. Бакиевди сөз эркиндигин камсыз кылууга чакырдым” деген сөзүн шилтеме кылып, Пан Ги Мун мырзанын Бишкектеги сапары учурунда өлкөнүн көз карандысыз ММК жана бир катар саясатчылар, укук коргоочулардын өкүлдөрү менен жолукканы баяндалат.

Мындан тышкары гезитке Кыргызстандын оппозициясынын Эл аралык коомчулукка билдирүүсү жар салынган. Анда: “ Бакиев тарабынан парламент эле эмес, өкмөттү ыйгарым укуктарынан толук ажыраткан конституциялык эмес өзгөрүштөр жасалды. Бийлик бюджеттин жана мамлекеттин карамагына келип жаткан башкы финансы ресурстарына ээлик кылууну президенттин уулу жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн колуна салып берди. Бардык каражаттар Максим Бакиев алып келген жеке адамдардын ээлигинде калып, жыйынтыгында Кыргызстан эл аралык мафиялык топтордун финансылык алдамчылыктарына малынды” деп жазылган.
XS
SM
MD
LG