Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Каргыш


Гезиттер эмне дешет?

“Аалам” гезити Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин “Кыргыз досторубузга жардам беребиз” деп айткан сөзүн шилтеме кылып, Россия Кыргызстанга 20 млн. доллар грант жана 30 млн. доллар жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алганын, жазгы айдап-себүү иштери үчүн 25 миң тонна мунай продуктылары жөнөтүлөрүн, ошондой эле бир жарым миң тонна үрөн берүүгө даяр экендигин белгилеген. Путин өз сөзүндө: “Кыргызстанда абал абдан татаал. Убактылуу жаңы өкмөттүн айтканына караганда, мурдагы бийлик казынаны талап, тоноп кеткен. Бирок биз кыргыз эли менен дайыма өзгөчө мамиледе болуп келгенбиз. Ошондуктан кыйын кезеңдерде сөзсүз биз досторубузга колдоо көрсөтүшүбүз керек” деп айткан.

Гезит К. Бакиевдин “Кан төгүүгө мен күнөөлүү эмесмин” деген маегин “Азаттыктан” көчүрүп жарыялаган.

Ал эми “Мамлекетти сактоо элдик комитети, Кыргыз эл биримдигинин” билдирүүсү “Экс-президент К. Бакиевге эскертүү!” деп аталат. Анда мындай сөздөр бар: “Сен албетте билбейсиң, билсең элиңе мансап, бийлик үчүн ок атып, кырчындай жаштардын каны менен сугарбайт элең. Жүздөгөн энелердин көзүнөн кан аралаш жаш акпайт эле, өкүрүп-өксүп, чачын жулуп, жер тытып, балдарынын "Ата-Бейиттеги" мүрзөсүн кучактап ыйлагандар сени каргап-шилеп, Кудайга үнүн угуза наалат айтканын уксаң – жети атаңдын арбактары, бүтүндөй укум-тукумуңа кечиргис дак калтырып жатат. Сен чын эле Ак үйдү автомат менен коргойм дегенде, биз чет душмандардан коргойт экен деп сүйүнгөн элек. Көрсө керт башыңды, байлыгыңды коргооруңду ошондо билбегенибизге өкүнөбүз. Сен эми кыргыз тарыхына “Каргашалуу каражолтой хан” деген ат менен кылымдарга калдың. “Эсиң барда этегиңди жап” дегендей өз ыктыярың менен тизе бүгүп, кыргыз элинен кечирим сурап, арызыңды жазгын. Миң жыл өтсө да Сенин тукумуң кыргыз элине батып жашай албастыгын эсиңе салып кой, каражолтой, каргашалуу Бакиев!”

“Учур” гезити “Экс-ички иштер министри Молдомуса Конгантиев сот алдында жооп берүүгө даяр экенин билдирди” деп, “Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын 14 депутаты К. Бакиевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүп чыгышты” деп кабарлады.

Гезит: “Бакиев тур ордуңдан, сот келатат!” деген ат менен профессор Жеңишбек Назаралиевдин Элдик ишенимдеги убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага ачык катын басты.

“Бакиев деген ким өзү?” деп суроо койгон Ж. Назаралиев, ага кайра жооп кылып: “Бакиев өз чөнтөгү жана үй-бүлөсү үчүн өз элин тоноп жана тентитип жок кылууга биринчи президенттин саясатын уланткан №2 – кылмышкер. Ал Аксыдагы айыбы жок адамдарды атып өлтүрүүгө аралашкан адам. Эркинбаев Баямандан тартып Медет Садыркулов менен Геннадий Павлюкка чейинки чуусу көп киши өлтүрүүлөрдүн, Жогорку Кеңештин оппозициячыл депутаттарын уурдап кетүүнүн, “героин матрешкасы” сыяктуу жоболоңдуу жорук-жосундардын бардыгы Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн кылган иши.

Токтогул ГЭСиндеги сууну канча акчага сатышты? Чет элдик баасы 100 миллиондон ашкан машиналарды, үйлөрдү жана виллаларды сатып алууга анын балдары менен бир туугандары акчаны кайдан алышкан? Ысык-Көлдүн жээгиндеги, Арсланбаптагы, Сары-Челектеги жана Жети-Өгүздөгү мыкты деген пансионаттардын канчасын менчигине басышты.

2010-жылдын 7-апрелиндеги митингде дал ошол К. Бакиев президент катары ок атууга буйрук берди. 80ден ашык адам курман болуп, 1000ден ашык адам жарадар болду. Эми Бакиев актанып, качып барып ийнине жашынганы менен кан төгүүгө ал жеке күнөөлүү экендигин эл билет жана түшүнөт” деп жазуу менен аны “Ал өз элинин мыкаачысы, өз өлкөсүнүн канкору!” деп атап, эң оор жаза менен жазаланышын талап кылган.

“Жаңырык апта” гезити саясат таануучу Кубан Абдымендин “Бакиевдер кыргыз элине каршы экендигин көрсөттү” деген макаласын сунуш кылды. Автор анысында: “Бакиев ойлонбостон маалымат каражаттарына үстөккө-босток интервью берип, ойду-тоону оттоп жатканы, баарынан да ок атууга буйрукту бербегенин жарыялашы – кыргыз элин эле эмес, дүйнөлүк коомчулукту жийиркентти. Өткөн бийликтин эң чоң катасы – оппозициялык күчтөрдү алсыратып, жалпы элди момун көрүп, экинчи кайтарып кол көтөрмөк түгүл, үн чыгара албай калды деп ишенип алганында. Чынында эле кыргыз эли буга чейин болуп көрбөгөндөй кордук көрүп, нечен бейкүнөө өлтүрүүлөрдү, жоготууну башынан кечирип, дүйнө жүзүнө шылдың боло тургандай абалда калган” деген пикирин билдирген.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын башчысы Исхак Масалиев президент кызматтан кетиши керектигин, 80ден ашык адам тургай, бир эле адамдын каны төгүлөрү менен ушундай кадамга барышы керектигин айтуу менен жаңы өкмөт мыйзам жолуна түшүшү зарылдыгын, керек болсо аны бир эле күндө жасаса болорун, маселен Жогорку Кеңештин депутаттарына шарт түзүп берип жыйналышка чакырса, президенттин жоопкерчилигин карап, спикерликке ошол эле Роза Отунбаеваны шайлап алмактыгын айтты.

"Сиз жеке өзүңүз мындан ары кандай кадамга барасыз?" деген суроого И. Масалиев: -Оппозицияга кетпейм. Убактылуу өкмөттүн айтылган ураандарын 90 пайыз колдойм,- деп жооп берди.

“Асман преss” гезити “Биз бийлик оңолсун деп жарадар болдук” деген аталыш алдында азыркы учурда ооруканаларда дарыланып жатышкан жаштардын айрым өкүлдөрүнүн снайперлердин колунан кантип ок жегендерин айтып беришкен.

Кулмат Тукеналиев аттуу автордун макаласы "Ата-Бейиттеги" көз жаш” деген рубрика менен жарык көрдү. Макала “Ата-Эне, чырактай келинчек жана чыркыраган балдардын ыйы” деп аталат. “Жашоонун жарымын да көрбөгөн боюнча кырчындай курагында кара жер жазданып кете беришти. Артында боздогон жакындары, алган жары, там-туң баскан балдары калды. Булардын убалы кимге? Беш жыл башта ушундай эле башаламандык менен келген К. Бакиевдин: “Мен мындай көрүнүштүн экинчи ирет кайталануусуна жол бербейм. Керек болсо Ак үйдү колума курал алып кайтарам” дегени бекер айтылбаптыр. Кудайдын кулагына угулган окшобойбу. Мына эми анын аягы эмне болду? Эгерде качып кетпей, колуна курал көтөрүп эл алдына чыкса балким мындай кандуу окуя болмок эмес” деп жазды.

Петровка чатагында элди тыйып, тынчытып жүргөндүгү үчүн камакка алынып, түрмөгө камалган Уран Рыскулов интервью берип, бир жылдан бери созулуп келе жаткан сот Бакиев бийликтен кеткенден кийин 1 саатта чечилгенин, аны соттогон ошол эле сот, ошол эле айыптоочулар: “Биз бирөөнүн буйругун аткарыптырбыз. Биз ит болдук” деп айтышканын, эми Ак үйдү аласташ керектигин, азыр Ак үйгө барган киши бузуларын, анткени анын энергиясы бузуктугун, ал жерди тазалап, жардырып, ушу каза болгондорго алтындан эстелик тургузуу керектигин билдирген.
XS
SM
MD
LG