Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз!


“Кыргыз туусу” гезити “Бакиевдердин адамдары кайрадан ок чыгарышты” деп Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн Элдик Курултайды баян кылды. “Алиби” гезити “Каразгөйлүк менен цинизм” деген макаласы аркылуу баяндамачы Ү. Касыбековго кеп кезегин берген.

“Кыргыз руху” гезити бүгүнкү санын “НКВД урпактары же Ата Бейитке кеткен жол” деген баштема аркылуу өлкөдө болуп өткөн окуларды кенен чагылдырууга аркет кылган жана чет элдик, ошондой эле жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган кабарларга, айрым жарандардын ой-пикирлерине орун берген.

Академик Омарбай Нарбековдун “Азырынча убактылуу өкмөткө жардам берели” деген, композитор Муратбек Бегалиевдин “Кытай көптүгүнөн, кыргыз көктүгүнөн” деген, ишкер Табылды Эгембердиевдин “Баймын деген Бакиевдер бомж болуп калды” деген маектери жарык көрдү.

“Эл сөзү” гезити бул санын журналист Жылдыз Мусабекованын “Каргыш дубалы” деген макаласы менен ачты.

Гезиттин жазганына караганда Бакиевдер Азия Универсал Банкынан 200 млн. доллар чыгарып кеткен деген сөз бар экен деп, “Альфа Телеком” компаниясы Кыргызстандагы №1 коррупционерлер – Бакиевдердин үйбүлөсүнө таандык экендигин 100 пайыз тастыктаган документтер табылды деп, Тажикан Калимбетова, Мурат Суталинов, Ширшов, Елисеев өлкөдөн чыгып кеткендиги белгилүү. Аянтта курман болгондордун өлүмүнө күнөөкөрлөрдүн дагы бири болгон Данияр Үсөновдун качып кетип, жоопко тартылбай калышын эл кечирбейт деп, ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахматулла Ахмедовдун айтканы боюнча кандуу апрель күнү 2 милийса курман болуп, 622 милийса жарат алып, учурда 70тен ашуун милийса ооруканада жатат деп кабарлады.

Ушул эле гезит Кочкор районунун тургуну Чолпонбек Белековдун Курманбек Бакиевдин апасына багыштаган катын шардана кылды. Катта: “Сиз көп бала төрөп, тарбиялаган адам экенсиз. Балдарыңызга айтып коюңуз, ок тийген 1500 баланын, өлгөн 84 азаматтын жарымы түштүк элибиздин кулундары экен, ишенбесеңиз караңыз, өлгөн эки азамат Сузактын балдары экенин билесиңер. Эгер сиз өлгөн балаңыз Жусупбектин арбагы тынч жатсын десеңиз, эгер сиз мындан кийин сизге окшогон кыргыз энелери балдарын жоктоп ыйлабасын десеңиз, балдарыңыз сот алдына келип жооп беришин талап кылыңыз. Кыргыздар киши өлтүргөн адамды чыканагына чейин кан болгон адам дешет. Сиз төрөп, тарбиялаган бакиевдер болсо мойнуна чейин элинин канына боелушту” деп жазылган.

“Кыргыз туусу” гезити “Бакиевдердин адамдары кайрадан ок чыгарышты” деген тема алдында кечээ Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн Элдик Курултайга 7 миңден ашуун адам катышканын сүрөт коштогон маалыматы аркылуу баян кылды.

Элдик ыңкылапты колдогондордун ой-пикирлери басылманын 2-бетине жайгаштырылган.

Мындан кийин Элдик убактылуу өкмөт мүчөлөрү Темир Сариевдин, Өмүрбек Текебаевдин учурдагы экономикалык-социалдык жана саясаый абал тууралуу маектери да жарык көрдү. Журналист Бекен Назаралиевдин 2008-жылдын 12-сентябрында “Жаңы ордо” гезитине басылган Курманбек Бакиевге ачык каты кайталанып сунушталган. Каттын аягы: “ Акаевдай болуп элинен качып, журтун таштап кетпей, Марат, Максимдин уул-кыздарын колунан жетелеп, Эркиндик гүлбагында ээн-эркин эс алып жүргөнүңүздүн өзү бакыт эмеспи” деп аяктаган.

Аянтка жааган октун курмандыгы болгон Марат аттуу жигиттин кичүү кызы Амина күнүгө апасына: “Атам асманга учуп кетти. Азыр атам мени ошол жактан карап турат ээ, апа?” деп атасына телефон чалып бер деп күн сайын кыйнап турганын, жесирдин, апасынын муң-зарын баяндаган армандуу макала да басты.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин өткөн бийликтин былыгын ачкан макаласы “Курманбек Бакиев криминалдык авторитеттин алдына эмне үчүн чыккан?” деп аталат.

“Агым” гезити Таластан башталган ыңкылапка катышып, эл менен кагылышуудан жабыркаган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, подполковник Улан Рысбековду кепке тарткан.

Ал 6-апрель күнү түштөн кийин полкко чакыртылып, 200 милийса тез аранын ичинде учуш керектигине буйрук берилгенин, бирок кайда учуш керектигин айтышпаганын, анан аэропорттон 4 самолет, 5 вертолет менен учуп чыгышканын, алар менен Акүй жөнөткөн Акылбек Жапаров жана министрдин орунбасары Азизов чогуу болгонун айтып берген.

Окуя андан ары эл тарабынан барымтага алынган облус губернатору Б. Болотбековду бошотуу үчүн элди үн чыгаруучу граната, газ пистолет менен атышканы, бирок эл арасындагылар гранаталар жарылгыча эле тосуп алып, кайра милийсалардын өздөрүнө ыргытып турганы, бара-бара эл көбөйө берип, 200дөй эле милийса калып, облакимчиликтин ичине кире качканы тууралуу кеп болот...

Улан Рысбеков милийса тууралуу мыйзамды кайра жазуу керектигин, Акаев убагынан бери карай эле бийлик милийсаларды “резинадай” колдонуп келатканын, ооруканадагы милийсалар генерал М. Коңгантиевге ыраазы болушканын, ал окуянын аягына чейин чогуу болуп, качпай, чогуу таяк жегенин да белгилеген.

“Алиби” гезити “Каразгөйлүк менен цинизм” деген макаласы аркылуу баяндамачы Ү. Касыбековго кеп кезегин берген. Өнөржайчы Орозбек Дүйшеевдин маеги “Бакиев өзүнүн арамза оюн биринчи күндөн баштаган” деп аталат.

ИИМ министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов: - Бакиев Кыргызстандагы абал кой үстүнө торгой жумурткалаган абалда, ишимди уланта берем деп ойлогон. Талас элинин менталитетин ал түшүнбөгөн бойдон кетти. Эркиндикти, адилеттикти, калыстыкты туу туткан эл үчүн күч органдарын тиши тургай тырмагына чейин куралдандырсаң да эл бир толкуса караөзгөй бийликти каңтарып жок кыларын көрсөттү,-деп айтты.

“ММК майданын муунткан бакиевчилер” деп аталган баянда Бакиевдин аппарат жетекчиси К. Жороев, Бакиевдин ЖКдагы өкүлү Досалы Эсеналиев, Оксана Малеванаянын кол алдындагылары – Илим Карыпбеков, Алмас Турдумаматов, Бакиев аппаратынын юридика бөлүмүнүн жетекчиси Б. Зулпиев, Элмурза Сатыбалдиевди Баш прокурорлуктан алып түшүүдө “эмгек” сиңирген М. Жумакеева жана Д. Үсөновдун жардамчысы жана жансакчысы Т. Ажымалиев жана башкаларга мүнөздөмө берилген.

“Аянтка келип актыгын айтсын” деген аталыш алдында жарык көргөн жарандардын ой-пикирлери: “Өз элине ок атып, жашырынып алып күнөөсүзмүн, акмын” деген Бакиевдин жазасын ким берет?” деген бөлүмгө топтоштурулган.

Гезиттин эки бети ооруканадагы жарадарларга арналган.
XS
SM
MD
LG