Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Бакиевсиз күндөр башталды


Бүгүнкү орус тилдүү гезиттер эмне дейт?


“Дело № ...”
гезити Бишкек шаарынын жаңы дайындалган прокурору Кубанычбек Абылов менен маек жарыялады.

Прокурор элди көрүнгөн ушак-айыңдарга ишене бербөөнү, мисалы Ош базарында эч кандай атышуу болбогонун, болгону бир кичинекей бала базар аралап чуркап баратып “атышып атат” деп кыйкырып койсо, соода кылып аткандар дүрбөлөң түшүп кеткенин, Фучик паркынан машина токтоп атып кетип жатыптыр деген сөз да калп экенин, мындайларды шаар ичине дүрбөлөң салгысы келгендер атайлап таратып жүргөнүн, кокус ушул өңдүү сөз уккандар болсо, дароо прокуратурага кайрылууларын, азыркы күндө Бишкектин ар бир райпрокуратурасында ишеним телефондору иштеп атканын кеп кылган.

-Бакиевдин үй-бүлөсүнүн жана анын жакындарынын мүлкү тууралуу эмнелерди айтаар элеңиз?-деген суроого К. Абылов:

- Бизге Максим Бакиевге менчигин тарттырып ийген ишкерлер күн сайын келүүдө. Ишкерлердин менчиктерин Максим Бакиев менен Марат Бакиев тартып алып турушкан. Адегенде өз кишилерин жөнөтүшкөн. Анан менчигин берүүдөн баш тарткандарга мамлекеттик органдар жардамга келген. Мындан тышкары өлкөнүн сегиз банкында алардын эсеп-чоту болгон. Максимге мыйзамсыз болсо да шаар мэриясы тарабынан Бишкектин чок ортосунан же “Нарын” рестораны турган аймактан 2 гектар жер берилген. Максим ал жерге бизнес-борбор жана ресторан курууну баштаган.

Шаар прокурору сөзүнүн аягында банктардын биринен Марат Бакиев менен анын аялы көчөгө чыкканда майда-баратка керектей турган 2 млн. 700 миң 400 доллар чөнтөк акчасы табылганын да кошумчалаган.

Гезит ошону менен бирге эле прокуратура органдары жалпы суммасы 14 млн. долларлык алтын уютмаларын таап чыккан. Ал Максим Бакиев менен Марат Бакиевге жана мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевге таандык болгон. Финансы министри Темир Сариев бул каражат талап-тоноочулуктан жабыр тарткан ишкерлердин зыяндарын калыбына келтирүүгө жумшаларын билдирген.

“Дело № ...” жумалыгы ошондой эле эл оозунда уу-дуу болуп келген Россия Федерациясы Кыргызстан үчүн берген 300 млн. доллардын 35 млн. долларын Максим Бакиев өз керегине жумшаш үчүн коммерциялык банктарга салып, 226 млн. долларын Е. Гуревичтин компаниясына бергени да кабарланган. Бакиевдер “Түндүкэлектр” ишканасын 120, 7 млн. доллар арзан сатышкан.

Гезит андан ары “латыш сайттары” Максимдин Латвияга 10-апрелде келип, 16-апрелде өлкөдөн чыгып кеткенин, ал эми экс-президент Курманбек Бакиев биринчи аялы Татьяна менен эмес, экинчи аялы менен Тараздан учуп кеткендиги маалымдалган.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити Маевка айылындагы массалык тополоңдун чоо-жайына токтолуп, аларды: “Демонстранттарбы же диверсанттарбы?” жана “Коргоосуз шаар” деп аталган макалаларында толугураак чагылдырды.

Илья Лукашовдун “Акыркы таяныч” аттуу макаласында 16-апрелден тартып Кыргызстандагы юридикалык жана анык бийликтин ортосундагы тирешүүгө чекит коюлганын, Жалал-Абаддын жанындагы Тейит айылы кулатылган президенттин резиденциясы болуу тагдырынан ажыраганын маалымдап, 14-апрелде болуп өткөн окуяны сүрөттөгөн.

Парламенттик башкаруу формасы журналист Елена Агееванын макаласында талдоого алынган.

Апрель окуялары тууралуу журналист Улугбек Бабакулов баяндаган. “Бакиевдердин бийлиги жалпыга маалымдоо каражаттарын үнүн басып, муунта баштады” деп жазган автор, андан кийин “Азаттык” жана “Би-Би-Си” радиолорунун берүүлөрү буулганын, журналисттерди сабатуу, ал тургай өлтүрүп коюу адатка айланганын, мына ошондон тартып ансыз да кымбатчылыкка кыжыры кайнап араң турган эл жарылып кеткенин кеп кылган.

“Бакиевдерди кимдер сатып кетти?” деген суроого жооп издеген журналист Данияр Үсөнов менен Мурат Суталинов сатып кетиши ыктымал деген ойду айтат.

Улугбек Бабакулов “серый кардинал” аталган Жаныш Бакиев тууралуу “Жаныбек Бакиевдин жамандык империясы” аттуу макаласында кеп кылган.

Шаардын мурдагы башчысы Нариман Түлеевдин азыр кайда экени белгисиз. Бирок “МК Кыргызстан” гезитинин кабарчысы аны менен маектешүү мүмкүнчүлүгүн таап, айрым суроолорго жооп алган.

- Мен саясаттан дайыма өзүмдү оолак кармачумун. Бирок тарифтердин кескин көтөрүлүшү жакшылыкка алып келбестигин айткам. Данияр Үсөнов болсо “сен өз ишиңди билгин” деп койгон. Мен анан ушул эле маселе боюнча президентке кирип сүйлөшкөм. Сүйлөшүү өтө кыйын болду,- дейт Нариман Түлеев.

Түлеев андан ары 7-8-апрелде кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан анын үйү аткыланганын, ошондон кийин жашап турган жерин алмаштырууга туура келгенин, жалпыга маалымдоо каражаттарына кабар кылууга аракетинен майнап чыкпаганын, тилкекке каршы радиостанциялар да, телеканалдар да, маалымат агенттиктери да ага сөз бербей койгонуна кейиген.

-Сизди адегенде Айдар менен дос эле, кийин Максим менен дос болуп жүрдү дешет,-деген суроого Н. Түлеев:

-Айдар менен тааныш эмес болчумун. Ал эми Максим менен... Кайдагы достук, ал менин бизнес-активимдин жарымын тартып алган. Максимди бардык аткаминерлер тааныганга аргасыз болушкан, - деп жооп берди.

-Сиз жаңы бийлик менен иштешүүгө барат белеңиз?- деген суроого ал:- Шаар мэринин өкүлчүлүгү катары сунушташса кандай бийлик менен болсо да иштешем. Эгер менден шек санашса шаар башчысынын кызматын элдин шайлоосуна салып сынап көрүшсүн. Мен таза күрөштө өз күчүмдү сыноого даярмын. Бишкекти сүйөм жана аны кандай керемет шаарга айлантуу пландарым кыялымда толтура,- дейт мурдагы шаар башчысы Нариман Түлеев.

Гезит ошону менен бирге эле “Криминалдын бийлиги, бийликтин криминалы” деген макала басып, Бакиев бийлеп турганда өлтүрүлгөн адамдарды сүрөттөрү менен басып чыкты. Алар Кудайбергенов, Санатбаев, Эркинбаев ... жана башкалар.
XS
SM
MD
LG