Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Мамлекет жоголбойт


Гезиттер эмнелер жөнүндө жазды?

“ Кыргыз туусу” гезитине КР Конститутуциясынын” толук тексти жарыяланды. Ага улай Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева кол койгон “Референдумду жана шайлоону өткөрүүнүн тартиптери” да басылды.

“Кыргыз мамлекети жоголбойт, жок дегендер оңбойт” деген аталыш алдындагы талкууга гезиттин башкы редактору Кыяз Молдокасымов, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, “Кыргыз концептин” башкы деректири Эмил Үмөталиев, “Полис Азия” аналитикалык борборунун эксперти Элмира Ногойбаева, окумуштуу Кадыралы Коңкобаев, дипломат Авазбек Атаханов катышып, өз ойлорун ортого салган.

“Эл сөзү” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Тайгак кечүү” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Автор: “Эки күн мурун Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси Ишенгүл Болжурова “Азаттыкка” интервью берип жатат. Анан кабарчынын: “Бакиев элчиликке келдиби?” деген суроосуна: “Кайсы бети менен келет” деп жатпайбы. Кудая тобо-о, бу адам кечээ эле Бакиевдин багалегине намаз окуп жүрбөдү беле! Ушунчалык да эки жүздүүлүк болобу, ыя? Азыр Болжурованын жолу менен кеткендер толуп кетти”, - деп каңырыгы түтөдү.

Гезит ошону менен бирге эле эксперт Теңир Жээнбектин “Канкордуктан мурун Бакиев өлкөгө чыккынчылык жасаган” деген ат менен макаласын сунуш кылды. Анда Кыргызстандын байлыктары, айрыкча көл жээгиндеги курорттук мекемелердин, пансионаттардын кандайча менчиктелип, кандайча тартылып алынып, кандай жолдор менен көр дүйнөнүн жемине айланганын кепке алган.

“Хан сарайларды курган “ак сөөктөр” гектарлаган жерлерди ээлеп алышса, карапайым калк 4 сотых жерге жетпей келиши калыстыкка жатабы? Демек жер боюнча Кодексти өзгөртүп, ар бир үй-бүлөгө мыйзамдуу 4 сотых жерин калтырып, калганын турак-жайга муктаж адамдарга бөлүштүрүп берүү гана калыстык боло турганын Убактылуу өкмөткө сунуштасак күнөө болбос” деп жазган журналист Эртабылды Аттокуров жер басып алууну токтотуунун бир катар ынанымдуу жолдорун сунуш кылган.

Ушул эле гезит Өзбекстандын бийлиги Кыргызстанга күйүүчү май, курулуш материалдарын, кийим-кече жана башка гуманитардык жардамдарды бергенин кабарлап, Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева өзбек президенти Ислам Каримовго мындай колдоосу үчүн ыраазылык кат жолдогонун билдирген.

Журналист Бөкөнбай Боркеевдин макаласы “Бөрү баласы ит болбойт” деп аталып, анысында Бакиевдин ата-тегин иликтөөгө алган. Эл оозунда айтылып жүргөндөрдү далилге тарткан. Курманбектин азан чакырып койгон аты – Закиржан экенин, Салинин атасы Бахи, анын атасы Малапан те илгери Милянфандан Анжиянга кербендин аткошчусу болуп барып ооруп калып, киши болбойт дегенде кербен башчысы аны Аксыга таштап кеткени, кийин ал оорусунан айыгып, турмуш улап, уулу Сали Закиржан деген эркек балалуу болгону, атасы райондун КГБ башчылыгына чейин жетип Сузакка көчүп келгенин, анан келечеги андан ары жалаң кыргыздар менен болорун билген Сали түп аталары тууралуу документтерди жок кылып, Закиржанды – Курманбек кылып кантип өзгөрткөнү баяндалат. Автор: “айрымдар аны “Курманбек түштүктүн кулуну” деп Закиржандын артынан дарбып жүрөт. “Бөрү баласы ит болбой турганын, канында кытай каны ойноп турган Закиржан - Курманбек эзели кыргызга жакшылык кылбастыгын аңдай турган кез келди” деп жазды.

“Алиби” гезити “Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү” деген ат менен анын кийинки аялынын, балдарынын сүрөтүн 1-бетине басып чыкты.

Гезитке белгилүү саясатчылардын бири Кубатбек Байболовдун уландысы кийинки санга калтырылган “Революциянын максаттары ишке ашпай жатат” деген аталыштагы маеги жарык көрдү. Анда өлкө тургай бир колхозду тейлөөгө жарабаган Бакиев кантип президент болуп калганы, чагымчыл идеологиянын негиздөөчүсү Үсөн Сыдыков, Бакиевдин көр дүйнөдөн башканы ойлонбогон ач көздүгү, калпычылыгы, жөндөмсүздүгү, туруксуздугу, тууганчылдыгы, акыл-эсинин кыскалыгы, болбоду дегенде эле үч-төрт катыны бар моралдык жактан мунжулугу туурасында аңгеме курган.

Петровка окуясында негизсиз камакка алынып, түрмөгө олтуруп чыккан Уран Рыскуловдун маеги “Петровка окуясы атайын күч органдары тарабынан уюштурулган” деген ат менен тартууланды. Бүгүнкү күндө милиция тармагына абдан чоң реформа керектигин кеп кылган Уран мырза бизде 90 депутатка 90 жеңил машина берилерин, андан көрө ошол депутаттардын 90 машинасын милийсаларга алып берип, алардын айлыгын көбөйтүп, колдоого алуу керектигин, милийсада иштегендердин үй-бүлөсүн социалдык жактан камсыз кылуу зарылдыгын, өзү камалып олтурганда милийсалардан бир да жаман сөз укпагандыгын, 7-апрелде болсо Бакиевдер милийсаларга ишенбей “Арстан” деген тобун алып келип, кыргыз элине ок атканын, себеби милийсалар элге кошулуп кетээрин билгенин айтып берген.

“Назар” гезити жаңы санын “Бакиевдин кандуу режиминин кулаганына 20 күн болду” деген ат менен ачып, “7-апрель окуясы” деп аталган рубрика алдында “Токмоктогу жашыруун сырлар” деген макала жарыя кылды.

Аталган гезит “Бакиевге барып келген жаштар” деген сүрөттүү макалага окурмандардын көңүлүн бурган. “Кыргызстандын баатырлары” деп аталган жаңы кыймылдын башчысы Камчыбек Усупбаев кабарчыга өз ойлорун баяндаган.

Кыймылдын бир катар 18 мүчөсү Болот Шерниязовго кошулуп Жалал-Абадга барганына, тилекке каршы Бакиевдерди кармай албаганына, алардын үйүн 100гө жакын ажаан катындар курчап турганына токтолгон. Андан ары сөзүн улап, Бакиевдин урук-тууганын 70ке чыгып калган Темиркул деген аксакал башкарарын, тажаал катындардын ызы-чуусун анын уулу Иляз деген уюштуруп турарын белгилеп, эми мындан ары ошол Бакиевдердин үй-бүлөсү, Данияр Үсөнов, Мурат Суталинов кармалмайынча, УККны жетектеген Кеңешбек Дүйшөбаев кетмейинче аянттан кетпей тургандыктарын айткан.

Заирбек Бактыбаев аттуу автордун макаласы “АКШ Бакиевдин криминал бийлигин колдогонбу?” деп аталып, өткөн жумада АКШдагы бир катар серепчилер Америка Конгрессиндеги атайын талкууда Америка "Манастагы" аба базасын эптеп калтырыш үчүн Кыргызстандагы Курманбек Бакиевдин репрессиялык жана коррупциялык бийлигин колдоп, ошол эле учурда бул өлкөдөгү адам укуктарынын аянычтуу абалына көз жумуп келгендигин белгилегенин, чындыгында эле АКШнын расмий бийлиги акыркы жылдары Кыргызстандагы адам укугунун, сөз эркиндигинин абалына көз жумуп келгендигин кеп кылган.
XS
SM
MD
LG