Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Эми эл алданбайт


Эмнелер жөнүндө жазып жатышат?

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити журналист Елена Агееванын “өкмөткө кат” деген макаласы менен жарык көргөн санын ачып, Убактылуу өкмөт мурдагы президент Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү менен “өзгөчө айырмаланган” аткаминерлерди кармап келүүчүлөр үчүн 20 миңден 100 миңге чейин акча сайганын кабарлап: “бир карасаң баланын оюнундай сезилет, кылмышкерлерди кармай турган атайын органдар жок калгансып... Ал боюнча түзүлгөн комиссия эмне кылып жатат? Биздин эл эки президенттин, тебетейдей алмашкан эчендеген өкмөт башчыларынын кара жанын жеп калп айткандарына эбак тоюп бүткөн эл эле” деп кыйытты.

Беларус президенти Александр Лукашенконун резиденциясы Березинск коругуна жайгашканын маалымдаган басылма “жергиликтүү тургундар бул жерде Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев да жашап турганын кеп кылып жүрүшөт” деп жазды. Олег Тычина аттуу белорус ишкеринин “Эркиндик” радиосуна берген маегине караганда аны милиция кайтарыкка алган, жанында “тез жардам” машинасы да бар. Албетте, “Бакиев дал ушул жерде” деп жүз пайыз кепилдик берүү мүмкүн эмес, бирок ушул жерде жашайт экен деген кептер байма-бай айтылууда” деп айткан.

Аталган басылма буга жанаша жайгаштырган дагы бир кабарында “Курманбек Бакиевдин өлкөдөн качып чыкканына Акаевдин үй-бүлөсү жер-сууга батпай сүйүнүп аткан имиш, бирок редакцияда Айдар Акаевдин Кыргызстанда башка бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алууга “негиз салганын” тастыктаган документтер сакталып турат” деп Акаевдин кызы Бермет Акаевага жана Акаевдерге кулак кагыш кылды.

Рустам Кадыровдун макаласы Бакиевдин аялдары тууралуу баяндайт.

Улугбек Бабакуловдун макаласы “Кара белги” деп аталып, Бакиевдин бийликке келиши менен кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Рыспек Акматбаев күчөп чыкканын, ал тургай Акматбаев жарандык коомго легалдашуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын да талашканын, чындап келгенде Рыспек бакиевдердин тапшырмасы менен анын кудуреттүү деген душмандарынын көзүн тазалап берип, акыры өзү да атылып жок болгонун эске салган. Журналист Бабакулов андан ары кылмыштуу топтордун айланасындагы окуяларды, кылмыш дүйнөсүнүн Рыспектен кийинки аталыгы болуп калган Камчы Көлбаев ж.б. жөнүндө кеп кылды.

Ошону менен бирге эле өткөн дүйшөмбүдө жаза өтөө мекемелеринин 200 кызматкери Бишкектин эски аянтына пикетке чыгып, өз мекемелериндеги жетекчиликтерди алмаштыруу жана алардын иштөө шартына чындап көңүл буруу талабын Убактылуу өкмөткө коюп чыкканын, анткени ал жерлерде адам чыдагыс абал түзүлүп, жетекчилер кылмыш дүйнөсүнүн башчылары менен чырмалышып кеткенин какшап айтышканын билдирди.

Аталган басылма муну менен бирге эле Кыргызстан бүгүн Конституция күнүн белгилей турганын, негизги мыйзам деген оңдолгус, бузулгус болорун, ошондуктан ал негзиги мыйзам деп аталарын, өлкөнүн кезектеги жетекчилиги талкууга коюп аткан Конституция долбооорун элге алып чыгуу менен жаңы бийлик мындан ары мамлекеттик башкаруу түп-тамырынан бери өзгөрөрүн, авториртардык жана үй-бүлөлүк башкарууга таптакыр бөгөт коюларын жар салып жатканын кеп кылды.

“Дело № ...” гезити жаңы санын ”Башаламан кадрдык дайындоолор Убактылуу өкмөттүн эң эле алсыз жери болууда” деп кабарлоо менен чегара аскер кызматынын кадрдык офицери, полковник Кубаныч Сарыбаев менен маекти жарыялады. Маекте кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жектекчилиги да алмаштырылганы, полковник Аскарбек Жапаровдун ордуна коомчулукка анча белгисиз, полковник Курманакун Матенов дайындалганын, мурдагы жетекчилер бул дайындоого макул эместигин билдирип, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен Коргоо министри Исмаил Исаковдун орун басарларынын бирине кайрылышканын, анткени жаңы дайындалган Матенов 99-жылкы Баткен окуясында республиканын аскердик чалгындоосун жетектеп туруп Өзбекстан Ислам Кыймылынын жоочуларына колго түшүп калганын айтып чыгышкан.

Бул тууралуу кенен кепти журналист Вадим Ночевкиндин макаласынан таанышып алууга болот.

“Дело № ...” андан кийинки макалаларында кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган Алексей Ширшов Максим Бакиевге бири – 100 миң доллар турган, бири – 150 миң доллар турган эки жеңил автомашинаны белекке бергенин, Жаныш Бакиев менен Максим Бакиев “Кыргызтелеком” менен Ысык – Көлдүн жэгиндеги пансионаттарды, гектарлаган жерлерди өзүлөрүнө кантип “менчиктештирип” алгандыгын кабарлоо менен айтор Бакиевдерге жана анын акырынан чогуу жем жегендерге 23 кылмыш иши козголгонун белгилеген.

Аталган басылма дагы бир макаласын өлкөнүн түштүгүндө жүрүп аткан ушак-айыңдарга арнады. 17-майда бир нерсе болот экен деген сөздөр ооздон-оозго тарап аткан имиш экенин, түштүк эли дагы бир төңкөрүш жасаш үчүн эч качан Бишкекке жүрүш жасабай тургандыгын, алтургай массалык митингдер өтөт деген сөздөр да суу кечпеген кеп экенин жазды.

Тимур Асановдун Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен интервьюсу талкууга коюлган Башмыйзамдын табиятын ачып берүүгө багытталган.

“Бакиевди хан тактыга олтургузууга даярдап жатышкан” деген аталыш алдындагы эки беттен турган макала сүрөттөрдүн коштоосунда жарыяланды.

Гезит Лукашенко менен Бакиев каяктан жүрүп дос болуп калганына токтолуп, 2009-2010-жылдары Кыргызстан дээрлик кумшекерди Белоруссиядан сатып алып калганын, канттан түшкөн акчага Бакиевдин үй-бүлөсү көзөмөлдүк кылганга өткөнүн, аларды жакын кылган дагы бир жагдай экөө тең тоталитардык режим орнотууга далбас урганы деп белгиледи.
XS
SM
MD
LG