Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Такты ойлогондор калкты ойлобойт


Бүгүнкү гезиттер эмне жөнүндө жазышты?

“Кыргыз руху” гезити: “... академик А. Акаев президент катары тарыхта калганы менен качкын президент деген жаманаттысын жууй албайт, Аскар Акаев учурунда китеп чогултуп коллекциялап жүрсө, Курманбек Бакиев бийлик учурунда кызыл китепке кирген айбанаттарды жана аялдарды коллекциялап жүргөнү ачыкка чыкты” деп жазды.

Ушул эле сандан маданият ишмерлеринин бир тобунун чет өлкөдө жүргөн ишкер Урмат Барктабасовду Мекенине кайтып келүүсүнө жол берүүнү Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевадан өтүнүп кол койгон кайрылуусу, журналисттик иликтөөлөрдү, Башмыйзамдын айланасындагы ой-пикирлерди, "Манас" тууралуу айтылгандарды жана журналист Азизбек Келдибековдун азил кептерин окууга болот.

“Жаңырык апта” гезити мурдагы башкы салыкчы Ахматбек Келдибеков менен чакан маекти тартуулады. Келдибеков азыр абал оор экенин, ошон үчүн ынтымакка келип, Убактылуу өкмөттү четтен туруп алып сындай бербестен, ар кимибиз өлкөбүз үчүн аракет кылалы деп чакырык таштоо менен азыркы күндө өзү үзөнгүлөш достору Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен бирдикте “Ата Журт” партиясын жандандыруу аракетинде жүргөнүн билдирген.

Ушул эле сандан Осмонакун Ибраимовдун “Кыргызга душмандын кереги жок, өзүбүз эле жетебиз” деген аталыштагы маеги менен таанышса болот. Сөзүндө ал өзү сыйлаган Азиза Абдрасулова А. Эркебаев менен К. Дүйшөбаевди “Акаев кланынын мүчөлөрү” деп атаганын, бирок бул экөө тең дайыма өз алдынча жүргөн, өз позициясы бар, эч бир кланга кошулбаган саясатчылар экендигин, бүгүн Убактылуу өкмөт ички саясат менен тышкы саясатты тезинен жөнгө салышы керектигин, Аликбек Жекшенкуловдун сот ишин дароо эле жаап, тышкы иштер министри кылып дайындап, Эркебаевдин да чоң тажрыйбасын пайдаланып, илим менен маданиятт, ички саясатты тейлетсе болмоктугун белгиледи.

Бул санда апрелдеги кандуу окуядан Нарын облусу боюнча 27 жигит, Ат-Башыдан алты азамат курман болгону маалымдалып, аларга Ат-Башыга эстелик орнотуу демилгесин белгилүү ишкер Аскар Салымбеков көтөрүп чыгып, жергиликтүү эл ыраазы болгону кабарланды.

“Замандаш” партиясынын лидери Муктар Өмүракуновдун “Эртерээк укук талаасына кирбесек болбойт” деген ат менен учурдагы саясый кырдаалга баасын берген маеги да жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити “Аталар алып келген Улуу Жеңиш!” деген макала жана Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын согуш ардагерлери, ошондой эле оорук ардагерлерине куттуктоосу менен бүгүнкү санын ачты.

Гезитте “элдин үнү” рубрикасынын алдында окурмандардын каттары, андан кийинки беттеринде Убактылуу өкмөт башчыларынын ырасмий жолугушууларын баяндаган маалыматтар, “Мунапыс” жөнүндөгү Убактылуу өкмөттүн ушул жылдын 26-апрелиндеги № 32- Декретинин толук тексти жарык көрдү.

Гезит “Үй-бүлөлүк режимге кечирим болбойт” же 7-апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасуловага Ачык кат” жарыялап, ага ар кайсыл атуулдардын, коомдук уюмдар менен саясый партиялардын мүчөлөрү кол коюп жөнөткөн.

Кайрылуу ээлери апрель окуясын иликтөөгө алган Азиза менен Төлөйкан өңдүү укук коргоочуларга ишенбей тургандыктарын, айрыкча Азиза айымдын: “Жаныш Бакиев менен сүйлөштүм, ал агасынын көлөкөсүндө жүрүп эч нерсе жасабаптыр, спецназдын балдары жаңы эле терроризмге каршы даярдыктан өтүп жаткан сары ооз балапандар экен” дегени ачыктан-ачык Бакиевдерди коргоого алганы, 86 кырчындай жишгиттердин шейит кеткенине шек келтиргени деп каңырык түтөтүшкөн.

“Агым”
гезити “Кыргызстанды Россиянын курамына кошуу демилгеси көтөрүлдү. Буга кандай карайсыз?” деген суроо менен айрым атуулдарга суроо салып, төмөнкүдөй жоопторду алды.

Коомдук ишмер Амангелди Муралиев: - Эркиндикти, бейпилдикти сүйгөн кыргызстандыктар буга жол бербейт.

Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков: - Кыргыз элинин эркиндигин чектегенге эч кимдин акысы жок. Бул күндөр да өтөт. Келечекте өнүп-өскөн өлкө болорубузга көзүм жетет.

Мурдагы депутат Мурат Жураев:
- Кыргызстан Россиянын таасири астында мамлекет болушу зарыл. Кремль сунуштаган инсан президенттикке шайланышы керек. Антпесе Бакиевге окшогон адам бийликке келип алып, ой-келди саясат жүргүзө берет.

Мурдагы министр Султан Раев: - Жеке эле мен эмес, жалпы элди өлкө келечегине доо кетирчү чакырыктарга каршы турууга үндөйм.

Журналист Нурдин Исаков:
- Россия курамына кириш керек деп тымызын үгүт жүргүзүп жаткандардын тилеги жүзөгө ашпайт.

Жазуучу Турусбек Мадылбай уулу: - Таптакыр каршымын. Өткөн кылымда орустарга 70 жыл кул болгонубуз жетишет.

Банкир Улан Сарбанов:
- Биз көз карандысыз мамлекетпиз. Эгемендиктен ажырап, бирөөнүн көзүн караган жашоону кыргыз эли каалабайт.

Басылмада Башмыйзамды, Убактылуу өкмөттү, токойдун чоңуна айланган айтылуу саясатчы Топчубек Тургуналиевди сынга алган макалалар, Улуу Жеңиш күнүнө арналган даректүү баяндарды жана башка маалыматтар бар.

“Форум” гезити “Улутман” идеологиялык борборунун жетекчиси Жыргалбек Касаболотовдун “Башмыйзамдын башы, таразанын ташы” аттуу макаласын сунуштады. Автор: “Элге тартуулаган Башмыйзам долбоорунда чыныгы улутчулдарды түйшөлткөн, мамлекеттин келечегине балта чаба турган, чындап келсе тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгына кызмат кыла турган жерлери кашкайып көрүнүп турат. Биз ал жагдайларды мамлекеттин тагдырына түздөн-түз стратегиялык зыян келтире турган нерсе катары баалайбыз” деп, андай кооптуу жагдайлар кайра эле кыргыз тилинин жанында орус тилинин “расмий статусу” менен калышын, өлкөнү келечекте демографиялык коркунучка кептей турган “кош жарандуулуктун” кирип кеткенин, Жердин жана стратегиялык мекемелердин жеке менчикке берилбестигин камсыз кыла турган жобонун жоктугун жана башка жүйөлүү деген маселелерди козгоп, элдин элегине салган.

“Алиби” гезит мурдагы “акжолчу” депутат Кубанычбек Исабековдун “Бакиев менен жакшы болсом, Акрамовго берген баатырдыкты мага деле бермек” деген ат менен чакан маегине орун берди.

Кабарчы: - Бакиевди балаңызга өкүл ата койгонуңуздун себеби эмнеде?

К. Исабеков: - Ал чын. Уул-келинимдин эки өкүл атасы бар. Бири – Бакиев, бири – Азим Исабеков. Президентти өкүл ата кылууну балдар өзүлөрү каалашкан. Ага менин тиешем жок.

Журналист Зайырбек Бактыбаев макаласын “Убактылуу өкмөттү Ислам халифаты алмаштырабы?” деп атап, Кыргызстандын дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевдин азыркы жасап жаткан аракеттерин сынга алган.
XS
SM
MD
LG