Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Бакиевдердин маянасын кимдер алууда?


Бүгүн орус тилдүү эки гезит жарык көрдү.

“Дело №....” гезитинин бүгүнкү санына кесипкөй чекист, Бакиевдин командасынан 2007-жылы кеткен Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Алик Орозов “актуалдуу маек” деген рубриканын алдында маек курду. Айрым жерлеринен үзүндү бере кетели.

Кабарчы: - Үсөн Сыдыков ким үчүн иштеп атат деп ойлойсуз? Бакиевгеби же башкагабы?

Алик Орозов: -Ал өзү гана үчүн иштеген адам. Бакиевди бийликке алып келип, аны куурчак кылып турган ушул. Бүгүн Сыдыков менин оюмча бүтүндөй Кыргызстанды дүрбөлөң түшүрүп, сырттан өзү башкарып тургусу келген фигура. Маевкадагы окуяны да так ушул Сыдыков жасаган деп ойлойм. Бул адам 2005-жылы Бакиев администрациясын жетектеп туруп, түштүктөн 10 миң киши алып келип “жерди ала бергиле” деп буйрук берген. Ишенбесеңер күч органдарынан сурап алсаңар болот. Ошондо жер баскынчыларга милийса каршылык кылганда, баскынчылардын башчылары “милийса тоскоолдук кылып жатат” деп түз эле Сыдыковго телефон чалып, ал болсо милийсаларды “бул деген президенттин көрсөтмөсү” деп тыйып турган. Сыдыковдун кишилери Маевкадагы үйлөрдү да алдын ала чалгындап чыккандан кийин анын буйругу менен өрттөгөн деп ойлойм.

Кабарчы:-
90-жылдагы Түштүк окуясына Үсөн Сыдыковдун катышы бар деп ойлойсузбу?

Алик Орозов: - Мен анда КГБнын төрагасы генерал Асанкуловдун жардамчысы болгондуктан өлкөдөгү окуялардын, документтердин баары менин колумдан өтчү. Түштүктүктөр, өзгөчө өзбек туугандар ошол трагедиянын башкы күнөөкөрү Үсөн Сыдыков дешкен. Алтургай президент Ислам Каримов Оштогу ошол кандуу окуянын отун жаккан Үсөн Сыдыков деп эсептээрин уккамын.

Кабарчы: - Бишкектеги жер басып алуучулуктун баарынын артында Үсөн Сыдыков турат деп ойлойсузбу?

Алик Орозов:
- Албетте баарынын артында эмес. Алардын арасында акчага жалдангандар да бар. Мен башка бир нерсени айтайын. Бишкектин түштүк жагында өзгөчө коргоого алынган “водозабор” бар. Анын айланасына турак-жай салууга катуу тыюу салынган. Бирок Максим Бакиев тыюу салганга түкүрүп койбостон ал жерди ээлигине басып туруп, кап курсактар үчүн 66 особняк курдурду. Ар биринин баасы эле миллион доллар турат.

Кабарчы: - Акыры Үсөн Сыдыковду кармашты. А калгандарын эмне үчүн кармай албай атышат?

Алик Орозов:
- Ооба, Үсөн Сыдыковдун кармалышы Улуттук Коопсуздук кызматынын алгачкы ийгилиги. “Азамат!” дегенден башка сөз жок.

Кабарчы: -Жаныш Бакиев кайда деп ойлойсуз?

Алик Орозов: - Мендеги маалыматтар боюнча ал азыр Тажикстандын Тоолуу-Бадакшан облусунда. Аны наркобарондор алып кеткен.

Кабарчы:- Бакиевдер наркомафиялар менен да тамырлашып кеткенби?

Алик Орозов
:- Орусия тарап муну илгертен эле билген. Мамдуманын депутат Багдасаров 9-апрелдеги сөзүндө Орусияга жеткен маң заттардын 70 пайызы Кыргызстан аркылуу келип түшөрүн, ага тоскоолдук кылуунун ордуна Бакиев мамлекеттеги наркомафияга каршы күрөшүүчү агенттикти жоюп ийгенин бекеринен айткан жок да.

Чекист Алик Орозов андан ары Улуттук Коопсуздук кызматында дагы эле Бакиевден айлык алып, Бакиевдер үчүн иштеп аткан даражалуу кызматтагы адамдар бар экенин жокко чыгарбастыгын, азырынча алардын аттарын атабай турарын, Жаныш Бакиев наркожолдорго көзөмөлдүк кылып келгенин, андыктан дал ошол жолдорду буумайын өлкөдө тынчтык оңой менен орной койбостугун, ошону менен бирге эле Убактылуу өкмөт кадр маселесине келгенде катуу жаңылыштыктарды жасап атканын кошумчалаган.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити бүгүнкү санын “Ак жол” партиясына жана буга чейинки парламенттеги “акжолчуларга” арналган журналист Елена Агееванын “А где моя большая ЛОЖКА?” деген макаласы менен ачты.

Сергей Кривошаповдун макаласы “Кичинекей согуштун хроникасы же жалалабаддыктар аянттагы майданды башынан кантип өткөрдү?” деп аталып, бакиевчилердин кылган кылыктарын, окуя кандай башталып, кантип аяктаганын чагылдырган.

“МК Кыргызстандын”
ушул эле санына Өмүрбек Суваналиевдин “Убактылуу өкмөт Бакиевдердин бирин да кармай албайт” деген интервьюсу жарык көрдү.

Кабарчы: - Кеңешбек Дүйшөбаев башында турган чекисттердин ишин кандай баалайт элеңиз?

Өмүрбек Суваналиев: - Атайын кызматтын милдети душмандардын жасай турган иштерин алдын ала билүү жана аны алдын ала болтурбай коюу болуп саналат. Ошондуктан түштүктө болуп өткөн окуяны мисалга тартсак болот. Тополоң салгандарды тезинен аныктап, аларды камакка алуу керек эле. Башкы козголоңчу Үсөн Сыдыков, тилекке каршы, кан төгүлүп кеткенден кийин кармалып олтурат. Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү каршы тараптын күчү канчалык экенин жана кандай болорун жетишерлик деңгээлде биле алган эмес деген жыйынтыкка келсе болот.
XS
SM
MD
LG