Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Ишеним


Жума күнкү гезиттер эмнелерди жазды?

Бүгүн кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү кинорежиссер жана көрүнүктүү коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси Токтогул атындагы Улуттук филармонияда башталып, эртең Ош шаарында, бүрсүгүнү Жалал-Абад шаарында уланат.

“Кыргыз руху” гезити “Түлеевдин котур ташы” деген макаласында Түлеев Курманбек Бакиевге кантип жети атадан барып кошуларын иликтөөгө алган.

Укук коргоочу Качкын Булатов Бакиев бийлигинин кысымына чыдоого мүмкүн болбой калганда Мекенин таштап кеткенин, чет жерден деле чекеси жылыбай, тарткан азап-тозогун, ошонун айынан ооорукчан болуп калганын сандан санга жарыяланып келаткан маегинде баяндап берген.

Ушул эле гезит “Убактылуу өкмөт эл ишенимин актайт деп ишенесизби?” деп айрым атуулдарга суроо салып, төмөнкүдөй жоопторду алды.

Коомдук ишмер А. Эркебаев: - Булар үй-бүлөлүк бийликтин түзүлүшүнө жол бербей, мыйзамга баш ийген эркин жашоону жаратса эл ишенимин актаганы ошол.

Саясат таануучу М. Казакбаев:- Албетте актай алат. Болгону буларга убакыт беришибиз керек. Атамбаев “Эми биз чогуу иштейбиз, коррупцияга жол бербейбиз” деп айткан, мен Атамбаевге ишенем.

Укук коргоочу Т. Үмөталиева: - Эми референдумду өткөрүүгө камына башташты. Канча деген каражат талаага чачылууда. Ушул кезге чейин укуктук талаага кирүүгө аракет жасашпады. Мына өткөөл мезгилдин президенти деп шайлап коюшту.

“Агым”
гезитинин башкы редактору А. Сакыбаева: - Эл алдындагы эбегейсиз жоопкерчиликти түшүнүп, ошону көтөрүп кете алышса эл ишенимин албетте актайт.

“Алиби” гезити эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Бакиевдердин хунтасы” деген макаласын сунуш кылды.

Ушул эле гезит качып кеткен президенттердин экинчиси К. Бакиевдин чет элдик маалымат каражаттарынын бирине берген көлөмдүү маегин кыргызча тартуулады. Кабарчынын “Эми эмне кыласыз? Белоруссияда жашооңузду уланта бересизби?”дегенине К. Бакиев “Бул жерде жөн эле жашабай, Белорус президентине, белорус элине пайдамды тийгизгенге аракет кылам. Мен жөн эле кол куушуруп, калган өмүрүмдү бекерге өткөрбөйм…” деп жооп берген.

Баласы Максим жөнүндө суроого К. Бакиев, Максим бизнесмен катары биттин ичегисине кан куйган адам экенин, ал өз баласын кызматка коюу менен эч бир жаңылбаганын, Максимди койгону бир да доллар бирөөлөр тарабынан уурдалбай, бир да доллар бирөөлөр тарабынан кымтып алынбай, анын гана көзөмөлүндө болсун дегенин, кокус жооп берүүгө туура келсе, Максим башка соттордо эмес, эл аралык соттун алдында жооп бериши керектигин кошумчалаган.

“Кыргыз туусу” гезитине Ысык-Көлдүк ардагерлердин “Эл бузар Үсөн Сыдыков жоопкерчиликке тартылсын!” деген, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун “Добушуңарды уурдатпагыла?” деген каттары жарык көрдү.

Караколдук Э. Барыктабасов жазган катында: “Адам эсиргенде, байлыкка, мансапка көпкөндө бирди көрөт деген чын экен. Өткөн бийликтин тушунда, Каракол шаарында эл менен жолугушуу болуп, мурдагы мүлк министри Т. Турдумамбетов келди. “Жерди бүт саттыңар, эми эмнени сатасыңар?” деген бир адамдын суроосуна туруп келип: “Эми сени сатабыз!” деген эле. Ошондо эл жерге түкүргөн. Ушундан улам суроо туулат. Т. Турдумамбетов эмне үчүн жоопко тартылган жок?” дейт.

Гезитте ырасмий маалыматтардан тышкары Атамбаев, Сариев, Бекназаров, Юстиция министринин милдетин аткаруучу Аида Салянованын, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Сеиркул Косаковдун маектери, баяндамалары бар.

“Агым” гезити белгилүү коомдук ишмер, академик, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаевге кайрылып, учурдагы саясый абал тууралуу баарлашуусун окурмандарга сунуш кылды.

Гезит “Мамлекеттештирүү натыйжасында инвесторлор өлкөгө келүүдөн баш тартпас бекен?” деген кабатырлануу менен белгилүү экономист Айылчы Сарыбаевга суроо салды эле, ал Улутташтыруунун инвестиция тармагына тиешеси азыраак экенин, стратегиялык объекттилер гана элдин менчигине өтүп, ал эми документи жайындагылар, мыйзам бузбаган фирмалар мурдагыдай эле иштей берерин белгилеген. Айылчы Сарыбаев: “Улутташтыруунун зыянынан пайдасы көп. Маселен жыл башында эски бийлик ири энергоишканаларды жеке менчикке сата баштаганын билесиздер. Менчик ээлери ошондо баа саясатын каалагандай калчоого өткөн. Эми жаңы бийлик келген күндөн тартып эле энергокомпанияларды менчиктештирүү процессин токтотту. Электр тарифтерин мурунку баасына түшүрдү. Мындан карапайым калк гана утту. Эң башкысы өлкөнүн чоң ишканаларга көзөмөлдүк кылышы экономиканын ирденишине өбөлгө түзөт” деп билдирди.

“Агым” андан ары буга чейинки болуп өткөн ар кандай окуяларга, түркүн көз караштагы ой-пикирлерге кеңири орун берген.

“Форум” гезити жаңы санын журналист Баратбай Аракеевдин “Бүттү, “балыктар башынан сасыбайт” дегенбиз…” деген макаласы менен баштады. Автор Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ыйкы-тыйкыларына кенен токтолуу менен: ”Эгер ушул азыр мамлекет башында Отунбаева эмес, эркектердин бири болгондо, ал жаатташкан жактардын бирине жан тарта кошулуп алып, накта “чоң казат” башталмак. Отунбаеванын отурганына тобо дейли! Азыр чыр-чатактын эч кандай кереги жок. Өкмөттөгү чыр бакиевчилерге аба менен суудай керек, ойлонуп багыңыз, Атамбаев, Бекназаров, Сариев да кыргыздын мен деген жигиттеринен. Булар бийликке эле умтулуп келген дегендей карандай ой туулбасын. Бакиевдин элге каршы багыштаган бийлигин кулатуу үчүн, элдин эркиндиги үчүн күрөшүп келишти” деп жазып, аларды ыйык ынтымакты бузбоого чакырган.

Ишкер Таалай Эсеналиевдин маегинин аты “500 миң адам жумуш орду менен камсыз болмок” деп аталып, ал Кыргызстандагы абалды турукташтыруу үчүн тез арада ири экономикалык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жолун сунуштаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борборунун башчысы Мухаметалим Турсунбаев маегин “7-апрелде жарым тонна кан төгүлдү” деп атаган. Турсунбаев мырза 8-апрелде ага тааныш хирург менен сүйлөшкөнүн, ал дүйнөнүн эң коогалаңдуу бурчу катары эсептелген Ооганстанда да мындай кыска убакыттын ичинде октон жаракат алып, ушунча көп кан төгүлгөнүн, болгондо да өз жарандарына гарант болгон президент өзү кан төккөн мындай окуяны өмүрү көрбөгөнүн айтса, Турсунбаев 7-апрелде болжол менен жарым тоннадан кем эмес кан төгүлгөнүн жаңылышпай айтарын кошумчалаган.
XS
SM
MD
LG