Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:43

Бакиевдин күндөлүгү


Бүгүн орус тилдүү эки гезит жарык көрдү.

“Кылмыш кодексинин адам өлтүрүүгө катышкандыгы боюнча статьясы менен күнөөлөнүп, мурдагы президенттин иниси Санжар Бакиев камакка алынды”.

“Убактылуу өкмөт парламенттик шайлоону 2- же 12-сентябрга дайындоону ойлонуп жатат” деп “Интерфакс” маалымат агенттиги билдирди”.

“Экс-президент Минскиде кандай жашап жатат?”

“Исламга аябай катуу сокку урулду” деп эсептейт эксперт Кадыр Маликов”.

“Түштүктөгү калабаны кимдер уюштурган? Өлкөнүн атайын кызматы 4 күч тууралуу айтууда”.

“Ахмат Бакиевдин күндөлүгү”.

Бүгүнкү “Дело №...” гезити мына ушундай аталыштар менен жарык көрдү.

Адегенде Ахматтын күндөлүгүнөн үзүндү окуй кетели:

“... Марат менен Максимде тууган-туушкандык деген сезимден кенедей эч нерсе жок. Экөө тең ачык эле бизге каршы иштерди жасап, таптакыр башка кишилерди колдоп, ошолорго мыкты-мыкты тамдарды алып барып келатышат, аттарын айтпай эле коеюн. Бүтүндөй бажыкана, салык, финполиция менен фискалдык органдарга Марат көзөмөлдүк кылганына эл нааразы экенин ал билбейби? Акаев менен элдин ортосундагы ажырым 10-12 жылдан кийин башталса, биздин (бакиевдердин) эл менен ажырымыбыз 2 жарым жылдан кийин эле башталды. Биз бир туугандар айына 1 же 2 жолудан жолугушуп туралы дебедик беле? Кана ошол жолугушуу?

МЧСке (М. Садыркуловго) пара берип, канчалар кызматка орношуп жатканын Марат менен Максим билишпейт бекен? Эң сонун билишет. Эл болсо айтып жатат, Максим МЧСтен алган акчаны К.Сга (Курманбек Салиевич) алып барып берип жатат деп...

Эмне үчүн мындай сөздөрдү УКК-Марат текшерип көрбөйт? Эл шефти (Курманбек Бакиев), Максимди, Ширшовду, Балкыбековду каргап жатат, сууну сатып ийип, акча жасап жатат деп. Эмне үчүн шеф аларды жаpалабайт? Анткени алардын арасында Максим бар.

Максим, сен эгер 2010-жылдагы шайлоого аябай ишенип турсаң анда терең жаңылышасың. Кокус кыргыздардын көбү биздин (бакиевдердин) арабыздагы ажырымды жана бири-бирибиз менен каршы экенибизди билип калса шайлоого барбай коет, акчаң да, акылдуу сөзүң да эч нерсеге арзыбай калат” деп жазылган.

УКК төргасынын милдетин аткаруучу К. Дүйшөбаевдин айтуусуна таянсак, өткөндө Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кыргызстандын түштүгүндөгү окуянын автору сырттан киргизилген үчүнчү күч болгон деп айтканы бар. Демек Өзбекстандын атайын кызматтары Борбор Азия аймагындагы, алтургай дүйнөдөгү эң күчтүү кызматтардын бири болгондуктан Ислам Каримовго толугу менен кошулууга болот” деп эсептейт К. Дүйшөбаев.

Генералдын сөзү боюнча, 1-күч түштүктөгү калабанын уюштуруучулары жана ага буйуртма берген Бакиевдер болушкан. 2-күч ошол эле Бакиевдердин тапшырмасын аткарган “Талибан”, “Ал-Каида” уюму менен байланыштагы “Ислам жихадинин союзу” болгон, 3-күч - наркобарондор, 4-күч - радикалдык өзбек лидерлери.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити журналист Елена Агееванын “Бийликти декретизациялоо” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, Убактылуу бийликти сынга алды.

Гезит андан ары Курманбек Бакиевдин Белоруссиянын токоюндагы жашоосунан кабар берген. Этти сагынган Бакиев мергенчиликке чыгып, жапайы чочко атып жегиси келгенин, бирок токой кайтаргандар бул жерде чочко атууга тыюу салынганын, кимде ким чочко атып өлтүрсө беларус акчасы менен 1 млн. айып пул төлөйт деп айтышканын, Курманбек Бакиев болсо ал сумма ал үчүн анча деле көп акча эместигин, атса атып, төлөсө төлөп койгонго кудурети жетерин белгилегенин, эртеси балык кармап, балык сорпо ичкенин маалымдап, жакшы тамактан кийин уулу Максим менен биргелешип: “Мамлекетти үй-бүлөлүк ишканага кантип айландыруу керектиги тууралуу баалуу кеңештер” деген китеп жазууну пландаштырып жатыптыр” деп какшыктады.

Журналист Улукбек Бабакуловдун “Саясый сойкулук” деп аталган макаласы Боршайкомдун мурдагы төрайымы, “Биз прогресс үчүн” деп аталган партиянын башчысы Клара Кабилованын саясаттагы “ишмердигин” сынга алган.

Макаланын автору аягында Кабилованын Убактылуу өкмөттүн декреттери, түштүк окуялары, референдум, кадр маселеси тууралуу айткандары суу кечпеген кеп экенин, чыныгы абалды билип-билбей туруп эле сүйлөй бергенин баяндап келип: “Мен Убактылуу өкмөттү коргоого алайын деген ниетим жок, өкмөттү азыр каалагандай сындасаң болот. Бирок аны принцип деген ыйык нерсесинен кылайган эчтекеси жок жана саткын саясатчылар сындаганда мындайларды “саясат сойкулары” деп атагандан башка сөз таппайсың” деп чекит койгон.

Журналист Сергей Кривашаповдун макаласы “Өзбекстандын ислам кыймылы”, “Ислам жихадынын союзу” деп аталган террордук уюмдардын Кыргызстан менен Өзбекстандын, Тажикстан менен Казакстандын Конституциялык түзүлүштөрүн кулатуу жолу менен аталган аймакка “Халифат” мамлекетин куруу максатын кантип көздөп жаткандыгын талдоого алган.

Гезиттин дагы бир макаласы “Байланыш операторлорунун жакшы иштегендигине байланыштуу өлкөнүн түштүгү маалымат блокадасында калган жок” деп аталат.

“Жер титирегенин эч ким билбей калды” деген кабарында “Дело №...” гезити ушул жылдын 10-июнунда Ош дубанынын айрым райондорунда күчү 6 баллдык жер титирөө катталганын, алайдын Сары-Таш айылында силкинүү күчү 5 баллга жетсе, Алайкуунун Кызыл-Жарында күчү 5-6 баллага жеткенин, Ош менен Жалал-Абадда 3-4 балл болгонун, баарынан таң калыштуусу дал ушул күнү эртең менен жер титиреп, кечкисин үйлөр өрттөнүп, адамдар өлтүрүлө баштаганын адамдардын эсине салган.

Гезиттин бул санынан ошондой эле “Альфа - антитеррор” коомдук бирикмесинин президенти Артур Медетбековдун маегин окууга болот. Ал өзүнүн “Альфа” тобунун ардагерлери менен 13-июндан 21-июнга чейин Ошто болгон.
XS
SM
MD
LG