Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Кош, Ала-Тоо, кыргыз кетти шайлоого!


Гезиттер эмнелерди жазышты?

“Айат пресс” гезити чөнтөгү калың байбачалардын аты-жөнүн тизмелеп, айтор бир да кыргыз калбай шайлоого аттанганы калганын, Жалал-Абаддагы курал жашыргандарды колго түшүрүүдө ИИМ министринин орунбасары Мелис Турганбаевдин эмгеги ат көтөргүс болуп атканын, Курманбек Бакиев элди атып бүтүп, эми чочко атканга өткөнүн, Коңгантиевдин кан кудасы, “акжолчу” депутат Арапбай Төлөнов Бакиев бийлигин катуу сагынып калганбы, Бишкектин борборундагы Жалал-Абад чайканасында шектүү адамдар менен жолугушуп жүргөнүн көргөндөр кабарлаганын, “Де-факто” гезити жакында жарыкка чыга баштайт экен деген кеп тараганын, айрымдар гезитти баягыдай эле бийликке оппозиция болот экен дешсе, айрымдар Чолпон Орозобекова убагында Роза Отунбаеванын үйүнөн чай иче калып жүрчү эле, эми президент айымды эле колдоп чыгат болуш керек деп кеп кылып жатышканын кабарлады.

Ушул эле басылма “Ата Журт” партиясынын штаб башчысы Садыр Жапаровдун “Ачык айтып, ак сүйлөгөндү үйрөнсөк” деген ат менен маек курса, дагы бир партия - “Мекен-Туу” партиясынын жетекчиси Урмат Барктабасовдун маеги - “Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес” деп аталды.

Кабарчы Урмат мырзага:

-Эртеңки күнүбүздү кандай элестетесиз?-деп суроо салды эле:

- Казакстан, Украина, Россия, Араб өлкөлөрүнө таасири бар адам гана маселенин бардыгын чечет, кыргыз эли ушуга баа бериши керек. Калп сүйлөп, карганып, калп ант берип, элдин жүрөгүн сууткандан өткөн кордук жок. Бул Убактылуу өкмөт алыска узай албайт,-деди.

-“Мекен-Туу” партияңызда канча мүчө бар?

- 500 миңге жакын, бирок биз азыркы кабыл алынган Конституция боюнча парламенттик шайлоого барбайбыз.


- Анда маселе кандай болуп калат?


- 93-жылкы Конституцияны алып келебиз. Убактылуу өкмөт азыр мыйзамсыз иштерди жасап жатат. Мунусу үчүн эртең баары жооп беришет.

- Үчүнчү революция болушу мүмкүнбү?

-Болушу мүмкүн.

“Пресс kg” гезити Бакыт Сакыбаевдин“Д. Медведов Кыргызстандагы парламенттик башкарууга эмне үчүн каршы?” деген макаласы менен жаңы санын ачты.

Ушул эле санга маек курган генерал Ашырбек Бакаев парламенттик башкаруу системасын жактаарын, референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен кабыл алынган Башмыйзам эми долбоор эмес, элдин жалпы колдоосуна ээ болгон жаңы Конституция болгонун, муну эгемендикти алган 20 жылдан берки тарыхыбыздагы жаңы ачылыштарды ачкан Башмыйзам деп эсептээрин билдирген.

Аталган басылма андан ары “Жылдыз Жолдошева “Пресс kg” гезитин коркутканга өттү” деген редакциялык макала жарыялады.

“Учур” гезитине жарыяланган баяндамасында саясый сесрепчи Сабыр Муканбетов “... алдыдагы шайлоого аттанууга бел байлап жаткан “Акыйкат”, “Ар-Намыс”, Ата Журт”, “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекен-Туу” партиялары өз талапкерлерин таап, 5 пайыздык тосмодон өтүп кетеринде шек жок” деп жазуу менен болуп өткөн референдум бийликти легитимдештирүү маселесине эбегейсиз салым кошконун, мында Кыргыз Республикасынын Башмыйзамы кабыл алынганын, Роза Отунбаева Кыргызстандын президенти болуп шайланганын, эми ал премьер-министрдин да милдетин аткарарын, ошентип түз жана кыйыр маанисинде Убактылуу өкмөттүн соодасы бүтүп баратканын белгилеген.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун маеги “Ата Мекен" бийликке келсе да, менчиктештирүүдөн кача албайт” деп аталды. Алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча ойлорун ортого салган Равшан мырза, мурдагыларга салыштырмалуу гана таза болбосо, бул шайлоо деле аябай таза өтөт деп айткандан алыстыгын, мында деле одоно бурмалоолорго жол берилбеген күндө дагы добуштарды сатып алуу болорун, эгер таза шайлоо өткөрө алышпаса, мурдагы эле чекке кайтып келишерин жана кайрадан революция болуп, баарын кайрадан баштоого туура келерин кулак кагыш кылган.

Жээнбековдун жеке көз карашында “Ата Мекен” партиясы шайлоодо 30-40 пайыздын тегерегинде добуш алышы мүмкүн.

Гезит ушуну менен бирге эле “Ак шумкар” партиясы экс-министрлер Бакирдин Субанбеков менен Эднан Карабаевге ишенип турганын, “акжолчу” Кабай Карабеков кайрадан журналисттик кесибине кайтып келгенин кабарлады.

“Ош окуясында ок жегендер” деп аталган макалада ушу күндөрү ооруканада дарыланып жаткан айрым жарандардын айтып бергендери басылган.

“Пансионат маселесин козгоо кажетсиз”. Ушундай ат менен гезит кабарчысынын суроолоруна мурдагы депутат Султан Урманаев жооп берди. Көлдөгү 4 пансионатты улутташтыруу маселеси жөнүндөгү суроого ал, Казакстан бул пансионаттарды эгемендик алган жылдары эле сураганын, бирок маселе Бакиев-Кулов тандеми бийликке келгенден кийин казактардын пайдасына чечилгенин, бул үчүн Кулов атайын Тараз шарына барып, казак премьер-министри менен кол алышканын, бирок азыр пансионат маселесин козгоонун зарылдыгы да жоктугун, ортодо түзүлгөн, ратификацияланган келишимдер барын, экинчиден ушундай кырдаалда жөндөн-жөн эле кыргыз-казак мамилесин бузуунун пайдасы жоктугун эскерткен.

Анткени бир тууган элбиз. КМШ, Европа өлкөлөрүнө Казакстан аркылуу каттайбыз. Жанар май, газ, көмүр алабыз. Кыргыздын канчалаган кыз-жигиттери Казакстанда иштеп акча табууда. Мына ушулардын баарын Н. Назарбаев жакшы билет. Ошол себептүү “ынтымакты ыдыратпайлы” деп жатат. Ал эми Каркыра маселесин сүйлөшүү, дипломатиялык жол менен гана чечиш керек.

-Урмат Баркстабасовдун келиши менен көлдүк саясатчылар бириге баштады деп уктук, сиз да алардын катарындасызбы?

- Бириге баштады дегенге кошулбайм. Саясатта достук болбойт, тек гана саясатчылардын тактикалык кызыкчылыктары болот. Мен алар менен чогуу эмесмин.

“Учур” булардан сырткары “кайсы партияга добуш бересиң?” деген тема алдында 17 партиянын тараза ташын тартып көргөн. Алдыңкы орунга – “Ата Мекен”, СДПК, “Акыйкат”, “Замандаш”, “Ак шумкар”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекен-Туу”, “Ата Журт” партиялары бар.

Ал эми Мирослав Ниязовдун “Эл арманы”, Үсөн Сыдыковдун “Жаңы Кыргызстаны” жана дагы ушул өңдүү партияларга окурмандар “нөл” деген баа койгон.
XS
SM
MD
LG