Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Эл эми талап кыла баштайт


Гезиттер эмнелерди жазышты?

“Кыргыз руху” гезити журналист Айзада Абазованын “Үчүнчү бороонду болтурбай кое алабызбы?” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Автор бүгүн Роза Отунбаева бир эле убакта үч тизгинди колуна алган легитимдүү бийлик ээси же Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу президенти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын жок парламентинин мыйзамдуу спикери болуп калганын, мындай чексиз бийлик дүйнөнүн бир да мамлекетинде жоктугун, анткен менен анын мөөнөтү бир жарым жылга гана созулуп, 10-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин улам бир кызмат ордун өткөрүп берип олтурарын сөз кылды.

“Убактылуу Өкмөт 2 жолу кандуу жеңишке жетишти.
1-жеңиш: 7-апрелде балдардын каны төгүлүп, Убактылуу Өкмөт бийликке келди.

2-жеңиш: Түштүктө элдин каны төгүлүп, натыйжада эл стабилдүүлүккө суусап, Убактылуу Өкмөттүн жаңы Конституциясын көпчүлүк добуш менен колдоп берди.

Эми алдыда чоң шайлоо турат.

1-Парламенттик шайлоо.

2- Президенттик шайлоо.

Эми үчүнү өнөктүк “жаман айтпай жакшы жок” деген кеп бар, жаман айтууга аргасызбыз. Анткени мындай чоң саясый өнөктүктө “эч нерсе болбойт, баары жакшы болот” деп жайылып жата бергенге акыбыз жок. Күч органдары эми эки эсе эмес, беш эсе даярдыкта турушу керек. Азыртан эле 3 чоң күч белгилүү болуп калды. 1-артында Бакиевдер болушу мүмкүн деген күч.

Булар: “Ата Журт”, “Эл арманы”, “ Бүтүн Кыргызстан” өңдүү партиялар.

2-артында Убактылуу Өкмөт турган партиялар. Булар: “Ата Мекен”, КСДП, “Ак шумкар”.

3-Жаңы күч. Булар: “Акыйкат”, “Мекен Туу”, “Республика”, “Айкөл эл”, “Замандаш”, “Туран” ж.б. партиялар.

Бирок Роза айым бир нерсеге бекем болушу керек, аны бийликке төрт киши эмес, балдардын каны, элдин тилеги алып келди. Мамлекетте акылдуулар төртөө эле эмес, миңдеп саналат. Ошондуктан бийликке эптеп эле жетүүнү эңсегендер эмес, мамлекет деп, эл-жер деп күйгөн жаш азаматтарды, колунан иш келген профессионалдарды, даанышман карыларды ишке тартуу керек” деп жазды.

“Кыргыз туусу”
гезити Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаеванын дарегине чет өлкөлөрдөн келип түшүп жаткан куттуктоолорду жана ырасмий жолугушууларды маалымдаган материалдарга орун берген.

Ушул эле санда Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Азимбек Бекназаровдун “Улутташтыруу – менчикти сактоо” деген ат менен маеги жарык көрдү.

Ибрагим Жусуев аттуу автордун макаласында “Мегаком” компаниясынын учурдагы ишмердиги тууралуу баяндалат.

“Кыргызга кут түштү, кармап калгыла!” деген макалада мындан туура 2 күн мурда Соң-Көл жайлоосунда өткөн улуттук жөрөлгөнүн башкы чакырыгы ушундай болгонун, ага манасчылар, акындар, журналисттер катышканын, кыргызга түшкөн кутка 9 айым күбө болгонун, ошол тогуздун бири Башат апа:

-Кут жөнүндөгү аян 21-июндан 22-июнга оогон түнү саат 2де, Бишкектен алыс эмес, Миң-Булак деген мазарга түшкөнүн, “бул кут дүйнөдөгү 9 млн. кыргызга келди, кабыл алгыла!-деп айтылганын айтып берген.

“Форум”
гезити алгач журналист Баратбай Аракеевдин “Жаңы заман күндөлүгүнөн” деген макаласын тартуулады. Автор референдумдун ийгиликтүү өткөнүн кеп кылып келип: “Дале болсо коррупциялык жол менен, трайбализм жолу менен кызматка коюуну улантып жатышат. Карапайым калктын кыжырын кайнаткан дагы бир айбанчылык, азыркы бийлик башында тургандардын айрымдары, анын жан-жөкөрлөрү илгеркидей эле кызматка коердо тутам-тутам долларларды кызылдай санап жатат деген сөз тарап турат.

Эл желмогуздун ордуна желмогуз келсин деп Бакиевди кулаткан эмес. Эл байлыгына кол салгандардын тамыры кыркылсын, эл байлыгы элге кызмат кылсын деп Бакиевдерди айдап чыккан. А силер, кээ бир өкмөт мүчөлөрү, даяр бийликке келе калып, мурунку бийликтин коррупциясын улантмайды таштагыла! Эки киши билгенди эшек да, төө да билет. Билбейт деп пара алган айбанчылыкка барбагыла!” деп кайрылды.

Гезиттеги Жаркын Акматовдун “ХХ1 кылымдын партиясы” деген макаласында саясатчы Өмүрбек Бабанов түзгөн “Республика” партиясы жагдайында кеп козгойт.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун уландысы кийинки санга калтырылган макаласы “Түштүк синдромунун сабактары” деп аталып: “Бүтүндөй дүйнөнү таң калтырган түштүктөгү капсалаңдуу кан төгүүлөргө эми легитимдүүлүгүн алган жаңы бийлик реалдуу саясый баасын бере турган учур келди. Бейкүнөө жабыр тарттыргандардын чыныгы күнөөкөрлөрүн улутуна, байлыгына карабастан жазага тартууга тийиш. Ансыз алдыдагы парламенттик шайлоодо Убактылуу Өкмөт курамына киргендердин партияларынын бедели бир кыйла түшүп калышы мүмкүн” деп белгиледи.

Белгилүү акын, драматург Меңди Мамазаированын Ош калабасынын тополоң-тосун баяндаган макаласы жарык көрдү. Меңди айым: “От менен өрттө калган шаар, андагы нечендеген тагдырлар, ата-энесинен ажыраган наристелер, наристелеринен ажыраган энелер, урмат менен көмүлбөгөн кары-картаңдардын убалы кимге? Бийлик шахматтын ташындай орун алмаштырып, адамдардын тагдырын колго кармап алып чакмак кылып ойноодо. Мындай укукту аларга ким берди? Ушунча күндөн берки болуп аткан апаатты, тозокту, күйгүзгөн күндүн ысыгына балдарынын сөөктөрүн убагында көмө албай шордомойду кайсыл кыргыз эне, кайсыл өзбек эне каалады эле? Басылмалар күндө айтып, какшап жазып жаткандай, эбак эле Кадыржан Батыров уюштурган ырайымсыз топтун кыйраткыч машинасы айлана баштаганын алар билишет беле?” деп кабыргасы кайышып, каңырыгы түтөдү.

Дагы бир айым, өнөржай тармагынын ишмери Алтынай Сулайманова “Ооруп турат Ата Журт” деген макаласында Ош окуясынын чыгышына алып келген 4 себепке токтолгон.

Кезинде Ош облусттук мамлекеттик автоинспекцияда иштеген Бекиш Биялиевдин макаласы окурмандарга “Үч достун тарыхы жана тагдыры...” деген ат менен тартууланып, Көк-Жаңгак шаарына 86-жылдары кожоюн болуп турган Закиржан же Курманбек Бакиев, милийсанын майору Шергозу Мирзакаримов, прокурору Чубак Абышкаев үчөөнүн достугу, Бакиевдин бийликке келе электеги жана келгенден кийинки жоруктары жөнүндө баяндалат.
XS
SM
MD
LG