Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

“Биз жаңы доорго кадам таштайбыз”


Бүгүнкү гезиттер эмне дешет?

“Кыргыз туусу” гезити “Биз жаңы доорго кадам таштайбыз” деген баштеманын алдында Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаеванын кызматка кирүү салтанатындагы сүйлөгөн сөзүн жана ант берүү аземинин өтүшүн баяндаган макаланы жарыялады.

“Кыргызстан өнөктөш мамлекеттерден колдоо табууда” деп аталган сүрөттүү баянда президент Отунбаеванын 5-июль күнү Казакстандын борбору Астанада өткөн Евразия экономикалык кызматташтык биримдигинин 10 жылдыгына катышканы, президенттер Назарбаев, Рахмон, Медведов, Саркисян жана Түрк президенти Абдулла Гүл менен жолукканы чагылдырылган.

“Кыргызстан жөнүндө эмне деп жатышат?” деген аталыш алдында жарык көргөн чакан макалалар чет өлкөлүк абройлуу маалымат каражаттарынан которулуп басылган. Алар америкалык “Нью Йорк Таймс” гезитинен алынган “Кыргызстандагы жаңжалга өзбектерди күнөөлөөдө”, “Немис толкуну” гезитинен алынган “Казакстандан Ысык-Көлгө келүүчүлөр неге аз?” деген жана Тажик журналисти Тилав Расул заденин калемине таандык “Жаш муун жакшы тарбияланбай калды” деген макалалар болуп саналат.

Бүгүнкү “Көк асаба” гезитиндеги “Улуу жүрүш” деген рубрика алдындагы маек “Кыргыздын кырк жигити тандалууда. Жакында өкмөттүн токтому чыкса Алтайдан Ала-Тоого 40 жигит жүрүш жасайт” деп аталып, аны уюштуруучулардын бири, жазуучу Асыкбек Оморов окурмандарга Алтай-Ала-Тоо жүрүшүнүн максатын толугу менен кеп кылып берген.

“Соң Көлдөгү “Манас кут” аземи” деген макала аркылуу кыргыздын керемет жайлоосуна барып, андагы Манастын таш тулгасына сыйынып, Уркаш Мамбеталиев баш болгон бир катар манасчылар Назаркул Сейдракманов, Талантбек Бакчиевдин “Манас” айткандарын акын Гүлжамила Шакирова баяндаган. Сиздер ушуга улай эле “Манас Эл” кыймылынын төрагасы Асан Жакшылыковдун, “Замандаш” партиясынын төрагасы Муктар Өмүракуновдун, “Манас Ата” этникалык кыргыздарды колдоо фондунун төрагасы Акылбек Атабаевдин, Республиканын эмгек сиңирген артисти Тынара Абдразаеванын ой-пикирлерине күбө болосуздар.

Мындан тышкары гезиттен Нарын облустук туризм бирикмесинин президенти Майраш Асылбекованын “Табиятыбызды көрүп алып суктанганынан ыйлаган туристтер бар” деген маегин, “Саймалуу таш” сүрөт галереясынын деректири Жумагул Ташиевдин өнөрү жөнүндө айткандарын, Мураталы Күрөңкеевдин 150, Атай Огомбаевдин 110 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык “Тогуз кайрык” телесынагынын жобосу жана башка кызыктуу материалдар менен таанышууга болот.

“Форум”
гезити журналист Эртабылды Аттокуровдун “Коогалаң алдын ала даярдалганбы?” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Макалада: “Эки элдин ортосуна от жаккан Кадыржан Батыровго, экс-депутаттардын ичинен туугандарынын үйүнөн курал-жарак чыккан Иномжон Абдирасулов менен “Ошкрастекст” ишканасынын кеңсесинен курал табылган Жалалиддин Салахутдиновго, этникалык азчылыкты башкарган кыргыз элинин Ассамблеясында түштүк “синдрому” боюнча күнөөнү кыргыздарга койгон Алишер Сабировго неге кылмыш иши козголбой, боштондукта жүрүшөт? Элибизде качан “Мен Кыргызмын!” деген улуттук сыймык орнойт? Эмне үчүн Германияда жашаган 4 млн. түрктөр, АКШда жашаган 200 млн. кытайлар автономия бергиле деп талап кылбайт? Эмне үчүн биздин жерде өзбектер бирде автономия түзүп бер деп, бирде өзбек тилине расмий статус бер деп талап кылышат?

Албетте алардын Кыргызстандан кетпеген себеби да бар. Өзбекстандын чегине качкандарды Ислам Каримов эч качан кабыл албайт, анткени алардын биздин жерде ээн ооз сүйлөгөнгө көнүп алганын жакшы билет. Ал жакта биздегидей өз билгенин жасай албайт. Бизде болсо алар мыйзамдын үстүнөн тебелеп жүрүшөт. Демек азыркы бийлик эң алгач кыргыз элин бөөдө жаманатты болуудан коргоого тийиш экендигин унутпашы керек” деп жазылган.

“Форум” андан аркы кабарларында “Ата Журт” партиясы менен көз ымдашып жүргөн Элмира Ибраимова эки күн мурда кызматтан кетерин шардана кылды” деп, “Бермет Акаева Таластагы таякелерине барса: “аман-сооңдо жолуңа түш, сенден башка деле кыздарыбыз жетишет” деп кубалап чыгыптыр” деп, “акыркы жылдары кыргыздарга кыянаттык жасап, кытайдын дарысынан кымыз жасагандар арбыды, ал тургай ошол химиялык кымыздын айынан өткөн жылы бир мекендешебиз мерт болгон, ушуга байланыштуу быйылкы жылы жол боюнда кымыз саткандарды Топчубек Тургуналиев жетектеген Жаратылышты коргоо боюнча Мамлекеттик агенттиги катуу көзөмөлгө алып жатат” деп маалымдады.

Параписихолог Мелис Карыбековдун сандан санга жарыяланып келаткан “Кара дуба” деп аталган макаласынын “Арбактардын партиясы”, “Акаев-Бакиев- Казино”, “Лилия гүлү” деген бөлүктөрү окурмандарга тартууланды.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын президенттик кызматка киришүү алдында сүйлөгөн сөзүн “Форум” гезити да басып чыкты.

Президент Отунбаева ал сөзүндө: “Биздин саясат-элдин социалдык мүдөөсүнө багыт алган саясат болушу керек. Ал үчүн элдик бийлик элге иштеши зарыл! “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген көөнөргүс ылакап менин президенттик урааным болуп калат. Мен эртең эле асмандан айды алып берем, бүрсүгүнү майкөл-сүткөл кылам деп, орундалбай турган убадаларды бербейм” деп айткан.

Ушул эле санда Ысык-Көл губернаторунун милдетин аткаруучу Мирбек Асанакуновдун интервьюсу, жазуучу Асыкбек Оморовдун “Манастан келген аянды ишке ашыралы” деген маеги, Закиржан же Курманбек Бакиевдин жана анын досторунун жоруктары, милициялык наркомафия, Суталиновдун кантип генерал болгонун баяндаган Бекиш Биялиевдин макаласынын корутунду бөлүгү да бар.
XS
SM
MD
LG